КҮЧАЛА – ТАБИГЫЙ ВИАГРА

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж

«Күндүзү кымыз, түнү кыз, күрүлдөгөн эр кыргыз» деген тамашалуу сөздүн төркүнүн ар кимибиз эле түшүнө бербесек керек. Ата-бабаларыбыз кымызга баглан козунун куйругун салдырып, ден соолукка пайдалуу күчала өңдүү дары чөптөрдү кошуп, кымызды кырааты менен ичишкен. Күчаланы ичкендердин айтымында, бул чөп денени күчтөндүрүп, эркектердин бел кубатын арттырат. Күчаланын таасири ушунчалык күчтүүбү? Азыр кимдер колдонушат? Баасы канча турат? Мына ушундай суроолор менен тиешелүү адамдарга суроо салып, жооп алдык.

Дүйшөнбек Чомо уулу, элдик табып: «КҮЧАЛАНЫ АШЫГЫ МЕНЕН ИЧКЕН АДАМ ТЫРЫШЫП КАЛАТ»
– Күчала эркек жана ургаачы болуп эки түргө бөлүнөт. Ургаачысы кө­бүнчө Жалал-Абад облусундагы капчыгайлар­дагы жыш токойлуу жерлерде өсөт. Жердин шартына жараша шагылдуу жерде өскөндөрү майда, ал эми кара топурактуу жерлерде өскөнү чоңураак болот. Сабагы жалгыз аяк же эки аяктуу, түбү картошкадай, гүлүнүн өңү мала кызыл.
Ал эми эркеги бийик кыркалуу тоолордо, бөксө, бадалсыз, чөбү тайкы чыккан бел-аңыздарда өсөт. Кыргызстанда көбүнчө Ош, Баткен облустарында кездешет. Мунун да сабагы жалгыз аяк, гүлүнүн өңү кочкул кызыл. Эркек күчаланын гүлү караңгыда күйөт. Ал эми ургаачысыныкы күйбөйт.
Дарылыгы тууралуу айта турган болсок, бийик тоолордо өскөн эркек күчала адамдын жалпы органдарын, сөөктү, белди, муундарды бекемдейт. Мындан тышкары иммунитетти көтөрөт, эркектердин бел суусунун кубатын арттырат. Ал эми ургаачысында андай касиет жок. Муну тиш оору, баш оору сыяктуу жеңил-желпи ооруларга ичишет.
Күчаланы сүткө ачытып (ал сүттү да жалаң өзүн эмес, бир аз суу кошуу керек), 3, 7, 9 күн чеги менен ичиш керек. Бул өтө уу болот. Ашыкча ичип ууланган адам куспайт, териси, тарамышы тырышып калат. «Күчала ичип тырышып калыптыр» деген сөздөр да бар. Илгери балбан күрөшкө же эр эңиштерге чыгар алдында атаандашына карышкырдын тарамышына күчаланы ачытып беришкенде балбандар тырышып калып, бир канча күн алдан тайып жүрүшкөн. Андан кийин адамды өзүнө келтирүү өтө кыйын болгон.
Адамдын организми ар башка да. Мисалы, мен бейтаптарымдын иммунитетин кө­тө­рүү макса­тында кээ бирлерине кү­чаланы бычак менен кырып, бир аз эле ичирем. Айрымдарына бул да ашыкча болуп, тырышып калган учурлар кездешкен. Ошон үчүн аздан ичирип, организмине жараша акырындан көбөйтүү кажет. Илгери ата-бабаларыбыз муну 70 жаштан жогорулаганда омурткаларын бекемдеш үчүн, тукумсуздук абалынан чыгуу үчүн кымызга ачытып ичишкен. Азыркы күндө деле муну колдонгондор бар. 2008-жылкы Бээжиндеги Олимпиада болор алдында, атын атабай эле коёюн, биздин белгилүү эле спортчу жигиттер «күчала күч берет деп уктук» деп мага кайрылышты. Аларга «абайлап, чеги менен ичкиле» деп бергем, жыйынтыгында ошолордун эки-үчөөсү ийгиликке жетишкен. Алар күчала жардам бергенин кийин айтышты.

Жанар Алгожоева, дары чөптөрдү сатуучу: «КҮЧАЛА ЭРКЕКТЕРДИН БЕЛ КУБАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ»
– Атам чабан болгондуктан дары чөптөрдү эрте тааныдым. Кайсы чөп кайсы ооруга пайдалуу экендигин чөптөрдү билген адамдардан үйрөндүм. Кийин өзүм дары чөптөрдү терип сата баштадым. Бул тармакта иштеп баштаганыма 19 жыл болду.
Күчаланы эрте жазда жалбырагы чыга электе же гүлдөп бышкан учурунда казып алып колдонсо дарылык касиети жогору болот. Бул чөптү 12 жаштан жогору курактагылар пайдаланышы ке­рек. Ал ашказандагы жараны, омурткадагы грыжаны айыктырат, төрөбөгөн аялдар колдонсо да натыйжалуу жыйынтык берет. Ченеминен ашык колдонуу ден соолукка зыян. Ошондуктан аны элдик дарыгерлердин көрсөтмөсү менен пайдалануу аб­зел.
Күчаланы курсакты тойгузуп, күчтүү тамак менен ичүү сунушталат. Ата-ба­баларыбыз бир литр кымызга 7 баш күчаланы салып, 7 күн караңгы жерге коюп, ал даяр болгондо күчтүү тамактар менен колдонушкан. Жөнөкөй ыкмасы, жүгөрүнүн данындай күкүмүн майдалап, жылуу суу менен ичишкен. Кийинки убактарда аны аракка кошуп, 21 күн караңгы жерде сактап, дары катары колдонуп келишет.
Бизде күчаланын эки түрү сатылат. Кыргызстандыкы жана кытайдыкы. Өлкөбүздө өскөн күчаланын көлөмү кытайдыкынан чоң, баасы да кымбатыраак. Ага суроо-талап жогору. Бир даанасы 100 сом болсо, кытайдыкы 10 сом.

Азыркы күндө деле күчаланы ичкен жаштар аз эмес. Алардын бири ФАРХАТ СУБАНБЕКОВ буларга токтолду:
– Бир дары­гердин кеңеши менен күчаланы кымызга чылап ичип жүр­дүм. «Ашыкча ичсе адам ууланып өлүп калышы мүмкүн» деп уккам. Даамы ка­димки эрмендики­не окшош ачуу болот. Бирок аты айтып тургандай чындап эле адамга күч-кубат берет экен. Мисалы, мен ичкен соң уйкум качып, чуркагым же жумуш жасагым келет. Күчала ичип иштесең чарчоо эмне экенин унутуп каласың. Иммунитетти да көтөрөт.

Эскертүү! Күчала уулуу болгондуктан, өз алдынча ичүүгө болбойт! Көп жылдан бери дары чөптөр менен алектенген, тажрыйбалуу, өзүнө ишенген табыптардын көзөмөлүндө гана колдонуу керек.

Асхат Субанбеков,
Султан Төрөбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(25)
28.07.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин та таятам ичет болчу. Жайлоодон терип келет элек,мындай кучтуу дары экенин билбейт экенмин.
28.07.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсызбы .орусча аталышы кандай (кучаланын)
28.07.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rasan, Саламатсызбы!
Орус тилинде кучеля, кучеляба, чилибуха деп айтылат.
09.08.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, саламатсызбы кучаланы кайдан сатып алса болот бишкекте жашайм
28.07.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кимден тапса болот байкенин номерин берип койгулачы?
28.07.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эженин да номерин берип койгулачы?
13.09.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubankg2010, ошскийде тунук деген магазиндин мандайында
29.07.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулунун карангыда куйгону сонун экен!
29.07.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эженин Номерин алып берсениздер жакшы болот эле! Рахмат.
30.07.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суппер инфо Дуйшонбек аганын номерин алып бергилечи оздук баракчамда байланышалы
30.07.2014. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош Базарда сатабы? Урматтуу супер инфо кайсыл жерде сатат адрестерин жазып койсонуздар маалыматты бергенге жараша аягына чейин бергиле да
30.07.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин айылдын молдосу иччү, терип жүргөнүн да көргөм, азыр 70тен ашып калган, 40тагы жигиттедей ат чаап, иш кылат. Аттиң ошондо кантип даярдалаарын сурап билип албай, эми айылга барсам сөзсүз сурабасам.
31.07.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжем коп жылдан бери ооруйт коптон коп сураныч!!! Ушул табыптардын дарегин берип койгулачы коптоон коп сураныч!!! Мумкун оорусуна шыпаа болуп калаар....
01.08.2014. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай тапсак болот ошо чөптү дарыны жазып койгулачы суураныч

02.08.2014. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беребиз же бербейбиз деп койгулачы жок дегенде.
03.08.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Охоо кучалага талап кучтууго терип келип сатсамбы
04.08.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле жакшы окшойт ,байкенин же эжейдин номерин берип койгулачы сураныч ,менин келинчегим белин оорутуп алды . канча кымбат дары албайлы таасири жок болуп жатат .
04.08.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ:Эженин же байкенин адресин берип койгулачы?Сураныч.
13.09.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tentek1, ошскийде тунук деген магазиндин мандайында.
04.08.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин бир тааныш чопчу байке кучала терип келип сатат. 0708049346
12.08.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ эмне учун дарегин бербейтасынар,карагылачы коп элге керек экен (((
03.06.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ. Байкенин жана эженин дарегин соопчулук үчүн жазып койгулачы. Алдын ала ыракмат!
12.11.2020. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абайлагыла мен жанагы теке дегенди ичип алып өлүп калайын деп араң эсиме келдим. 1чай кашык менен жарым ичкем ашказаным да ооруп кускум келип экинчи ичкис болдум
Эмнеси болсо да дарыгерлер менен кеңешип анан колдонгула
13.11.2020. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы ичсемби деп атам го
13.11.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shorobashat,неге?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо