ИЛМЕ БУТ КИЙИМ ЗЫЯН ЭКЕНИ ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!

№614 08-август-14-август, 2014-ж

Жайдын күнү көпчүлүк илме бут кийим сүйрөйт. Бул ыңгайлуу жана жеңил. Бирок аны буттан түшүрбөй сүйрөп жүрүү адамдын ден соолугуна зыян келтирерин көпчүлүк билбесе керек. Анда эмесе, мына ушуга токтолсок.

МАНЖАЛАР
Бут кийим буттан түшүп калбасын деп анын илмесин манжалар менен бекем кысып жүрүүгө туура келет. Бул манжалардын булчуңдарын чарчатып, сөөк менен булчуңдарды бириктирген тарамыштардын сезгенүүсүнө (тендинит) жеткирүүсү мүмкүн. Тендинитте тарамыш бошоңдоп, үзүлүп кетүү коркунучу жаралат. Илме бут кийим манжалардын балка сымал ийрейишине алып келет же бурсит (муундардын тушундагы баштыкчанын сезгенүүсү) сыяктуу ооруну жаратышы мүмкүн.

МАНЖАЛАРДЫН ОРТОСУ
Илме бут кийим кийүүдө бут өйкөлүп, теринин алдына сары суу толушу мүмкүн. Андан сырткары грибок ооруларынын башталышына жол ачат. Мисалы, микоз (грибок оорусу) көпчүлүк учурда манжалардын ортосундагы жабыркаган териден башталып, андан соң башка бөлүктөргө жайылат.

БАКТЕРИЯЛАР
2009-жылы АКШдагы Майами университетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, үстү ачык бут кийимде 18 000ге чейинки бактерия бар экени аныкталган. Ал эми илме бут кийим бутту ушунча жабыркатып жатса, бактериялар кошулганда ден соолукка кандай зыян болорун элестете бериңиз.

ТАМАН
Бутуңуз дайыма кыймылда болот. Бул тамандын өйкөлүшүнө, ысышына алып келет жана сары суу же ыйлаакчаны пайда кылат. Өзгөчө күн ысыкта.

КЫЗЫЛ АШЫК, БАЛТЫР ЖАНА ТИЗЕ
Манжаларды дайыма кысуу кээ бир булчуңдар менен кызыл ашык, балтыр жана тизенин тегерегине күч келтирип маселе жаратат. Себеби илме бут кийимде адамдын согончогу кадам таштаганда жерге катуу тиет. Мындан сырткары сөөктөргө да жарака кетүү коркунучу бар.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
11.08.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен вообще кийбейм себеби салаамды оййкоп жара кылып жиберген
11.08.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika2013,
сетчатые красовки деп сатылып жатат, тапичкадан коро ошолор оной. озум 4 жылдан бери ошондойлорду кием.
11.08.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат кенешинерге.
11.08.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда нечен жылдан бери кийчумун эми кийбешке аракет жасоом керек экен рахмат кенешинерге
11.08.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эч эле коно албай койдум илме бут кийимге.Качан чыгып кетет экен деп корко бересин,чуркай да албайсын.Зыян экенин эми билип отурам.
11.08.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илме бут кийимде таман тез кир болот. Ошондон эле билсе болот зыянын. Анан дагы манжаларды ойкоп кетет эгерде начар, арзан болсо. Жакшы сапаттагылар бар гоо, бирок баарыбир таман тез чан болот. Пляжда же бассейнде гана кийиш керек деп ойлойм.
11.08.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кийем пляжга. Конуп деле калдым. Абдан ынгайлуу мага. Таманы ото жалпак жер менен жексендери зыян болуш керек. А менин бут кийимим таманы орто. Баасына, сапатына караш керек 18 долларга алганмын. Сапаты, ынгайлуулугу мени канаттандырат.
11.08.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zyianyn bilbeit ekem,kyzyk iweniw kyiyn. Men tol'ka owondoi kiyem.
11.08.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда коп кием,эч кандай зыян келтире элек.
11.08.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле кием. Зыянын сезбегеним менен элестетип корсом чындыгында эле буттун манжаларынын булчундарын чарчатат экен.
11.08.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайды илме бут кийим менен откором.Озумо ынгайлуу.А зыян экенин мурда окуган болчумун.
11.08.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такыр кийчү эмесмин,кечээ сатып алдым эле быйыл кийеин деп.
12.08.2014. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын 4,5жылдан бери эле жайда кийип журобуз жакшы эле
12.08.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зыян жагын билбепмин
12.08.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учун жайкысын мындан откон ылайыктуу бут кийим жок.
12.08.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимге ар кандай болуш керек. Бул кенешинер шаардан чыкпаган жана дайыма жабык бут кийим кийип буттарынын териси жука адамдарга тиешелуу болуш керек. Айылда жыланайлак басып конгон балдарды коргом. Буттарынын териси да калындап кеткен. Алардын буту мындай проблеманы сезбейт деле. А манжалардын кыйшайып калышы менин оюмча тар бут кийим коп кийгенден болуш керек.
13.08.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен такыр эле кызыкпайм
13.08.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кием ынгайлуусун сатып алсан зыяны деле жок болуш керек. Тиги манжа кыйшайган сурот ал оору. Бирок бир ушундай илме тапичкеден келип чыкпайт ал оору. Уройду учурушуп ушундай кийсен ушинтип калат дегени туура эмес...
13.08.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч зыяны жок адамдын озуно каранды... жакшына кийсенер эчнерсе болбойт
14.08.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такыр кийбейм дегендерге кошулбайм,анда санда кийип турам конулум келгенде.Ынгайлуу эле кыйбайт деле мага жагат назик корунушу.
15.08.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

жайкысын коп кием дегендер бутунардын шыбоосунан аз да болсо кутулалы дегендерденсинер.
15.08.2014. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер рахмат силерге ушундай маанилуу нарселерди киргизгенинер учун
15.08.2014. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийбесек болбойтко
16.08.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат силерге кенешинерге
17.08.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле зыян пайдалуу нерсени табыш кыйын болуп калды
17.08.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен такыр кийген эмесмин
11.06.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда кийчу эмесмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо