«АНТИПЕРСПИРАНТТЫ КАНТИП ТАНДАЙМ?»

№614 08-август-14-август, 2014-ж

– Жайында колтугум тердей берет. Кийимимдин колтук жагы суу болуп, билинип калбасын деп көпчүлүк учурда ак түстөгү кийимдерди кийгенге аракет кылам. Бирок эки-үч жолу кийгенден кийин эле көйнөктөрүмдүн колтугу саргарып калат. Балким, мен антиперспирант, дезодорант дегендерди туура эмес колдонуп жатамбы? Дегеле булардын айырмасы барбы?

Канимет, 20 жашта, Талас

ТҮРЛӨРҮ
Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өл­тү­рөт. Бирок терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өл­түргүч зат болот. Триклозандын организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу. Анткени ал жалаң гана эфир ма­йынан даярдалат.
Антиперспиранттар, тескерисинче, тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот. Курамында спирт көп болгондуктан, колтукту кызартып жибериши мүмкүн.
Дезодорант-анти­пер­спи­рант эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт.

ТЕРЧИЛДИКТИ ДАРЫЛОО
1. Жакшы кийим тандап алышыңыз керек. Эң негизгиси, денеңиз кенен дем ала турган кийим кийиңиз. Синтетика кийимдер денеге аба жеткирбей, тердегенди, жагымсыз жытты эки эсе көбөйтөт.
2. Бат-баттан жуунуп туруу керек. Жайкысын күн алыстан киринип туруу зарыл. Самынды көп колдонууга да болбойт. Анткени самын денени кургатып жиберет. Ошондуктан гель менен жуунган дурус. Гель денедеги кирди гана кетирбестен, жумшартып, жакшы жыттантат. Ваннага түшкөндө эмен, ромашканын кайнатмасын аралаштырып жуунуңуз. Анткени байыркы заманда адамдар колтугу тердегенде эмен жалбырагын тердеген жерлерге сүртүп гана тим болушкан. Ушул күнгө чейин эмендин жалбырагы терге каршы пайдаланылып келет.
3. Өздүк гигиенаны сактап, колтуктагы жүндөрдү да тез-тезден алып туруу абзел.
4. Жыты кескин атырды колтукка сээп туруп, он-он беш мүнөттөн кийин жууп салсаңыз, сасык жыттан бир азга болсо да арыласыз.

КОЛДОНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Ар кандай дезодоранттарды пайдаланганда этият болуңуз. Колдон келсе спирт аралашпаган дезодоранттар­ды колдонуңуз. Дене көп ачышпай, кызарбай, кургак жүрөт.
2. Спрейди өтө көп тер чыкканда гана колдонууга болот. Ал эми дезодорант-кремдер атайын сезимтал терилер үчүн чыгарылган. Де­не­ңиз көрүнгөн көйнөк кийгени жатсаңыз, атайын колтукту тердетпеген упаларды колдонгонуңуз ылайыктуу. Бирок териңиз өтө кургак болсо, упа сунушталбайт. Анткени колтугуңуздун териси кургап, жарылып, кызарып да кетиши мүмкүн.
3. Дезодорантты таза, жуулган колтукка сүйкөө зарыл. Тердеп турган дененин үстүнө сүй­кө­гөндө тери аллергия болуп, ысык чыгып кетиши мүм­күн.

Сиздердин сурооңуздарга врач-дерматолог, косметолог АЙНУРА УЕЗБАЕВА жооп берди.

Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Наргиза Бекжанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(25)
11.08.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмен деген ромашка бы
11.08.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagi82, эмен дуб.
12.08.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belka, дуб эмес эрмен деген чоп бар ачуу болот
12.08.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jumatone, Эрмен эмес, Эмен деген Дуб
11.08.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колтуктан жагымсыз жытты кетириш учун эмне кылышым керек????эч качан жыттынбагандай кылып!?
11.08.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmira_kurmanalieva, грибокко каршы маздарды суртунуз, тундо жатканда . жакшы натыйжа берет.
11.08.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу супер жамаат. Менин суроомо да жооп таап беришинерди суранам. Куйоом экообуздун кан топторубуз-3 жана резус.фактор да положительный. Балалуу болушубузга таасири кандай?
12.08.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prelestina, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуп көрсөңүз. Сиз издеген маалымат ошол жакта болушу мүмкүн: http://www.super.kg/article/?article=232
12.08.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aptekada Farmidron degen suiuktuk satylat koltugu butu sasygandarga koldonso jakwy natyija beret.koltuka je butka vata menen surtobuz 5 kun
12.08.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нивеадан саргайып,анан кара тустогу кийимге ак болуп калуусунан сактаган антиперспирант бар го,невидимая защита деген.
12.08.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амвейдин антиперспиранты ото жакшы.Кымбат бирок,копко чейин колдонулат.
12.08.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselina_kg, Амвейде иштейт окшойсун а?
17.08.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselina_kg, амвейдин антиперспиранты кымбат анан пайдасы жок Кайра коп тердетен ал. Мен подборка-коргом. Ролигинда дезодорантында.
13.08.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
элдер аптекадан ФОРМИДРОН алып кичине суу кошуп кундо эртен менен бир момент суртсонор, жыт да чыкпайт тер да чыкпайт. болгону 20 сом болсо керек
14.08.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадимки койлорду салган кралинди,жумшак таза пахта менен колтука суртсо да болот.
14.08.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
паста теймурова дагы жакшы жардам берет суртуп жарым сааттан кийин жуп салсан 2 3кун жыт чыкпайт
14.08.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрмен - Полынь, Эмен - Дуб. Ромашканын кыргызчасын билбейм. Колтуктагы жундорду кыра берип чачтай болуп катуу болуп баратат,эмне кылса жакшы?????
15.08.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kalin466, эмкисин солярка чачып ортоп жибер.
15.08.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
достор капа болбогула бирок danel менен samar55 тин комментарийин окуп алып кулуп ичим эзилди
15.08.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bad.girl, коммерциялык жарнамалар үчүн тиешелүү темалар бар. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
15.08.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Колтукту да ептей албасанар уят еле,ха,ха,ха
17.08.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amway
Деген компаниянын антиперспиранты бар ошол эн жакшы экен баардык жагынан аны клдонгондо
17.08.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдонгондо жон гана жытты терди 24саатка жок кылбай бир жолу баарын жоготот экен менда ошодон колдоном. Бир ай болду колдоно баштаганыма жыты тердегени жок боло баштады. КОЛДОНУП КОРГУЛО. Анан мага рахмат айтасынар)))
18.08.2014. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кунуго эртен менен колтугунарды муздак суу менен жууп, дезодорант-антиперспирант шариковойын колдонгула азыр коп фирмалар косметика менен иштешет озунорго жакканын тандап алсанар болот.
29.08.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи макаладан да, комментарийлер укмуш да, окуп алып, боорун эзилгенче кулосун)))))))))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо