КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШОО ОҢОЛУП КЕТИШИН КОҢШУЛАР КААЛАБАЙТ

№614 08-август-14-август, 2014-ж

2-августта Баткенде кыргыз-тажик чек арасында дагы чыр чыкты. Чырга кадимки тиричиликтеги окуя себепчи болуптур. Тажикстандын Кожало айылынын тургундарынын мал-жандыктары кыргыз тарапка өтүп, эгинди жегенинен малды кыргыз чек арачылар кармап алышат. Жооп иретинде тажик жарандары кыргызстандыктар айдап бараткан бир нече жеңил унаанын айнектерин талкалашкан. Тажикстандын Кожало жана Ворух айылдарынын тургундары Көк-Таш – Ак-Сай жана Ворух анклавына барчу жолду жабышты. Көп өтпөй милиция кызматкерлери келип, жол ачылып, тажик тарап чыгымды төлөп берүүгө убада берди.
Бул убада менен эле чек арадагы абал тынчып калбайт. Талаш аймактар такталып бүтмөйүнчө көрүнгөн шылтоонун негизинде чатак оту тутана берет. Акыркы жылдары кошуна өлкөлөрдүн демилгеси менен Кыргызстанда маселелер көп жаралууда. Өзбекстан түшүндүрбөй туруп газ бербей коёт, Тажикстан чек арадан улам бир чыр чыгарат, бизди боордош атап отуруп эле казактар күйүүчү майды өткөрбөй, Кыргызстанга кымбатчылык жаратат, кайсы бир шылтоолор менен кийим-кечек өңдүү товарларды өткөрбөй коюп, соодагерлердин нааразычылыгын күчөтөт. Эмнеден улам? Балким, жыйырма жылдап бийликтен түшпөй келе жаткан, бийлигин жоготуп алуудан корккон «орто азиялык хандар» эки ирет авторитардык бийликке каршы чыгып, башкаруу системин өзгөртүүгө деми жеткен Кыргызстанда жашоо оңолуп кетишин каалабайт чыгар? Буга негиз көп. Мисалы, өлкө башчысы «авторитардык өлкөлөрдүн арасында болсок деле парламенттик өлкө боюнча калабыз» деген пикирин көп айтат.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
11.08.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онолуу учун суйлошууну уйронуу керек, бироо каттуу бакырып отуп кетсе да оба буга учунчу куч кунолуу деп токтоткула ушундайды ал жерде чек ара элдин кунумдук жашоосунан келип чыгып жатат бул нерсе
11.08.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек араны тактабай эшек такалап журобу бул бийлик ???
Бийликтегилердин балдарын чакыртып, баарын аскер кызматына Баткенге жибериш керек болуп калды. Антпесе бироонун олуму бироого зыян эмес.....
11.08.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wave., туура, элди бир бир ойлонгон эч ким жок!!! Наоборот эл бийликти мамлекетти байытыш учун чон кичуу дебей уул кыздарын темселетип москва казакстан турцияда журот
11.08.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба,тажиги да озбеги да каалаганын кылышат.Кр.тан аябай алсыз олкого айланды.Мунун баары жогорку ЖЕГИЧтердин жоопкерчилиги жоктугунан

11.08.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озбектер казактар тажиктер эмнени гана кылбай атышат эмне учун окмоттун колунан эч нерсе келбейт намыс деген биздин окмотто калбай калган чыгаар урматтуу туугандар
11.08.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бербеген нерселер биз озубуздо деле бар !!! Мээнет кылып казып ала турган ГЭС терди курган бир да депутат ,тем более президент жок!!!
11.08.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы коншу олколор озубуздун атка минерлер тузга сийип оз чонтогунун камын коруп отурса коншу олко эмне биздин онуксун деп жардам колдоо корсотмок беле оздору озун жеп атса бизда баралы деп жататда элда кызыкпыз татыктуу президент жок деп экоону айдап тандап тандап тазына жолуктукго:-(
11.08.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деги оомабыз500сом берсе тушунбой митинге чыгып сазайын тартып жатабыз орусияга отуп кетсекда тан калбайм
11.08.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарын жогорку тарапка тонкоп отурабыз озу баардык бизде айып чык ур олтур десе ураа деп кетип айдадык татыктуу иштеген адамды мына Мелис Мырзакматовду айдап ошто жургон озбектерди корсон тим эле оз жериндей кердейетко чиркин
11.08.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу биздин элге чала, 500сомго беш жылга жеп жутарларды шайлап жатабыз, сууну болсо казак менен озбекке келишим бар беришибиз керек деп олтуруп кышында тезек термей болуп жатабыз, а озбектер келишиминди урганым жок деп эле газ, казактар ГСМди бербей жатат. Эми аз калды шайлоого ушул жолу адашсак анда КРдин келечегин бир кудай озу билет. Деги кыргыз деп журогу соккон адам президент болсо ошондо эле онолбосо?
11.08.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бийликтегилер иш жок алар оздору уюштурганго менимче ошентип там.с кошуга аракет кымбатчылык кошулса дагын кымбаттайт
12.08.2014. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде бардыгы бар: Президент, министрлер, депутаттар. Бирок мээлери, журоктору, патриоттук сезимдери жок. Акылдуулары акылын жаман жактарга гана иштетет.
12.08.2014. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Согуш чыкпаса болгону ,Аллахым озу сактасын!Тьфу азыркы бийликтегилерге
13.08.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коншу мамлекеттерге биздин чондордун авторитетинин жоктугунан болуп жатат.Айткылачы Путинди ким чукулап жатат,эч кимдин духу жетпейт,анткени анын авторитети аябай чон,мына Обама дагы тийишем деп кулап калды кучу жетпей.
13.08.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
коншу мамлекеттерге биздин чондордун авторитетинин жоктугунан болуп жатат.Айткылачы Путинди ким чукулап жатат,эч кимдин духу жетпейт,анткени анын авторитети аябай чон,мына Обама дагы тийишем деп кулап калды кучу жетпей.
13.08.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары Атамбаевдин "карызчылыгынын" айынан.
15.08.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакматов президент болгондо озбектер эле эмес башкалары дагы кысчу жерин кысып журмок кыргызыстан учун иштеймин деген адамды озубуз жок кылып жаткандан кийин башкасына соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо