Абдылда Иманкулов: «ДАЛАЙ ЖОЛУ КЫЗДАРДЫН ЭШИГИНДЕ УКТАГАМ»

№616 22-август-28-август, 2014-ж

«Балалыктын таппай калдым издерин, балалыгым кайда барып жашынды?» деп ар бир инсан суроо салып, балдай таттуу кезин эске салат. Бир кылчайып артка карап, асыл куракка жетеленип баргысы келет. Куудул Абдылда Иманкулов балалыгы жөнүндө эстегенде бирөөнү сүйгөнгө караганда кат ташып эки жаштын сүйүүсүнө көпүрө болгондугун көбүрөөк эскерет.

«ЭШЕК МИНИП, ТЕЗЕК ТЕРИП ЧОҢОЙДУМ»
-Мен Токтогул районунун Толук айылында 1963-жылы 20-мартта жылкычынын үй-бүлөсүндө туулгам. Апамдын айтымына караганда, 1-2 жашымда болсо керек, башыма жара чыгып, күнү-түнү басылбай ыйлаган экенмин. Акыры табылгы деген чөптүн гүлүн башыма коюп айыктырышыптыр.
Атам жылкы баккандыктан балалыгымдагы эң таттуу күндөрүм кооз жайлоолордо өттү. Балтырымды караган, таманымды таш тилип, эшек минип, капты улак кылып тартып, тезек терип жүрүп чоңойдум. Балалыгымда эле азыркы жашоомду кыялданчумун. Буюрса, баары аткарылып келе жатат. Элдин баары Абдылда ушундай толук төрөлгөндөй ойлошот. Токтогул элдик театрына келгенге чейин арык болчумун. Балалык кездеги сүрөттөрүмдү көрсөтсөң мени эч ким тааныбайт.

АБДЫЛДАНЫН АЛГАЧКЫ АПЫРТМАСЫ
-Жайлоодон жакага келгенде атамдын эжесиникине келчүбүз. Бир жолу адаттагыдай жайлоодон келсем, жездем менен чоң апам менден чоң кишидей кылып жаңылык сурашты. Балалык кыялымда аларды ишенип жатышат го деп айта баштадым. «Мен жайлоодо азоону кармап минип, бул адырдан тиги адырга чаптым. Таштан-ташка секиртип ойнодум» десем жездем «ии, анан?» деп күүлөп койсо ишенип жатышат деп урдура бериптирмин. Бир убакта уктамыш болуп калсам жездем менен чоң апам «тим койсо калпты тим эле учурат да» деп күлүп калышты. Көрсө, менин калп айтканымды башында эле билип эмне дээр экен деп уга беришкен экен. Балалыгымда ошондой апыртмаларды айтып, анча-мынча тамашалап күлдүрүп койчумун.

«МЕКТЕПКЕ ЖҮК ТАШУУЧУ УНАА МЕНЕН КЕЛГЕМ»
Ал учурда жайлоодогуларды жылкычылар, уйчулар айылы деп коюшчу. 1-класска жайлоодон Канимет аттуу аксакал жүк ташуучу унаа менен салып кеткени бүгүнкүдөй эсимде. Мектепке ата-энем алып берген жаңы кийимдерди кийип, сумканы асынып, кубанып барган элем. 4-класска чейин жакшы окудум. Кийин чоңойдумбу, билбейм, окууну таштап салдым. Эжекем сабактан кийин алып калып, кошумча сабак берип, канча аракет жасаса да болбоду окшойт.
Негизинен адабият, тарых, география, дене тарбия өңдүү сабактарга кызыкчумун. Физика, математика, химия сыяктуу сабактар киргенде калемимди даярдап көчүрчүмүн. Тамекини 10-класста окуп жатканда жашырынып чегип баштагам. Ошондон бери мындан кутула албай келем.
Эркек бала болгондон кийин тынч чоңойдум деп айтуу кыйын. Мушташкан учурларым болду. Чыр дөбө деген жерибиз бар. Бизге чейин ошол жерде аркы-берки өйүз болушуп мушташып жүрүшчү. Мактанып айтып койчу нерсе, ошол чырды биздин курактагылар токтотконбуз. Бир окуяны айтып берейин. Айылда бирөө баласын сүннөткө отургузуп, дасторкондун чети толо киши чогулуптур. Сөздөн-сөз чыгып, бала кездеги окуяларын эстеп жатышса, төрдөгү аксакал «мени отургузганда...» деп сөз баштаганда баары уялып чыгып кеткен экен. Биз дагы куда күтүп, небере жытын жыттап, эл ортону болуп калбадыкпы. Андыктан жаш кездеги анча-мынча шоктуктарды айтып, сырларды ачпай эле коёюн, уят болбойбу.

«КЫЗДАРДЫН БЕТИН КАРАЙ АЛБАЙ УЯЛЫП ЖҮРДҮМ»
-4-класста окуп жатканда классташтарымдын алдында уят болгом. Сабак бүтүп, үйгө кетчү убак болчу. Коңгуроо кагылганда артыбыздан жоо куугандай жөнөчүбүз. Бир жолу кыздарыбыз «калем саптарыбыз жок» деп ызы-чуу түшүп калышты. Агайыбыз келип, сумкаларыбызды бирден текшере баштады. Биринчи болуп чуркап бара калсам, сумкамдан кыздар жоготкон калем саптын баары чыгып калса болобу. Эки бетим кызарып, уялганымды айтпа. Ызаланып бир жума мектепке барбай койдум. Мектепке барбасам үйдөгүлөр урушат да. Анан мектепке барам деп кырга чыгып отуруп алчумун. Менин мындай кылып жүргөнүмдү кошуна жашаган классташ кызым билип, үйгө барып «сен эмессиң, башка балдар алып, сенин сумкаңа салып коюшуптур» деди. Эртеси сабакка келип, кылмыш кылган адамдай уялып отурсам, кирип келген классташтарым «сени тамашалаганбыз» дешти. Көпкө чейин уялып кыздардын бетин карай албай жүрдүм.

«ЖАРМА ТАШЫГАНДАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕ КОЛУМДАН КЕЛЧҮ ЭМЕС»
-Биздин убакта окуучуларды жайкысын чөпкө, чөп бүткөндө пахта тергенге жиберишчү. Чөпчүлөрдүн суусунун кандырып, суу, жарма ташуу милдети менин моюнумда болчу. Себеби колумдан башка иш келчү эмес. Бийик адырларда мээ кайнаткан аптапта чалгы чапкан балдарга булакта муздап турган жарманы атка артып жеткизип турчумун. Кечинде балдар чогулганда «бизге муздак жарма алып келчи» деп суранышчу. Себеби жиниме тийген, өзүмдөн 3-4 жаш улуу балдарга күндө калган ысык жарманы алып барып берет элем да. Өздөрү аптапта куйкаланып жатышса, ысыган жарманы көрүп, флягасы менен ылдый кулатып жиберишчү. Бийик өскөн чөптөрдүн арасынан жарманын идиштерин издеген учурларым канча ирет кайталанды.

«КАТ ТАШЫЙМ ДЕП БАЛДАРДЫН ТОКМОГУНА КАЛГАМ»
-Балалыкта эл катары мен да аруу сезимдерди башымдан кечиргем. Кат жазып, кат алышып дегендей. Айрымдары жооп беришсе, кээ бирлеринен жооп ала алган жокмун. Ал кездеги сүйүү-күйүүлөрдү чоң ата, таята болгон куракта эстебей эле коёюн. Биздин учурда кат жазышуу мода эле. Мен өзүм бирөөнү сүйгөнгө караганда эки жашты сүйдүрүүгө аракет кылчумун. Кат ташыган жактан алдыма киши салдырчу эмес элем. Анткени мен чын ниетимден кат ташуу милдетин аткарчумун. Менден 3-4 жаш улуу агаларым классташ кыздарыбызга кат жазып беришсе, ал кыз жооп бергенче күтчүмүн. «Бир аздан кийин же эртең менен жооп берем, колум бош эмес» дегенине карабай күтө берер элем. Ал ата-энесин уктатып, жооп жазганга убактысы тийгенче күтүп, далай жолу кыздардын эшигинде уктаган күндөрүм болду. Ошонун айынан үйгө кеч келип, урушту болушунча укчумун. Ойлоп көрсөм, азыркы СМС болгон экенмин.
Бир күнү жолдон 4-5 бала алдымдан тороп, кекете башташты. Токмоктоп да жиберишти. Эч нерсе түшүнбөй жолума түшүп кетип калдым. Кийин сураштырсам, мен кат ташып жүргөн кыз ошол балдардын бирөөсү менен кат жазышып жүрөт экен. Көрсө, менин жолумду торогон жигиттер «кат ташыба» деп сүр көрсөтүшкөн тура.

"Бир кезде көчө чаңыта чуркаган балдар элек".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


Абдылда Иманкулов: "Мектепте кыз-жигиттерге кат ташычумун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(42)
25.08.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бар болунз ага! Сиздин чыгармачылык жондомунз менен канча адамдын омурун узартынз!Келечекте дагы узарта беринз!
25.08.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бар болуунуз талантынызга таазим
25.08.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Абдылда Иманкуловго чыгармачылык ийгилик, уй-булолук бакыт, узун омур каалайм!
25.08.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдылда байке кыргыз учун емгек синирген артист сизге рахмат !
25.08.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын залкар инсандарынын катарын толуктап турат,окмот бербесе да эл артист деген наамды кыргыз калкы эчаак эле берип койгон наамды.Бар болунуз дайым,чыгармачылык ийгилик сизге.
25.08.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыздын сыймыгыго Абдылда
25.08.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдылда байкенин карап туруп эле хахада....
25.08.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдылда байке нукура талантуу адам талантыңызга тазим
26.08.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул адамдын талантын сыйлайм
26.08.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да сыйлаймын Абдылда аганы... Иштерине ийгилик.... Бактылуу чон-ата, таята болуп журо бериниз....Кыргыз эли сизди суйобуз...
26.08.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Talantyny syilaim
26.08.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх балалык
26.08.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала кезинде эле өңү күлкүлүү адам экен. бар болуңуз Абдылда байке!
26.08.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдылда агабыздын кыргыз маданиятында орду аябай чон.Озуно жарашкан куйкум создору,ар бир сатираны уккан адамдардын конулунун так ортосунда десем адашпайм.Бар болунуз агай!!!
26.08.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи эле Абдылда, Кумондор, Манас ж.б куудулдар олбос очпос!
27.08.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумондор Абдылда Манас кайталангыс талатттар!!!
27.08.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдылда байке сахнанын корку сизсиз.биз сизди аябай сыйлайбыз,биздин чондордун коздору корбойт сиздей талантууларды ,бирок биз баалайбыз
27.08.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ички дуйносу таза адам.
28.08.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда байке сизге ден соолук каалайм дагы кооп жашаныз балдарыныздын неберелериниздин кызматын убайын корунуз.. Кыргыз калкымдын жузуно жаркын маанай тартуулап дагыда жаны ийгиликтерди жарата бериниз бар болунуз!!!
29.08.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда аке кыргызстанда сиздей кобу аткара албайт бар болун
29.08.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантыгызга таазим кылам!
30.08.2014. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy maek
31.08.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен абдылда байке суйлоп баштаганда еле куло берем, суйлогону аябай жагат, бар болунуз
31.08.2014. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда аганын айткан тамашалары - кулку тартууламайынча койбойт. Айрыкча ,,Ооо!.. Ал Текебаев! Аны токтотконго болбойт! Аны президент токтото албаган мен токто алмак белем?!" деп, ГАИнин ролун аткаруу м-н айткан тамашасы сонун! Бар болунуз ага! Сизге Жараткан жакшылыгын аябаса экен!
SUPER.KG видео
08.09.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин пикиринз биринчи!
SUPER.KG видео
08.09.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окубайт экен бул кинону.)))
SUPER.KG видео
09.09.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сыйлайм, жакшы адам!
SUPER.KG видео
11.09.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер куудул го бу киши.
SUPER.KG видео
11.09.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
salamatsyzdarby,Raatbek Sanatbaev jonundo da maalymat bersenizder jakshy bolmok
SUPER.KG видео
17.02.2015. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда аке Кумондор акенин тубун ичип койсо керек ээ,суйлогону Кумондорго куюп койгондой окшош.Манас акеден кийин корунуктуу экоо эле калды окшойт.Бар болушсун куудулдарыбыз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо