«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

№615 15-август-21-август, 2014-ж

Кезектеги баяндообуз Түркиянын белгилүү фотомодели, актрисасы жана “Даңазалуу кылымда” күйөрмандардын кыжырын келтирген Фирузенин ролундагы Жансу Дере тууралуу болмокчу.

ҮЧҮНЧҮ СЕЗОН

74-78-сериялар: Ибрагим өзүн султандан жогору коё баштайт
Баш вазир Ибрагим Нигар калфа төрөп берген кызын “сен бир мага гана таандыксың” деп кучагына алат. Нигарга да кызы тирүү экендиги айтылат. Бул аралыкта Сулейман, Хүррем жана балдары болуп Манисага Мустафанын уулун көрүү үчүн барышат. Михримах менен Мустафанын оң колу Ташлыжалынын ортосунда жашыруун махабат оту тутанып, атагы чыккан акын жигит сүйүү ыр саптары менен ханбийкенин жүрөгүнөн түнөк табат.
Ибрагим Сулейман Манисада жүргөн кезде Франция падышачылыгынын элчисин кабыл алып, ага макулдашууда “Эң жырткыч жаныбар – бул арстан. Аны күч менен эмес, акыл менен тапташат. Осмон султаны арстан болсо, үйрөтүүчүлөрү анын вазирлери” деп айтат. Элчи сыртка чыккан соң “вазир өзүн султандан жогору коё баштаптыр, өзүнө көр казууга киришкен тура” дейт.
Аңгыча Хүрремге татыктуу атаандашка айланып бара жаткан Фирузенин Осмон империясынын душманы сефевиддер династиясынан чыккан ханбийке экени ачыкка чыгат. Ошентип Фирузе гаремден куулат. Хүррем жеңишин майрамдап бүтө электе Ибрагим Сулейманга айтпай Мустафа менен жолугуша коём деп торго чалынат. Иш жүзүндө вазир ханзааданын Элена аттуу эркиндиктеги кыз менен нике кыйдыруусуна каршы чыгып, акыл айтмакчы болот. Бирок Хүррем муну султанга “экөө сени тактан түшүрүүгө аракет кылып жатышат” деп жеткирип, Сулеймандын көңүлүнө күдүк салат. Орто жолдон Сулеймандын капыстан эсин жоготуп жыгылганы, аны дарыгерлер “султан ууландырылган” деп түшүндүрүүсү кошумча себеп болуп калат. Мунун баарына кошул-ташыл султан түшүндө Мустафанын такта отуруп, жанында Ибрагим кан тамчылаган мүшөк кармап турганын, анын ичинен Мехметтин башы жерге тоголонгонун көрөт. Сулейман эсине келери менен Ибрагимден акырындык менен алыстай баштайт.
Ибрагим Хүрремге кайрылып “Валиде мага "жыланды кичинесинде өлтүрүү керек" деди эле. Укпай бекер кылыптырмын. Ал жылан жети баштуу ажыдаарга айланыптыр” деп экөөнүн ортосунда кандуу согуш башталганын айтат. Кийин Хүррем Ибрагимди ээн сарайга чакырып “Келишим сунуштайм. Кызматыңдан баш тартып, биротоло хан сарайдан кетесиң. Ордуна өмүрүңдү багыштайм” дейт. Муну каткырык-шылдың менен кабыл алган улуу вазир Хүррем чыгып кетери менен жалданган адамдардын кол салуусуна дуушар болот.

“ФИРУЗЕ “ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМДАН” ЖОГОЛСУН”
Фирузе деген каарман тарыхта болгон эмес, бул персонаж сценаристтердин фантазиясынын жемиши. Иран кызынын ролун жараткан Жансу Дере “Даңазалуу кылымда” Хүрремге атаандаш катары ойноп баштаганда эле тасма күйөрмандарынын чоң сынына кабылган. Атактуу актрисанын аткаруусун жактырбай, “Жансу Дерени сериалдан жоготкула” деген талап менен “Даңазалуу кылым” долбоорунун жетекчилигине кат жөнөтүүгө чейин барышкан.
1980-жылы төрөлгөн Жансу Дере актрисалык карьерасын 2003-жылы баштап, “Сыла” жана “Эзел” сериалдарында жараткан ролдору менен эл оозуна алынат. Ал “Даңазалуу кылым” жөнүндө мындай дейт: “Фирузенин персонажы аябай жакты. Өзүм сынак, атаандаштык, жарыш дегендерди жек көрөм. Сүйүп калган адамдын жүрөгүн багындыруу – мен үчүн эмес! Тартуу иштерине келсек, Халит Эргенч жана Селма Эргеч менен көптөн бери досмун.
Иран кызын ойноо чоң кызыгууну жаратты. Ал гаремдеги кыздардан ой жүгүртүүсү, кийимге болгон табити менен өзгөчөлөнүп турат. Мен кийген костюмдарды эле алалы, тиешелүү кызматкерлер чоң берилүү менен иштешкени көрүнөт. Ал эми султандын көзүнө түшүп, сыя түстүү кол аарчыны алгандагы Фирузенин бийи да перстерге таандык. Аны жакшылап үйрөнүү үчүн профессионал бийчилерден атайын сабак алууга туура келди”.

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 607-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 608-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 609-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 610-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 611-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 612-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 613-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 614-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 616-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 618-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 619-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 620-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 621-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 622-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 623-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 624-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 625-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 626-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 627-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 628-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 629-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 630-сан
Комментарийлер(6)
18.08.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xa xa ele bolupturgo ketsin degen synga kabylyp.
18.08.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Любимая актриса!
19.08.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жансу дере ни мен жакшы эстей албай жатам бир гезиттен окуган элем султандын жашоодогу аялы просто аны хурремден кызганып менда бул киного катышам деп катышкан ал тарыхта болгон эмес жон гана продюсер дин макулдугу мн гана тартылган деп уккан жерим бар эле мага сыла деген киносу аябай жагат
19.08.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жансу Дере Халит Эргенчтин аялы эмес(реалда). Жансу Дере эки жолу турмуш куруп ажырашкан. Балдары жок. Бирок таланттуу актриса. Сулуу, бирок балбылдап жанган жылдызды корбойм эмнегедир бул актрисадан. Жылдыздуу эмес. А так бой десе бою, таланты бар.
20.08.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ушул Ферузе катышкан анан хан бийке Изабелла катышкан сериалдары ой жагатта коргондон тажабайм Хюрремди ой жаман кором андай адам болудан кудай сактасын Хюрремдин кыйналган жерлерин гана коргум келет кадимкидей жиним келип анан озумду бул кинода деп алаксытам
23.08.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xexei ушундай болуп тартылгандан коро рахмат деп койсо болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо