2013-жылы 7517 адам соттолгон, анын ичинен 2982си ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛГАН.
- «Жаштардын укук коргоочу тобунун» докладына ылайык, өлкөдө жыл сайын 23,5 миң бала ОКУУСУН ТАШТАЙТ.
- БИШКЕК-ЫСЫК-КӨЛ трассасын туристтик сезондо күн сайын Жол көзөмөлдөө кызматынын 12дей посту кайтарып турат.
- Кыргызстанда 16 миңден ашуун КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС уюмдар бар.
- Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жасоодо АЛЮКОБОНД колдонууга тыюу салмакчы. Анткени бул курулуш материалы менен капталган Казакстандын имараттарында өрт чыккан учурлар көп катталууда.
- 2012-жыл боюнча жүргүзүлгөн медициналык-демографиялык изилдөөгө ылайык, өлкө ичинде ИЧКИЧ эркектердин саны эң көп Чүй облусунда, эң аз Баткен облусунда катталган.
- Тосулган СТРАТЕГИЯЛЫК ЖОЛ 24 сааттан кийин ачылбаса, аны буугандарга карата кылмыш ишин козгоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште сунушталып жатат.
- Өлкөнүн КӨМҮР ЗАПАСЫ 24,4 миллиард тоннаны түзөт, жалпы жонунан 40тан ашуун көмүр кени бар.
- Жогорку Кеңештин депутаты Эльмира Иманалиеванын айтымында, жыл сайын Кыргызстанга Түркия 100, Кытай 200, Орусиянын МГИМО институту окуу боюнча 15ке чейин ГРАНТТЫК ОРУНДАРДЫ бөлүп берет.

- Нурлан Сулайманкулов Бишкек шаарынын ПРОКУРОРУ болуп дайындалды.
- «Ата Мекен» фракциясынын лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ мамлекеттин 5 пайыздык үлүшү бар ишканаларды стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүүнү сунуштап жатат.
- БОРШАЙКОМ 2005-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта каза болгон адамдарды добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарууну баштады.
- Ош облусуна келген Кытай аткаминерлеринин делегациясы ГИЛАС, КООН, АНАРДЫ коңшу өлкөгө ташууга кызыкдар экенин айтышты.
- Республикалык наркология борборунун каттоосунда 10 705 киши турат, анын ичинен 10 592си баңгизатын колдонуучулар болсо, 113ү ТОКСИКОМАНДАР.
- Жогорку Соттун төрайымы ФЕРУЗА ЖАМАШЕВАНЫН айтымында, соттук системде эмгектенгендердин 70 пайызынын 5 жылдан жогору иш тажрыйбасы жок.

Эльвира Караева
politika@super.kg