АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ, “БИР БОЛ” ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРИ: “АПАМ САЯСАТКА АРАЛАШКАНЫМА ӨКҮНӨТ”

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж

“Эне сага кандай мактоо жарашат,
Эне сенден ким сыймыкты талашат?
Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,
Бардык мактоо сага гана жарашат” демекчи, энелерди канчалык мактасак да, алар тууралуу эмне десек да баары жетишсиз. Рубрикабыздын коногу “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланып келген, учурда “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов апасы тууралуу маек куруп берди.

“АТАНЫН ДА, АПАНЫН ДА МИЛДЕТИН АТКАРЫП ЧОҢОЙТТУ”
– Апам Паиз 1952-жылы Ноокат районунда туулган. 19 жашында атама турмушка чыгыптыр. 8 жыл өтүп, экөө 4 балалуу болгон кезинде атам бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Мен ал кезде 7 жашка толуп, ата-энемдин ортосундагы мамилени түшүнүп калган болчумун. Экөө дайыма сый мамиледе, бири-бирин урматтап турушчу. Апам өзүнүн аялзатына тиешелүү милдетин аткаруу менен дайыма атамды угуп, анын айтканын кылчу. Атамдын көзү өтүп кетсе да, апам бизди эч нерседен кем кылбай, атанын да, апанын да милдетин аткарып чоңойтту.
Өз кесиби эсепчи болгону менен бул кесибинде бир аз гана убакыт иштеп, турмуш шартка байланыштуу кийин улантып кеткен жок. Райондук кеңештин 3 жолку депутаты болгонго жетишип, колхоздун бардык иштерине активдүү катышар эле, ошол эле маалда үй-бүлөгө да убакыт бөлгөнгө жетишчү. Тазалыкка өзгөчө көңүл бурчу. Бизди дайыма таза кармап, көчөдө ойноп жүрүп, боз топурак, ылай болуп келип калсак, кийимибизди өзүбүзгө жуудурган учурлар болгон. Апамдын мындай мүнөзүнөн улам биз бала кезибизден эле тазалыкка көнүптүрбүз.

“МҮНӨЗҮБҮЗ ОКШОШ, ЭМОЦИЯГА ТЕЗ АЛДЫРАБЫЗ”
– “Апа” деген сөз айтылганда эле апамдын бизди катуу кармаганын эсиме түшүрөм. Бүгүнкү күндө деле андан башка кишиден коркпойм, апамдан гана сестенип турам. Ини-карындаштарым апама жакын, ага сырларын да айтышат. Мен болсо анчалык ачык сүйлөшө албайм. Экөөбүздүн мүнөзүбүз, айрыкча эмоцияга тез алдырган жагыбыз окшош. Кайра тез жазылып кетмейибиз да бар. Апам ошол эле маалда жүзүнөн нуру чачырап, шайыр да жүрө алат.

“МАГА БИЛГИЗБЕЙ КӨЗҮНӨ ЖАШ АЛГАН”
– 8-классты аяктаган кезимде менин жаш курагымдагы балдарга уруксат берилбесе да, чоң кишилерге кошулуп, колхоздун чөбүн жыйнашып, биринчи айлык акымды алгам. Каникулда иштеп, 70 сомдой алган акчамды сүйүнгөн бойдон апама көтөрүп келгем. Ал акчага бир туугандарым менен жаңы окуу жылына даярданып, кийим-кече алганбыз. Мага билгизбегени менен апам көзүнө жаш алып, “акча тапканга жарап, чоңоюп калыптырсың, балам” деп кубанганы эсимде. Апама берген алгачкы белегим ушул болду. Азыр да туулган күн, 8-Март майрамдарында баалуу белектерди берип, аны кубантып турганга аракет кылам. Гүлдү жакшы көрөт, андыктан гүл бергенди унутпайм.
Апамдын бизди жалгыз тарбиялап эрезеге жеткиргени баа жеткис эрдик. Жаш кезимде ага чет өлкөнү көргөзөм деп тилек кылчумун. Апам менен Израилге, Дубайга, Түркияга барып жер көрүп келдик.

“САЯСАТКА БАРБАШЫҢ КЕРЕК ЭЛЕ” ДЕП КАЛАТ”
– Апам бизди ак эмгеги менен иштеп багып чоңойтту. Бала кезибизден эле кулагыбызга “таза иштегиле, ак эмгектенгиле” деп куюп, ал кептерин азыр да көп кайталайт. Саясатка аралашарымда алдын ала ага айтып, батасын алгам. Бул чөйрөдө өйдө-төмөн окуялар көп болуп турат эмеспи. Башында кеңешин айтып колдогон эле. Мындай жагдайларды мен депутат болгондон кийин гана түшүнүп, кайра өкүнүп, “саясатка барбашың керек эле, эми этият бол” деп калат. Азыр кызыгып, кимдин ким экенин сурап, саясий жаңылыктарды калтырбай угуп турганга аракет кылат.

“ҮЙДӨН КАЧЫП, АПАМДЫН АЧУУСУ ТАРАГАНДА КЕЛЧҮМҮН”
– Мектепте окуп жүргөндө сабактарымды дайыма көзөмөлдөп турчу. Кээде начар баа алып калган күндөрү апамдан коркуп, бааларды оңдоп, анан ал билинип калган учурлар болгон. Андайда ого бетер жүрөгүм түшүп, таята-таенемдин же туугандардын үйүнө качып кетчүмүн да, үйгө апамдын ачуусу тараганда келчүмүн. Өзгөчө тентектигимдин айынан апамдан далай уруш уктум.

“МАГА ЖАККАН КЫЗДЫ АЛАСЫҢ” ДЕГЕН ЭМЕС”
– Апам эски адамдарга окшобой, баарын өз эркибизге койчу. “Кесибиңди өзүң тандайсың, кайсы багыттын адамы болууну каалап, кандай чөйрөгө кызыксаң да, өзүң каалагандай болсун” дечү. Үйлөнөрүмдө да айрым апалардай болуп, “жубайыңды мен тандап берем, мага жаккан кызды аласың” деген жок. Көпчүлүк уулдар келечек жубайын апасына окшоштуруп издешет, бирок менин апам менен келинчегимдин окшош жактары жок. Апам элден өзгөчө, эч кимге окшошпогон, ага эч ким тең келбеген жан. Анын өзгөчө жан экенин сөз менен да айтып жеткире албайм.
Баса, апам тандыр нанды ушунчалык даамдуу кылып жабат. Биз бала кезде кандай нан жаап берип жүрсө, азыр да ошондой даамдуу нанды айылга барган сайын жаап берет. Биз эле эмес, айылыбыз бүтүндөй апамдын нанын тамшанып жейбиз. Апамдын нанын жеш үчүн айына бир жолу айылга барып учурашып турам. Өзү да балдарынын үйүн кыдырып, неберелерине нанын көтөрүп бат-баттан келип турат.

3 жаштагы Алтынбек апасы жана бир туугандары менен.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
21.07.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызыктуу маек куруп бериптир. Шанколдун сыймыгы болуп журо берин!
21.07.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
биз шанколдуктар эле эмес бут кыргыз эли сыймыктанатго бар болун, БИР БОЛУН!!!
24.07.2014. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islan_85, ушул байкенер шаңколдун жолун оңдоп койбоду да!
21.07.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы адамдар ар бири оз озунчо партия ачканы кыжалат кылып атат,озу мекенибиз кичине. Ошолор биригип 1-2 партия кылып алса жакшы болот эле. Алтын ака ушул сунушту,ойлонуп корунчу.
21.07.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
depu, мен ушуну айтайын дедим эле!
21.07.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
апаныз эле эмес, коп адамдар окунот )))))))))))))
22.07.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тымызын патриоттук иштерди кылып жургон брат ушул болот иштеринизге ийгилик
22.07.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагында Нариман Тюлеевдин командасында иштеп кыргызстанда болгон темирдин баарын, ар кандай схемалар менен, жең ичинен сатып бутту го бул шер. Ошондон Нариман экөө байыган. "Челюсть" деген каймана ат менен элге белгилүү.

22.07.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тааныбайт экем. Апасы айткандай ак эмгектениш керек. Азыр Кыргызстанда ырчысы деле, бизнесмени деле,спортсмени деле саясатка аралашып алган. Койчусунан баштап ойчулуна чейин лидер болгусу келишет.
22.07.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соңку жылдарда ушундайлар көбөйүп кетти, шайлоодо "Республиканын" добуштары менен депутат болуп алып анан кайра бул партиянын, тиги партиянын мүчөсүмүн, же башчысымын дегендер. Бакыт Төрөбаев да ушундай кылып жүрөт. Чынчыл саясатчы болсоңор, башка партияга өткөндүгүңөргө байланыштуу депутаттыктан кетишиңер керек. Анан өз партияңар менен кийинки шайлоодо шайлан
22.07.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик. ак-чабыга да келип турун
23.07.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
artur007 - эскертүү!
Далили жок, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
24.07.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтынбек мырза анан ак эмгек кылып жатасызбы же ким кормок эле деп анча мынча сол чонтоко ыргытып жатасызбы?
26.07.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Тайырбек Сарпашев жана бир туугандары Тазабек Сарпашев,Эмир Сарпашев,алардын балдары жонундо жазыныздарчы коптон-коп сураныч??
26.07.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mononoke, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
06.08.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынбек аке биз сизди сыйлайбыз. Ишинизге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо