ПРЕМЬЕРДИН КӨЗҮНЧӨ МИНИСТРЛЕР УРУШУШТУ

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

22-августта өкмөттүк жыйындын жүрүшүндө эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ички иштер министри Абдулда Суранчиевге сын айтып, премьер-министрдин көзүнчө «эшикке чык, эркекче сүйлөшөбүз» дегенге чейин барды. А.Алымкулов «ИИМдин жетекчиси туура эмес маалымат таратып жатат» деп ачууланды. Жыйындагы айтышуу тартылган видео учурда интернетте саякаттап, окуяга бүткүл коомчулук күбө болду. ИИМ атайын маалымат таратпаса да, айрым маалымат агенттиктер өздүк булактарга таянуу менен окуяны төмөнкүчө жазып чыгышты:
– Мындан 3 апта мурун Бишкек-Торугарт жолунда унаасын саатына 91 чакырым ылдамдыкта башкарып бара жаткан айым жол кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган. Ал МАИчилердин документти көрсөтүү талабынан баш тартып, орой мамиле жасаган. Бул маалда унаанын жүргүнчүсү да түшүп, эмнеге токтотулгандыгын билүү үчүн инспекторлорго орой сүйлөп баштаган. Кийинчерээк бул адамдар эмгек, миграция жана жаштар министри А.Алымкулов жана унаанын айдоочусу анын жубайы экендиги белгилүү болуп, оозеки айтышуудан соң министр кечирим сурап, бирок айып пул төлөбөстөн жубайы менен кетип калган.
Окуяга байланыштуу комментарий берүүнү суранган журналисттердин суроолоруна министр Алымкулов «аталган факт боюнча комиссия түзүлүп, кимдики туура, ким айыптуу экендигин текшерет» дегенден башка кеп айтпады.
Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы аталган окуя учурда жөнгө салынганын жана тараптардын бири-бирине дооматы жок экендигин билдирди.

Наргиза Бекжанова
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
01.09.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоону рингге чыгарыш керек болду
01.09.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ит кутурсаээсин кабат
02.09.2014. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балык башынан сасыйт,министрлердин кылыгы жаш баланыкындай болуп жатса калганы кайда барат,субардинация деген нерсе болот,маиге штраф толобосо ал ким болуп калыптыр?демек мен да толобойм токтотушса мыйзам баарына бирдей,
02.09.2014. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алиясбек Алымкулов эмне жумуш кылат билбейм. Бул министирлик мамлекетге гана чыгым. Жаштар министирлигин билим министирлигине кошуш керек. Министирликтерди азайтыш керек коп чыгым жумшабай. Аз бирок коп функцияларды аткарган министирликтерди тузуш керек. Кыргызстан калкыбыз аз болгону менен министир, депутат, генералдарга байбыз. Бийликтеги депутат, министр, окмот окулдору озунор учун креслонун санын кобойтпой сапатын кобойткулочу...
03.09.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул силердин мазкарапозчулугунар соокко отту го.
06.09.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул артистер да
07.09.2014. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
министр болсо эле эмне мыйзамды тээлеп тепсесе боло берет экен да, Ички иште министирине ушинтип айьып аткан сон, жонокой маи инспекторлорун тэпкилеп эле салган боолушу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо