«ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН ЖУГУУЧУ ООРУДАН МАНЖАЛАР КЫЙШАЯБЫ?»

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж

– Элден жыныстык жактан жугуучу оорудан дарыланбаса, колдун манжалары кыйшайып кетет экен дегенди уктум. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Ислам, 36 жашта,
Жалал-Абад

– Жыныстык жактан жугуучу уреаплазмоз, микоплазмоз, хламидиоз, гарднереллёз деген ооруларды убагында дарылабаса, анда аталган оорулардын оору козгогучтары канга өтөт. Анан кол манжалардын муундарындагы кемирчектерди жабыркатат. Оору козгогучтардын түрүнө жараша же урогендик артрит (артрит – бул муундардын сезгениши) же ревматоиддүү артрит келип чыгышы мүмкүн. Экөөндө тең акырындап кол манжалары кыйшая баштайт.
Мындан тышкары көздүн көрүүсү начарлап, бөйрөк оорулары жаралат. Аялдарда бойдон түшүп калуу, баланын өлүк төрөлүшү, ара төрөө, ал эми эркектерде жыныстык жактан алсыздык, тукумсуздук, заара чыгуучу каналдын ичкериши күтүлөт. Андыктан жогоруда аталган ооруларды тоготпой жүрө бербөө керек. Жубайлардын экөө тең текшерилип, бир убакта дарылануулары зарыл. Болбосо дарыланбаганынан улам оору кайра жуга берет.

Cуроого Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын ревматологу КАНЫМБҮБҮ АБДРАЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
26.06.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toboo, suroo uzatkan adam 36 jawta eken, uwul jawka 4eyin korgonunu bibeisizbi? Orusanyz erte darylanyp, andan kiyin prezervativ koldonunuz ar daiym!!!
27.06.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lolo, Ислам аке союздун балдарынан ошол учун эчнерседен кабары жок беймарал, а сен lolo бул замандын баласысын баарысын билесин жаш кезинен эле!
27.06.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ сиздерден сураныч черепной давления менен гонорея(эркектердин оорусу) жонундо.кантип дарылаш керек маалымат берип.коюнуздарчы
29.06.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
остеохондрозго эмне кылып даарыланса болот мааламат берип койунуздарчы алдынала рахмат
13.08.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыныстык мучодон коп ак суюктук келсе, эмне кылуу керек?
13.08.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул учурда кантип дарыланса болот? Ушул себептен торобой калышымда мумкунбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо