БИР БҮРКҮМ

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж

  • Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында тургандардын бири ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН кызы Ленина Абдрахмановага 70 миң сомдук материалдык жардам көрсөттү.
  • Бишкектин экс-мэри ИСА ӨМҮРКУЛОВ боюнча сот иши судья Жамиля Сабитованын ооруп калгандыгына байланыштуу 23-июлга жылдырылды.
  • Өлкөдө көл сезонуна карата ТУРИСТТЕРДИ кабыл алуу үчүн чек арада 7 өткөрүү пункту күнү-түнү иштеп жатат. Анын алтоосу Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көлдө жайгашкан.
  • Куралдуу күчтөр башкы штабынын өкүлү Руслан Абдрахмановдун айтымында, июнь-июль айларында чукул аскердик кызмат өтөөгө 3 миңден ашуун киши чакырылды, анын ичинде экс-депутат КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН уулу Таймурас Ташиев да бар.
  • Нарын шаарынын мэри БААТЫРБЕК ЖЭЭНАЛИЕВ кызматынан өз каалоосу менен кетти. Буга чейин Жээналиевге шаардык кеңештин 12 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн эле.
  • Өлкөнүн түштүк аймагында жаратылыш газы жоктугуна байланыштуу “ОШ ЭЛЕКТР” ишканасы электр энергияны керектөө лимитин
    48,6 миллион киловатт-саатка жогорулатты.
  • АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ боюнча сот отуруму депутаттын ден соолугуна байланыштуу белгиленген 15-июлдан 22-июлга жылдырылды.
  • Нарын облусундагы “СОЛТОН-САРЫ” алтын кени каражаттын тартыштыгынан улам 2 айга ишин токтотту. Кенде 170ке жакын жумушчу иштейт.
  • Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү ЖУМУШСУЗДУКТУН эң жогорку деңгээли Баткен облусунда, эң төмөнкү деңгээли Таласта белгиленди.
  • Бишкек мэриясы шаарда 1500дөй КУУРАП КАЛГАН бак-дарак бар экенин жана алардын жакын арада кыйыларын кабарлады.
  • “Жыл сайын кыргызстандык жарандарга 1 миңге жакын бала багып алууга берилет. 1-июлга карата АСЫРАП АЛУУ боюнча тизмеде 200дөй ата-эне бар”,- деди Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Марина Жапаркулова.
  • "КУДАЙБЕРГЕН" базарынын ээси Эльвира Сурабалдиевадан 300 миң сом пара талап кылып, алгандыгы үчүн колго түшүрүлгөн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяров үй камагына чыгарылды.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо