№616 22-август-28-август, 2014-ж
Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында борбор калаабыздагы Перинаталдык борбордо (№4-төрөт үйү) чуулгандуу окуя катталган. Аталган мекеменин дарыгерлери жаңы төрөлгөн эркек ымыркайды чарчап калган кыз балага алмаштырып коюшкан. Ымыркайдын ата-энеси Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө комиссия ымыркайлардын алмашып калгандыгын аныктаган. Эркек бала бул учурда төрөтканада болгон.
Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары Рахат Бейшеналиевдин айтымында, муну атайы жасалган иш деп баалап, аталган төрөткананын 3 дарыгери жана 3 акушер кызматынан алынган. Бардык материалдар Октябрь райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Аталган райондун прокурору Абдибакыт Халмурзаев окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 158-беренесинин 1-пункту менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү Октябрь РИИБи жүргүзгөндүгүн билдирди. Аталган иш сотко жөнөтүлгөнүн, соттук отурум 27-августта болорун кошумчалады прокурор мырза.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |