ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ: "Орусия азыркы тапта Европадан келүүчү азык-түлүктөргө санкция киргизди. Кыргызстан ушул учурдан пайдаланып калышы керек. Орусия айыл чарба продуктуларын сатып алууга 50 миллиард доллар бөлөт".
- 2014-жылы өрт кырсыктарынан 48 АДАМ КАЗА БОЛДУ. Алардын үчөө жаш балдар.
- Орусиянын Тула шаарындагы 12 КЫРГЫЗСТАНДЫК жаран кулчулуктан куткарылды.
- ЖУСУПЖАН ЖЭЭНБЕКОВ Жалал-Абаддагы өкмөттүн толук ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
- ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: “Камчы Көлбаевдин атасынын атындагы ипподромдун атын тез арада алмаштыруу керек”.
- Жоомарт Оторбаев: "2015-жылдагы ШАЙЛООНУ ТАЗА ӨТКӨРҮҮ максатында Түштүк Кореядан добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү жабдуулар алынып келинет".
- Орусия Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында жана анын Евразия интеграциялык биримдигине батыраак кириши үчүн 500 МИЛЛИОН ДОЛЛАР бөлөт. Бул туурасында Орусиянын тышкы иштер министри С.Лавров билдирди.
- 2015-ЖЫЛЫ ОШ – БАТКЕН – ИСФАНА УНАА ЖОЛУН каржылоого 2 миллиард 463 миллион сом каралган. Ал эми 2016-жылга карай 1 миллиард 619 миллион сом, 2017-жылы 4 миллиард сомдун тегерегинде бөлүнгөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
- Кыргызстанда быйыл кургакчылыкка байланыштуу БУУДАЙ, КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ ЖАНА КАРТОШКАНЫН ТҮШҮМҮ былтыркыга салыштырмалуу аз болору күтүлүүдө.
- Тайырбек Сарпашев: "Өлкөдө БИОМЕТРИЯЛЫК МААЛЫМАТТАРДЫ чогултуу иш-чаралары 27-августта башталары пландалууда. Пенсия жана жөлөкпул алуучулар эң биринчилерден болуп биометриялык маалыматтарды тапшырышат".
- Осмонбек Артыкбаев: "Быйыл Токтогул СУУ САКТАГЫЧЫНДАГЫ СУУНУН ЗАПАСЫ АЗ. Күз-кыш мезгилдеринде массалык электр менен камсыздоо токтоп калышы толук мүмкүн".
- Тогуз-Торо эли “МАКМАЛ” КОМБИНАТЫНЫН ишин үзгүлтүккө учуратпоону өкмөттөн суранышат. Учурда комбинат жалпысынан 1200 адамды жумуш менен камсыздайт.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg