БИР БҮРКҮМ

№616 22-август-28-август, 2014-ж

  • Нарын эли иштебей жүрүп пенсияга чыккандар менен иштеген ардагерлер бирдей ПЕНСИЯ АЛГАНЫНА НААРАЗЫ болушууда.
  • НАРИМАН ТҮЛЕЕВГЕ байланыштуу сот иши 26-августка жылдырылды. Түлеев оорусуна байланыштуу келе албаганы айтылды.
  • ДАНИЯР ТЕРБИШАЛИЕВ: «Түлеев деле Келдибековдун ыкмасын колдонуп абактан чыгып кетсе болот».
  • Кыргызстандан Орусияга жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди өткөрүү боюнча салынган ЧЕКТӨӨЛӨР АЛЫНЫП салынды. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлиги билдирди.
  • 18-августта Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 гектар алма бак жана 20 гектар куураган чөп ӨРТТӨНҮП КЕТТИ. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
  • Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандан кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымы алынды. Бул тууралуу облус администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Азырынча ат майданга кимдин ысымы ыйгарылары белгисиз.
  • Орусиянын Тула шаарында үч айдан бери кулчулукта жүргөн кыргызстандык 12 ЖАРАНДЫН бирөөсү Москва шаарында калып, 11 адам Ошко учуп келишти.
  • 16-августта саат 03:40 чамасында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 5,5 БАЛЛГА ЖЕТКЕН жер титирөө катталды.
  • Жыл башынан бери 69 АДАМ СУУГА ЧӨГҮП каза болгон. Алардын 23ү жаш балдар. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 19-августта билдирди.
  • Кыргызстандын мектептеринде мугалимдер үчүн 2000ДИН ТЕГЕРЕГИНДЕ БОШ ОРУНДАР БАР. Чет тилден берген жана башталгыч класстардын орус тилдүү мугалимдери жетишсиз. Бул тууралуу билим жана илим министри Канат Садыков билдирди.
  • Кыргызстанда акыркы 7 айда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу боюнча 65 УЧУР КАТТАЛГАН. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдирди.
  • Ош мэри: «Быйыл декабрь айында Түркиядан 100 АВТОБУС келсе, шаарда калкты тейлөөнүн сапаты жакшырат».
  • 1-СЕНТЯБРДАН ТАРТЫП электр энергияга болгон тариф 3 фазалуу колдонуучуларга бир киловатт-саатына 70 тыйындан 120,3 тыйынга чейин өсөт. Бул тууралуу Өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо