БИР БҮРКҮМ

№613 01-август-07-август, 2014-ж

  • Өкмөт башчы: «Жыл сайын Кыргызстандан 100 МИҢДЕЙ ЖАШТАР эмгектенүү үчүн чет өлкөлөргө кетишет».
  • ТЕМИР САРИЕВ: «Кыргызстанда суунун 50 пайызы туура эмес пайдаланылат. Европада, мисалы, бир адам бир күндө 50 литр суу коротсо, бизде бир киши 560 литр коротот».
  • Кыргызстанда быйыл кургакчылыкка байланыштуу ЧӨПТҮН БААСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ КӨТӨРҮЛДҮ. 2013-жылы ушул маалда 1 түк 100 сомдун тегерегинде болчу.
  • ЭЛЬВИРА САРИЕВА: «Эгерде МАИчилер чет элдик номурлуу автоунааларды негизсиз түрдө токтотуусун уланта берсе, анда өкмөт туризмден түшкөн кирешени жогорулата албайт».
  • НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИН иши боюнча соттук отурум аны менен бирге айыпталып жаткан Р.Бейшенбаевдин ден соолугуна байланыштуу 19-августка жылдырылды. Соттук отурум ушуну менен 24-жолу жылдырылды.
  • Кыргызстандын банктарынан 5 миң номиналындагы ЖАСАЛМА ОРУС РУБЛДАРЫ табылды. Кылмыш иши козголуп, Улуттук банкта ревизия өткөрүү пландалууда.
  • Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоону күчтөндүрүү максатында Япония биздин мамлекетке 2,5 МИЛЛИОН ДОЛЛАР грант бөлүп жатат.
  • Министр Т.Сариев: «Кыштан чыгуу үчүн Казакстандан 1 миллиард кВт саат ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН СУРАП, ордуна 300 миллион метр куб суу беребиз».
  • Каржы министрлиги мамлекеттин бюджетин толуктоо максатында 16,6 ТОННА НЕФРИТ ташын аукционго коюуда. Мындай аукцион буга чейин да өткөрүлгөн. Аны кытайлык компания 99 миллиондон ашык сомго алган.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо