ХАКЕРЛЕР ЭМИ ӨКМӨТТҮН САЙТЫНА «КОЛ САЛЫШТЫ», МАМЛЕКЕТ КОРГОНУУ ЖАКТАН АЛСЫЗБЫ?

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

Өткөн аптанын соңунда Кыргызстандын өкмөтүнүн расмий сайтына хакерлер «кол салышты». Өкмөттүк сайт 15 сааттай иштебей, ордуна чет элдик валюталар курсун анализдеген FOREX`тин сайты ачылып турду. Өкмөттүк аппараттан «азырынча так маалымат жок» деген жооп айтылды. Кыргызстанда жогорку мамлекеттик органдардын расмий сайттарына хакерлердин чабуул коюшу биринчи жолу болуп жаткан жок.
Мисалы, 2013-жылдын февраль айында Ички иштер министрлигинин сайтына, май айында Акыйкатчы институтунун сайтына, ушул эле жылдын октябрь айында Бишкек мэриясынын сайтына «кол салуу» болгон. Хакерлерге каршы иштей турган Президенттик аппаратта атайын бөлүм, ИИМдин алдындагы 10-башкы башкармалыкта кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү бөлүм бар экенине карабай фактылар боюнча эмне жыйынтык чыкканы, кылмышкерлер эмне жаза алып жатканы ачык айтылбай келет.
Интернетсиз жашоо мүмкүн болбой калган, маалымат технологиясы өнүккөн бүгүнкү күндө мындай коркунуч күн санап өсөрү турган иш. Демек, хакерлерден коргонуу укук коргоо органдары колго ала турган маанилүү иш. Өлкөнүн жүзү болгон өкмөттүн сайтына «кол салуу» болуп жатса, жөнөкөй маалымат сайттарын коргоо тууралуу эмне айтуу мүмкүн? Мындан кийин Жогорку Кеңештин, Президенттик аппараттын же Улуттук банктын сайтына «кол салуу» болбойт деген кепилдик барбы? Super.kg порталынын «кибер чабуулдардан коргонууда мамлекет алсыздык кылып жатабы?» деген суроосуна Ички иштер министрлигинен «хакерлер кирип, өкмөттүн сайтын бузду» дейин десең, ал жерде эч кандай деле жашыруун нерсе жок» деген жооп узатышыптыр. Бул жооптон улам «ИИМде, дегеле укук коргоо органдарында мамлекеттин жүзүн, имиджин коргош керек деп баш ооруткан киши барбы?» деген суроо жаралат экен.

Наргиза Бекжанова
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
01.09.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болуп турган нерсе,ал эле эмес Медведевдин деле баракчасын талкалап жатышпайбы..
01.09.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хакер, форумдагы хакер эмеспи????? )))))))
01.09.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик расмий сайттар ар кандай чабуулдарга бекем болушу керек го.
04.09.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен информатикмин но хаккер болгум келет дуйнодо болуп жаткан компьютерлердин артынан ичинен кирип чыккым келет озбек тажиктерди ххх элем
Модератор admin_superstan түзөттү 05.09.2014 09:26
05.09.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dosbol, улуттар аралык түшүнбөстүктөрдү жаратуучу комментарийлерге тыюу салынган!
Эскертүү!
06.09.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Досбол азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо