ЭРКЕКТИК ДАРЕМЕТТИ КҮЧӨТҮҮЧҮ КАРАЖАТТАР

№613 01-август-07-август, 2014-ж

Афродизиактарга казы-карта, чучук, кымыз, эркек малдын умасынан тышкары өткөн саныбызда сөз кылган күчала сыяктуу дары өсүмдүктөр, жашылча-жемиштер да кирет. Анда сөз учугун улайлы.

ДАРЫ ЧӨПТӨР (ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН)

Жылаңач мыя (солодка голая) жөтөлдү басуучу, какырыкты чыгаруучу каражат катары илгертен колдонулуп келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Бирок анын тамырын көлөкөгө кургатып, майдалап алып бел кубатты көтөрүүчү дары катары колдонууга болорун көпчүлүк биле бербесе керек. Ал үчүн тамырдын 100 грамм майдасына 0,5 килограмм бал кошуп, күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал жылуу сүт же суу менен ичүү сунушталат. Жылаңач мыяны айрымдар кызыл мыя деп да аташат.




Женьшень.
Индия жазмаларында женьшенди пайдаланган кары да, жаш да күчкө кирген букадай болуп чыга келет деп айтылат. Анын майдаланган тамырынан 20 грамм алып, ага 200 грамм таза арак кошуп, караңгы жерге 20 күн кармоо кажет. Анан андан күнүгө 3 маал ысык сууга 25-30 тамчы кошуп ичүү шарт.

Алоэ. 500 граммын эт туурагычтан өткөрүп, ага 500 грамм таза бал, 500 грамм кызыл шарап кошуп, 5 күн караңгы жерге сактаңыз. Анан 3 маал тамактан 1 саат мурун бир аш кашыктан иче берсе болот.


ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТЕР, ТАТЫМАЛДАР...
Курма менен анар канды тазалап, бел сууну көбөйтүп, төшөк оюнун узартат. Инжир, апельсин, лимон, банан, грек жана жер жаңгак (арахис), мисте, кулпунай да бел кубатты күчөтөт. Грек жаңгагынын данегин майдалап, ага ошончо көлөмдө бал кошуу зарыл. Даяр аралашмадан 3 маал тамак ичкенден кийин 1 аш кашыктан ысык сүткө кошуп ичүү талапка ылайык. Мунун дарылык таасири күчтүү болушу үчүн 45 күн ичилсе жакшы.

Жумурткада белок жана A, B1 витаминдери бар. Булар организмге күч берүүчү протеиндердин кампасы. Сүт азыктарынан дайыма сыр, быштак, йогурт, каймак жеп жүрсө, адам дайыма күүдө болору айтылат. Быштак менен сырды көбүнчө салатка кошуу сунушталат. Сельдерейдин өзү же ал көбүрөөк кошулган салат адамды мыкты дүүлүктүрөт. Чоңдугу жумурткадай болгон кадимки эле пиязды кечинде жеп койсо да, эркек күчтөнүп чыга келет.

Шоколад ырахат гормонун (серотонин) иштеп чыгаргандыктан, бул азыкты жегенден кийин жыныстык органдарга кан топтолуп, дүүлүгүү жаралат. Ашкабактан күйөөсүнө манты, оромо же пирог бышырып же болбосо ашкабактын уругун кууруп бергендер рахаттын туу чокусуна чыга алышат. Имбирь – күчтүү дүүлүктүргүч каражат. Виагра чыккыча көптөр ушуну колдонушкан. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча кызыл шарап мырзалардын бел суусун күчөтөт. Андыктан кечки тамакка шампан же сыра эмес, кызыл шарап тандоо кажет.


Спаржанын
сырын билген жубайлар аны тамакка сөзсүз колдонушат. Анда витаминдерден: А, Е, С, К, В жана минералдар (жез, селен, марганец, фолий кычкылы, калий, фосфор, кальций, йод, цинк, темир жана башкалар) бар. Демек, аны кууруп, сууга бышырып же чийки жеп, күчүңүзгө күч кошуңуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(21)
04.08.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
брачный ночто жеңелер эмне үчүн кайнисине жумуртка кууруп береерин эми түшүндүм. :)
04.08.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм жакшы скорострельностьту кантсе болот кийинки санда кутобуз.)))
05.08.2014. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
windows.kg, андай болбош учун сен озунду психически контроль кылышын керек.Башындагы суюктукту бираз иштете койсон эле мээлеген жерине кааласан ширеси калбай калганча ата бересин
05.08.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mambo87kg, Ахахаха:)) Меники наоборот, кеч бутот. 1 саатка чейин созулат. Кандай кенеш бересин?
04.08.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо кантип овуляция жолдору м.н уулду бойго бутуруш керектигин сурап берсенизден алдын ала рахмат
04.08.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koke, windows.kg, Саламатсыздарбы!
Сунуштарыңарга рахмат, аракет кылабыз.
04.08.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр көп сандагы еркектер үчүн ири көйгөйлөрдү жараткан опурталдуу суроого жооп ыздеп, зор көмөк көрсөткөнүңүздөргө ыракмат! лла сообуңарды толуктап берсин!
04.08.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анар мн шарапты басыш керек экен анда кышка
05.08.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдо бар нерсенин баркы жок деген ушул тура, айтайын дегеним озубуздон чыккан жангабызда Грек жангак деп айтып жатпайыбы. Грек жангагы эмес озубуздун эле жангагыбыз. Негизи Кыргызстандын жангагын Гректер алып кетишип, биздин жангакты Грек жангагы деп атап алышкан. Демек мындан ары Кыргызстандын жангагы деп журолу.
05.08.2014. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдукко
05.08.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канымжан эже че то сиз эки сапардан бери ушундай темада иш алып баратас,личный жашоонузда баары жайында элеби я?:-)
05.08.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опа! Опа! Мунун баарын жей берсен райский жизнь болуп кетет го .
06.08.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baardyk nerselerinerdi ortogo jayip ele kalypsynar go biraz toktolgula
06.08.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пока баары жайындаго...жаш откондо кереги тийээр э.;))
06.08.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mysylman bir tyyganym emne bolyp baratabyz bir allaxyman go. kaiaktagy nerseler.
07.08.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спорт полезна!
08.08.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок бирок ишене бербегиле! Баары Алладан.
08.08.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалыматтар экен
15.09.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшысы Устрицы деген суу жандыгын тируулой жутушат Пайдалуулугу аябай коп дешет, Бирок аябай кымбат турат
16.09.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы билбегендерим да бар екен эле.рахмат
24.09.2014. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай пайдалуу экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо