Ибрагим Жунусов, экс-министр: «ӨКМӨТ МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИН КОНЦЕРТТЕРДИ ӨТКӨРҮҮЧҮ МЕКЕМЕ ДЕП ОЙЛОЙТ»

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

– Ибрагим мырза, азыркы маданият министринин дарегине айтылган сын-пикирлер тыйылбай келет. Атүгүл аты таанымал маданият ишмерлери өкмөт үйүнө өкүрүп барып, бул тармакка өтө начар мамиле жасалып жаткандыгына нааразычылык билдиришти. Кезинде бул министрликти сиз да жетектеп тургансыз. Соңку окуялар эмнеден улам келип чыгып жатат?
– Негизи эле өкмөт бул министрликке каражат бөлүүнү туура эмес жүргүзөт. Менин маданият министри болуп турганымдагы премьер-министр менен болгон пикир келишпестиктерим да каражаттын айынан чыккан. Эмнегедир өкмөт бул министрликти бир гана концерттерди өткөргөн мекеме деп ойлойт. Өкмөттүн кыргыз маданиятына жетишерлик көңүл бурбай жатканынан улам министрликтин иштери алдыга жылбай жатат.

– Мүнөзүңүздөн байкасак, жасаган иштериңизди жар салбайсыз. Билишибизче, сиз иштеп турган маалда «Манас» үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмегине киргизүү боюнча иштер башталган эле. Чынбы?..
– Парламентте Билим берүү, илим жана маданият комитетин жетектеп турган маалда «Манас» эпосу кытайлык кыргыздардын атынан ЮНЕСКОдо катталыптыр» деген маалыматты окуп калып, палатада бул кабарды жар салдым. Кытайлык эпос деп катталбаса да, жоголуп бараткан улуттардын эпосу катары кытайлык кыргыздардын атынан катталышы кыргызга чоң жоготуу экенин билдирдим. Көп өтпөй Маданият министрлигине келип калдым. Дал ушул маселеден иш баштап, «Манас» деп күйгөн, «Манас» деп төшүн каккан, ураан чакыргандарды чогулттум. «Биз кайрып алабыз же кантип алабыз?» дегенден алыс бололу да, жаңыча жол менен киргизүүгө аракет кылалы» деп сунуштадым. Кеңешип-кесип, «Манас-Семетей-Сейтек» үчилтигин киргизели деп чечтик. Бирок революция болуп, мен кызматтан кеттим. Кийин «Ата Журттан» Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, вице-премьерликти аркалап калдым. «Манас» үчилтиги боюнча баштаган ишти улантууну ошол кездеги маданият министрине да сунуштадым. Кайрадан бул министрликке келгенде анын алдында түзүлгөн комиссия менен ишти уланттык.
«Манас» эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдө көп кишинин эмгеги бар. Манасчылар, манас таануучулар менен биргеликте Бексултан Жакиев, Асан Жакшылыков, Абдылдажан Акматалиев, Садык Шер-Нияз, Карганбек Самаков, Каныбек Иманалиев, министр катары мен, орун басарым Кудайберген Базарбаев, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана министрликтин мурастар боюнча адиси Назгүл Макешова бар эле.
Алгач файлдарды жибердик. Анан ЮНЕСКОго 10 мүнөттүк тасма жибериш керек болуп калды. Министрликтин ага бөлүнгөн каражаты жок эле. Өкмөттү карабай, демөөрчү издөөнү чечкенде Карганбек Самаков ойлонбой туруп демөөрчү болду. Иш алдыга жылыш үчүн бул боюнча жумушчу топ түзүп, анын төрагалыгына Каныбек Иманалиев же Карганбек Самаковду сунуштадык. Топту ошентип Карганбек Самаков жетектеп калды. «Манас» үчилтиги боюнча бардык файлдарды 2012-жылы 28-мартта менин колум менен ЮНЕСКОнун штабына жөнөттүк. Көп өтпөй жооп келди. Иш алып баргандардын баарына ыраазычылык билдирдим. Күздө документ кайра кайтарылып, «туура эмес жерлерди оңдоп, кайра январга чейин жибергиле» деген кат келди. Кайрадан чогулуп иштеп, бардык документ, файлдарды жаңылап жөнөттүк. Январдын акырында Франциядан «Манас» үчилтигин каттоо жакында каралат. Кытай тарап менен да сүйлөшкүлө» деген кат келди. Кытайдын маданият министри менен сүйлөштүм. Ал «силерден «Манасты» талашууга акыбыз жок»  деди. Башка мамлекеттер талашкан күндө деле алардын биринде да манасчылар жок.
ЮНЕСКОдо бул маселе каралып жатканда мени кызматтан алышты. Бирок документтердин баары менин колум менен кеткен, бул ЮНЕСКОнун сайтында да турат. Демөөрчүлөрдүн көмөгү да болгон.
Үчилтиктен сырткары Улуу Жибек Жолундагы Красная Речка, Ак-Бешим, Бурана да катталбадыбы, ал да ошол кезде министрлик тарабынан жасалган. Ошондой эле быйыл карала турган айтыш өнөрү жана боз үй да ошондо бүтүрүлгөн.

– Ишти демөөрчүлөр каржыладыбы?
Алмазбек Атамбаев Манастын, Чыңгыз Айтматовдун эстелигин тургузалы деп демилге көтөргөндө, кыргызда Манас дегенде эч нерсесин аябагандар, ичкен ашын жерге коё тургандар арбын экенин билдим. Анткени бюджеттен аларга бир да тыйын каралган эмес. Бул ишке деле демөөрчүлөр көп чыкты. Карганбек Самаковго ыраазымын, башкаларга кайрылтпай, ошол жумушчу топтун ичинен эле өзү демөөрчү болду.

– Акыркы учурда көрүнбөй кеттиңиз, эмне менен алектенип жүрөсүз?
– Коомдук ишмер Аскар Салымбеков менен биргеликте партия түзгөнбүз. Мен партиянын төрагасынын биринчи орун басарымын жана өлкөнүн түштүк аймагы боюнча координаторумун. Ошол иштер менен алек болуп жүрөм. Бардык башка партиялар сыяктуу биз да алдыдагы шайлоолорго катышууну максат кылып жатабыз.

– Маегиңизге рахмат.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
28.07.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата-Журт бутуп,эми Салымбековго кошулдунузбу Ибрагим ака...Озу саясатчыларда бет деле калбаптыр..Маданият министри болгондо Жаныбек Алыкуловго бир наам берип койсонуз ошол киши ыраазы болуп кетмек..Иштеп турганда козунорду май басып эч нерсени корбойсунор анан иштен кеткенде минткем тигинткем деп оозунарды толтуруп суйлойсунор!!!
28.07.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
)))) ибрагим акада тил эле бар озу Мадумаровтой Аман эле болгула шайлоо жакындаган сайын баары аппак да тообо
28.07.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясат болуму жокко бул санында не болгон супер инфоооо.
30.07.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйраткан деле жок. Акчасы барга наам берип акчасы жокторду карабай эле койдуго.
30.07.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылган ишин дале корунбой саясатта,барып уктагандан башканы билбейсинер,анан мактанасынар,КР-га эмне салым коштун ошону айтчы.Эки адам кошулса эле партия ачасынар,саны коп сапаты жок партиялар.ОКМОТТУН АКЧАСЫН ЖЕГЕНДЕН БАШКАНЫ БИЛБЕЙСИЕР.Сен ырдап эле журо берчи сураныч,сага ошол эле жакшы жарашат.
30.07.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карганбек самаков эркек байке молодец уважуха.ал киши жонундо жакшы гана нерсени угам
02.08.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Убагында Бакиевдердин туулган кунунда катышкан киши да.
04.08.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келгиле, форумчулардан турган партия ачып алалы?)))) Кошойдон Чубак кем бекен деп...
04.08.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek президентти туулган кунун куттуктаса да кунообу? азыр Атамбаевди куттуктаса анда эмне болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо