№613 01-август-07-август, 2014-ж
Дүйшөмбү күнү эртең менен жумушка жөнөгөн бишкектиктер маршруттук таксилер жок көздөгөн жерлерине жете албай катуу убара чегишти. Көрсө, эл ташып иштеген айдоочулар иш таштоо уюштурушкан экен.
Иш таштоонун себептери боюнча ар кандай ойлор айтылды. «Күйүүчү майлардын кымбаттап кеткени себеп болду» дешсе, дагы бир тобу жол эрежелери боюнча айып пулдун көбөйтүлгөнүн себеп катары көрүп жатышты. Ал эми атын атагысы келбеген 138-маршруттук таксинин айдоочусу бизге буларды айтып берди:
– Биз негизи апта башынан баштап жумушка үч күн чыкпайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Иш таштоонун бир гана себеби бар. Ал – МАИчилердин жаңы эрежени ойлоп тапканы. Алардын ою боюнча, биздин бусикте канча орун болсо, ошончо адамды гана салуу керек экен. Элестеткиле, мисалы, 138-маршрутка бир чыкканда 28 чакырымды басып өтөт. Ар бир адамдан 10 сомдон алсак, 240 сом аламбы? Бул акылга сыйбаган нерсе. Экинчиден, МАИчилер «жүргүнчүлөрдү аялдамадан гана алып, аялдамадан түшүрөсүңөр» дейт, болбосо 1500 сом штраф. «Бусигиңде адамдар туруп баратса да 3000 сом айып» дейт. Бизди Москва менен салыштырууга болбойт. Ал жерде адамдар 40-50 рубль төлөшөт. Күйүүчү май кымбаттады деп иш таштаган жокпуз. Аны биз өзүбүз угуп алып таң калдык.
Айдоочу иш таштоонун себеби башкада дегенине карабай Бишкек мэриясы жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүгө ниеттенүүдө. Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атаканов: «Маршруттук таксилердин айдоочулары нааразычылык акциясына 2 талап менен чыгышты, биринчиси – күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу жол кирени көбөйтүү, экинчиси – айдоочулардын ишине тиешелүү жаңы мыйзамдар. Эгер маршруттук таксидеги отургучтардын санында гана жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат болсо, анда жол кирени 25-30 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты. Биз Бишкек шаардык кеңешке кат жөнөтүп жатабыз. Балким, алар кабыл алса, жол кире 15 сом болот»,- дейт.
Ал эми Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов «жол кирени көтөрбөйбүз» деди.
Балким, ушундай кырдаалдан пайдаланып муниципалдык автобус, троллейбустардын ишин жакшыртып, көбөйтүп, маршруттук таксилерди кыскартып салуу керектир? Андайда Бишкектеги унаа тыгындары да бир аз азайып калар беле?..
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Соз деп эле суйлой берсе эп бекен? Сен толой алсан, карапайым элде толой албагандар коп. Маршрутта иште деп эч ким мажбурлап жаткан. Эгер мындай жумуш жакпаса кете беришсин. Башка кирешелуу жумушты кыла берсин. Мындай ишке иштей тургандар толуп атат. Негизги маселе МАИчилерде дегенине ишенем. Оной оокатты таба койгон тура.
элди ойлобогонунар ушул да.