КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ:«ЖАКЕ, БИЗДЕН, ЭЛИҢДЕН КЕТСЕ КЕЧИР...»

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

Жаныбек Алыкулов 3 ай мурун "Супер-Инфо" гезитине түпкүргө катылган көп сырларын айтып, күлүп-жайнап маек курду эле. Акыркы учурда ооруп жүргөнүн сураганыбызда «жаш өткөндөн кийин жаш кездеги буркан-шаркандын бардыгы өчүн алат экен» деп жооп берген болчу. Көрсө, куудул агабызды ичинен оорусу жеп жүргөн тура. Кыргыздын жан дүйнөсүн күлкү менен тойгузган шорпобуз төгүлүп, залкар талант 20-июль күнү 54 жашында каза тапты. Куудул 1960-жылы Аксы районунун Жаңы-Жол айылында төрөлүп, кийин Токтогулда жашап калган. Маркумдун артында маданиятка кошкон эмгеги менен бирге 4 уул, 2 кызы калды.

– Илгери Токтогул өрөөнүндө Бекназар деген пародист болгон экен. Ал 40тан ашык жаныбарлардын үнүн туурап, адамдардын мимикасына чейин өзүндөй кайталачу дешет. Мына ошондой тарыхта аты калган залкарлардын жолун улап, Жаныбек пародия жанрын кайра жаратып, жол салып кетти. Менин оюмча, Жаныбек бийликке таарынып кеткендей болду. Анткени элине татыктуу эмгек өтөсө да, өкмөт тарабынан бир дагы наам берилген жок. Орден албаса дагы элдин жүрөгүндө түбөлүккө калат деген терең ишеничтемин. Менин өкүнгөнүм, Жаныбек балдарынын, неберелеринин үзүрүн көрөрдө, алардын жакшылыктарына күбө болордо өтүп кетти.
Досумдун бир өзгөчөлүгү, ичинде ит өлүп жатса да, анысын сыртка билгизчү эмес. Мага 10 күн мурун чалып, ал жай сурап, «сенин жолуңду жолдоп эгиз неберелүү болдум» деп кубанычын бөлүшкөн. Аттиң, кубанычы көпкө созулган жок... Жаке, жаткан жериң жайлуу болсун. Бизден, элиңден кеткен болсо кечир...

Келдибек Ниязов, устаты:
– Качан экени азыр эсимде жок, атактуу куудул Асанкул Шаршенов экөөбүз турсак, сахналаштардын бирөөсү "силерди филармониянын сахнасында Токтогулдан келген кара тоголок бала туурап жатат" деди. Залга чыгып карап отурсак, экөөбүздү көрүп тык токтоп калды. Бизди жашоодо көрбөй эле, сыналгыдан көрүп туурачу экен. Чала-була туурап чыгып кетти. Биз анын артынан барсак, качып ылдый түшүп кетиптир. Филармониянын ичин жакшы билбейт да, астынан тосуп чыксак токтоп калды. Асанкул байке кебетесин бузуп, «Эй, сен кайдан чыккан машаяксың?! Эми сен мени туурап калдыңбы?!» десе калтырап-титиреп «ата, бул деген пародия, пародия» деп тайсалдап калды. «Пародия деген эмне?» десе, ал «бирөөнү туурайт» деп тим эле коёндой алаңдайт. Анан биз жазылып, чекесинен өөп, батабызды бердик.
Пародия деген жанр кыргыздарда илгери Куйручук, Асанкул Шаршеновдордун маалында болгон. Аны бүгүнкү күндө биринчилерден болуп жанданткан деп Жаныбекти айтыш керек.

Манас Алыкулов, уулу:
– Атам эл көзүндө кандай шайыр, ак көңүл киши болсо, үйдө да ошондой болчу. Ооруп жатса дагы бизге такыр билгизчү эмес. Кабагым-кашым дебей балдарына тарбиясын берип, элине күлкү тартуулоодон тажабайт эле. Алты баласынын ичинен чыгармачылыгын улаганыма сыймыктанып, мага кеңештерин көп айтчу. Акыркы кезде мени көп эркелетип да калган. Жакында бир тойду алып барып жатканда эл алдында секирип бийлеп, үнүн бийик чыгарып, элди күлкүгө бөлөгөн. Көрсө, ал атамдын акыркы жолу тойду алып барышы экен. Атам кант диабети менен ооруп, инсулин алып турчу. Канында канттын деңгээли көтөрүлүп, бөйрөгү да тынчын алып, жүрөгү кошумча болуп... Иши кылып үйгө келсе да башкача болуп жүрдү.
Мен өзүн жоготуп койгонун угуп үйгө келсем, "Тез жардам" алып кетип жатыптыр, сүйлөшө албай койдум. Жандандыруучу бөлүмдө жатып, 20-июль күнү түнкү саат бирде ооруканада жан берди. Атам биздин, кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет.

Жаныбек Алыкуловдун сөөгү 21-июлда Ала-Тоо конушундагы мүрзөгө коюлду.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


Кыргыз эли куудул Жаныбек Алыкуловдон айрылды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(77)
28.07.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
28.07.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кант диабети деген оору балее экен го!!!
28.07.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun.Kalgan omurun baldarina bersin.Oomiin.
28.07.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
маданият жетекчилери ким акча берсе ошол адамга наам бере бербей ушундай инсандарга бербейби мына буга чейин Доолот Манас агаларыбыз да наам албай кетишти эле эми Жаныбек агабыз же куудулдарга наам беришпейби, дагы Жамбыл менен Абдылда агаларыбыз да алалбай журушот.
28.07.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш, жаткан жери жайлуу болсун, орозонун кунундо тозоктун эшиги жабык болот деген, Аллахым ылайым бейишти насип кылсын
28.07.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олгон озунун кана шору балдарынын да куну ото берет Кумондор айткандай балдарынын жакшылыгын коро турган кезде жаш кетти Эмиежекебизге кайрат кч берип балдарыныздын жакшылыгын корунуз Кыргыз елинин журогу ооруп калды Кудайдын жакшы кунундо кетти НААМ бербесе Кыргыз ели небакта еле наам берип койгон
29.07.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.. Уй булосуно терен кайгыруу менен конул айтам.
29.07.2014. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун,уй-булосуно конул айтам...эмнегедир аябай ыйладым коруп алып видеосун,токтоно албай ыйлап жатам ....((((
29.07.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин кыргыздар олгондон кийин наам берет,эртерээк берсе болбойт. Анан олгондон кийин мактай баштайт,жакшы жактарын чукуп. Тан каласын тообо.
29.07.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
29.07.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун, жакшы киши эле, мындай асылдарыбызды бийлик баалабайт да кайдагы болбогон адамдар наам алып гезит-теле беттеринен тушпойт. Жаныбек байкебиз элдин уулу, кыргыздын уулу, бугун мансабына манчыркап, эч кимди тенине албаган бийликтегилер унутулат эсепсиз падыша-хандардай, чыныгы эл уулдарынын элеси элдин журогундо жашап кала берет унутулбай... Талантына таазим этебиз, бизден кемчилик кетсе кечир бизди жан ага...
29.07.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
29.07.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун!!
29.07.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn ele al naamdy juroktordon algan...Allah suragyn jenil kylsyn! Al ALlahtyn kuldaryn kuldurgon.ALlah da anyn juzun kuldursun!
29.07.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы куудулдардын ичинен ички дүйнөсү бай, интеллекти жогору, көптү билген билимдүүлүгү, маданияттуулугу менен айырмаланып турчу.Сатирада өз орду, салып кеткен чыйыры бар мыкты Инсан,кыргыздын кайталангыс таланты эле.Жаткан жериң жайлуу,топурагың торко болсун. Кош Жаке.
29.07.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун.
30.07.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
30.07.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун!
30.07.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бечара
31.07.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун байке. Кыргыз элибиз сизди эч качан унутпайт. Эми эч качан мындай адамдар жаралбайт. Кайдагы бир селсаяктарга наам бере бербей ушул кишиге бериш керек болчу. Эми бербеген наамды ак уйдогулор бышырып жешсин.
31.07.2014. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун...
31.07.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алла таалла билип билбей кунолорун кечире кор!
01.08.2014. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун..
01.08.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери Жаннаттан болсун.
01.08.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу, иманы саламат болсун. Кудай да жакшы коргон кишисин алат тура.
01.08.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
01.08.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окубай туруп комментари жаздым ,кумондор ар нерсени суйлой берет
01.08.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаныбек аке чыныгы талан эле,озу Омар хаям айтмакчы бир кун кулгон мин кун ыйлайт деген чын экен,менин иним да ошол куну отту дуйнодон,жаны эле уйлонду эле,жап жаш кете берди,айла жок бир кун кулуп омур бою сыздап турам,Аллахым бейишин берсин Жаныбек аке сизди эч ким эч качан унутбайт,анткени Жаныбек аке эч кимге эч качан таарынган эмес бийлике да
01.08.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga jakchy bul adam.Jatkan jeri jailuu bolsun.Alla taalam beiywten orun bersin.
03.08.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kumondor baike tuura aitat arty kaiyrluu bolsun
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо