КОШУНАЛАРДЫН БООРДОШТУГУ ИШ ЖҮЗҮНДӨ ДАЛИЛДЕНБЕЙ КЕЛЕТ

№613 01-август-07-август, 2014-ж

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү Токмокто ушул жылдын 29-июлунан 1-августуна чейин «Урабас боордоштук-2014» аталышында биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшүүдө.
Аскердик машыгуулар өтүп жаткан маалда интернет айдыңында «Бул мамлекеттер Кыргызстанга карата канчалык деңгээлде боордоштук мамиле кылышат?» деген суроо талкууланууда. Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөн Атай Садыбакасов: «Бизде «Урабас боордоштук-2014» аттуу ЖККУнун машыгуусу өтүүдө. Ал боордоштордун бири газын бербей жаап салды, бул кылганы жеткен арамзалык. Дагы бир боордошубуз газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылып туруу алардын түздөн-түз милдети болсо да, газдын кайрадан берилиши үчүн эч нерсе жасабай бейкапар жүрөт. Жоопкерчиликсиздик, жаңжал болсун деп атайылап отту тутандыруу. Боордош аталып жаткан дагы бири биздин өлкөбүздүн жарандарын чек арадан аткылап жатат. Бул кадимки эле кол салуу. Төртүнчү боордошубуз бизге ташылып келе жаткан биздин эле бензинибизди чек арадан өткөрбөй, анын айынан өлкөбүздө күйүүчү майдын баасы кымбаттап, бир долларга жеткени калды. Бул анык эле экономикалык блокада, айрым бир тармактарыбызга карата коюлган санкциялар. Анан дагы «урагыс боордоштук» имиш»,- деп кызуу талкууларга жем таштады.
Ал эми УКМКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Кайрат Осмоналиев «ЖККУга мүчө мамлекеттеринин «достугу» бул көбүнесе эмоционалдык боёк берүү үчүн айтылган сөз. Саясатта достук жок, кызыкчылыктар бар. Анын үстүнө Кыргызстан үчүн бул уюмдун курамында болуу керек нерсе. Себеби бул биздин мамлекет үчүн аскердик кепилдик» дейт.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму кошуна мамлекеттердин мамилелерин чыңдоо, аймакта тынчтыкты сактоо, үчүнчү күчтөргө каршы чогуу коргонуу маселелерин күн тартибине коюп келет. Бирок учурда Кыргызстанга кошуналар жасап жаткан иштер бизге карата эки жүздүү мамилени айгинелеп жатат.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
04.08.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айткан.толугу менен колдойм
04.08.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башкаларды эле жамандатып койсо. Ар кимин белинди бекем бууп, оз жумушунду кыл. Казак м-н озбектерге сууну берип атасынар озунордун артынар жыртык туруп. Бизге да суу керек кышында деп жаап койсо болот. Бир жегичтин айынан жолду бууп, башкаларды козго илбейсинер. Оокатынарды кылбастан митингде журосунор эртеден кечке. Иии койчу, айта берсе......
04.08.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххххххххххх........
05.08.2014. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кышкыга суунун планы толбой атат а биздин чондордун козун май баскан аны кайдан кормок еле аргасыздан баш чайкайсын
05.08.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын оозуна эчким аш салып бербейт
05.08.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийлик алсыз эч ким тоготбойт. президентке сурдуу чечкиндуу жаратуучу адам келсе ошондо башка олколор менен тен ата суйлошсо башка кеп, азыр карабайсынарбы корунгон олкого карызбыз армиянын акыбалыга мышык ыйлайт, бут эле чонтогун ойлогон чиновниктер отурат акча барсе болуп жеп алса кайдагы боордоштук.
06.08.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элде газ, жарык, куйуучу май жок болсо да силерде болот. Чек арада элди атса да силерге тийбейт. Курсагыганарды сылап креслонордо отура бергиле май курсактар. Элден жейсинер бирок эл учун корунгудой эч нерсе жасабайсынар.
10.08.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil, Эн туура! булар! элдин алдында кантип чыгышат мен тушунбоймун, бир аз болсо дагы намыс жок! кантип беттери чыдайт! мындай аракет менен жакында кыргызстанды жок кылышат булар!
10.08.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин бийликке соз жок, суйлошсо тоонун анкарат, кылган иши жок, турмуш кундон кунго оорлоп баратат! элдин эсебинен оздорунун курсагын тойгузуп жатышат, айта турган соз коп, баарибир жепжутарлардын акылына жетпейт экен, баарибир мындай кылган иштерине Кудай алдында созсуз турдо жооп берет! бул дуйнодо туболук жашабайбыз, ар бир адилетсиз кылган ишибизге кымбат жооп беребиз!
10.08.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин бийликке соз, суйлошсо тоонун анкарат, кылган иши жок, турмуш кундон кунго оорлоп баратат! элдин эсебинен оздорунун курсагын тойгузуп жатышат, айта турган соз коп, баарибир жепжутарлардын акылына жетпейт экен, баарибир мындай кылган иштерине Кудай алдында созсуз турдо жооп берет! бул дуйнодо туболук жашабайбыз, ар бир адилетсиз кылган ишибизге кымбат жооп беребиз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо