№616 22-август-28-август, 2014-ж
19-августта Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Зилалиев кендерди геологиялык чалгындоо, жер казыналарын пайдалануу укугун лицензиялоо жана аукциондорду өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берди. Ошондой эле агенттиктин антикоррупциялык ишмердүүлүгүнө, кенди пайдалануу укугуна жана лицензиялоо процесстери боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларга токтолду. Атамбаев Кыргызстандын улуттук байлыктарын өлкөнүн кызыкчылыктарына пайдалануу керек экендигин эскертти. Кендерди казып алуу мыйзамдуу жана алардан бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмү элде шектенүү пайда кылбаш керектигин белгиледи.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |