НАРИСТЕЛЕРДИН БОЮ КЕЧИГИП ӨСҮҮДӨ...

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж

  • ЭНЕРГЕТИКА жана өнөр жай министрлиги электр энергиясы боюнча жаңы тариф сунуштап чыкты. 1-июлдан тартып үч фазалуу абоненттер үчүн тарифти 1 сом 20 тыйынга, 2015-жылдын 1-апрелинен баштап калган бардык керектөөчүлөр үчүн тарифти 20 пайызга көтөрүү каралууда.
  • Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында баалуу таштардын 118 кени катталган.
  • 2013-жылдагы статистикалык маалыматка караганда, Кыргызстанда эркектерден аялдардын саны 63 МИҢГЕ көбүрөөк.
  • «2690 киши ПЕРСОНАЛДЫК ПЕНСИЯ алат, аларга жыл сайын бюджеттен 3 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт»,- деди вице-премьер Эльвира Сариева.
  • Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, 31 мамлекеттик ЖОЖдун ичинен 26сына жыл сайын 5 миң 705 БЮДЖЕТТИК ОРУН бөлүнүп берилет. Өлкөдө баш-аягы 32 миңге чукул студент гранттык негизде билим алат.
  • «Кыргызстан Бажы союзунун шарттарына адаптация болушу үчүн Казакстандын 177 миллион доллар бөлүп берүүсү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат»,- деди экономика министри Темир Сариев.
  • Медициналык-демографиялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, 5 жашка чейинки балдардын ар бир бешинчисинин БОЮ КЕЧ ӨСҮП ЖАТКАНЫ байкалган. Мындай көрүнүш эң көп Ош облусунда катталган.
  • Өкмөт «5» деген баалар менен мектепти аяктаган БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ жалпы республикалык тестирлөөнүн предметтик сынагына 150 балл кошуп берген норманы жойду. Мындан ары 20 балл гана кошулмай болду.
  • Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин айтымында, өлкөдө 600 миллиард метр кубдук МӨҢГҮ БАР. Нарын дарыясынын 7 пайызын мөңгүдөн эрип түшкөн суу түзөт.
  • «16-июндан тартып «КАРА-СУУ» базарында иштеп келген Мамлекеттик салык кызматынын 10 кызматкери милдетин аткаруудан четтетилди»,- деп тиешелүү ведомствонун төрагасы Замирбек Осмонов билдирди.
  • Өлкөдө 2014-жылдын башына карата 100 ЖАШКА ЧЫККАН жана андан улуулардын саны 280 кишиден ашкан. Узак өмүр сүргөндөрдүн 75 пайызын аялдар түзөт.
  • Бишкектин экс-мэри ИСА ӨМҮРКУЛОВГО карата козголгон кылмыш иштери боюнча өкүм 25-июнда чыгарыларын Октябрь райондук сотунун судьясы Жамиля Сабитова айтты.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
24.06.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектерден аялдар 63 миге коп болсо калган аялдар кантет экен
27.06.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aza.kg007, Калган айымдар саунада иштеп жатышпайбы
26.06.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bawka olkoluktorgo tiyip jatywsa karwy bolup ele, jaman aityp ele basyp kalyw4ugo bizdin erkekter, tuura ele eken anda , tiyse bawka olkoluktorgo!!!
26.06.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкмөт «5» деген баалар менен мектепти аяктаган БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ жалпы республикалык тестирлөөнүн предметтик сынагына 150 балл кошуп берген норманы жойду. Мындан ары 20 балл гана кошулмай болду. Tuura ele kylywyptyr, bawtaryn dagy jakwy iwtetkenge uironuwot!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо