БИР БҮРКҮМ

№614 08-август-14-август, 2014-ж

  • Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап жеңил автоунааларга болгон бажы төлөмдөр 10-15 ПАЙЫЗГА көтөрүлөт.
  • Ош шаарында жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу анын бардык аймактарына 5236 ЭЛЕКТР меши таратылды. Бул тууралуу Оштун мэриясы билдирди.
  • Өлкөдө жыл башынан бери 185,7 ЧАКЫРЫМ ЖОЛ оңдолду. Алар үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 840,9 миллион сом каражат бөлүнгөн.
  • САЛАЙДИН АВАЗОВ Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
  • «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов: «Күйүүчү майдын баасы жыл башынан тартып 11 ПАЙЫЗГА ӨСТҮ. Азыр запаста бир айлык керектөөгө жетчү май бар»,- дейт.
  • Өкмөт түштүк аймактагы буу казандарды көмүргө которуу жана керектөөчүлөрдү суюлтулган газ менен камсыздоо үчүн бюджеттен 261 МИЛЛИОН сом өлчөмүндөгү үстөксүз ссуда бөлдү.
  • Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп АЛМАЗ СУРАНОВ дайындалды.
  • Өкмөт: «2015-жылы Кыргызстандын бюджетке келген кирешелери 117 МИЛЛИАРД сомго өсөт».
  • Кыргызстанда 2009-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкта ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ички колдонуу 51 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу ЮСАИД консультанты Ренди Брутон билдирди.
  • Башка бир кылмыш иши боюнча кармалганына байланыштуу АЗИЗ БАТУКАЕВ Орусиядан Кыргызстанга экстрадицияланбайт. Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
11.08.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анын ичинен канчалаган милион креслодо олтургандардында чонтогунон орун алды э адашпасам жедида жон эле кызмат кыла бермек беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо