№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
– Менин ангинам бар, бат-баттан кармайт. Эгер аны дарылабаса, кызыл жүгүрүккө өтүп кетеби?
Земфира, 31 жашта, Токмок
– Ангина – жугуштуу оору. Ооруну А тобундагы стрептококк бактериялары козгойт. Бактериялар оорулуудан соо адамга колдонгон буюму, өбүшүү аркылуу жугат. Мисалы, оорулуунун сүлгүсү, тиш щёткасы, оюнчугу, идиши аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан идиштер жалпы колдонулуучу бала бакчадан, казармадан ооруну жугузуу коркунучу чоң (чала жуулган идиштерден).
Ангина өтүшүп кетсе, оору козгогучтар жүрөктү, кол-буттун муундарын жабыркатып, сезгендирет да, кызыл жүгүрүк жаралат. Кызыл жүгүрүктө жүрөктүн согушу бузулуп, бат-бат согот. Адам энтигип шалдырайт, тердейт, муундары оорутат. Андыктан кызыл жүгүрүккө жеткирбей, ангинаны дарылатып туруу сунушталат. Кокус врачтар миндалинаны (тамак бези) операция жолу менен алдырып салууга кеңеш берсе, анда алдыруу кажет.
Cуроого Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын ревматологу КАНЫМБҮБҮ АБДРАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп: http://www.super.kg/article/?article=466
"АНГИНА – ЖУГУШТУУ ООРУ" макаласын окуп көрсөңүз.