Өкмөт: «Жалал-Абад облусундагы ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ атындагы мемориалдык музейди оңдоп-түзөө иштерине 200 миң сом бөлүндү».
- Өлкө боюнча үстүбүздөгү жылдын жети айында 25 МИҢ ТҮГӨЙ нике каттоодон өтүп, 5 миңге жакын түгөй ажырашкан.
- Оштогу облустар аралык онкологиялык борборго РАК ООРУЛАРЫН тез аныктоочу жабдыктар алынып келинди. Буга чейин ооруну аныктоо үчүн 3-4 күн убакыт керектелген болсо, жаңы аппараттар менен бир күн керектелет.
- Бишкектеги ТРОЛЛЕЙБУС АЙДООЧУЛАРЫ маяналарынын аздыгына нааразы. Алар Бишкектин көчөлөрүнүн тардыгынан троллейбустарга шарт оор болуп жаткандыгын айтып, МАИ кызматы тарабынан колдоо көрсөтүүнү талап кылышууда.
- Кочкор районунун акими ЖЫЛДЫЗБЕК ШЕРАЛИЕВ ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде кетти. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
- 3 ай ичинде 100 МИҢ СОМДОН бааланган 4 унаа номуру сатылды. Алар – VIP, Vivat, Boss, MMM деген жазуулары бар мамлекеттик номурлар. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
- Орусиянын Хабаровск аймагында мигранттардын ортосунда жаңжал чыгып, 3 КЫРГЫЗСТАНДЫК, 1 өзбекстандык жаракат алышты. Бул тууралуу 27-августта Орусиянын ИИМинин аталган аймак боюнча башкармалыгы билдирди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
- Абакта жаткан депутат НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИ ден соолугуна байланыштуу ооруканага которушпаса, 10-сентябрдан тартып Нарын унаа жолун тосушарын экс-мэрдин тарапташтары айтышууда. Бул тууралуу тарапташтарынын бири, «Теңир-Тоо» ынтымак коомунун төрагасы Урмат Акунов билдирди.
- Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын мэри МАМБЕТ КОЙЧИЕВ миң доллар пара алып жатканда кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин «пара талап кылуу» беренеси боюнча иш козголуп, мэр камакка алынды.
- 28-август: Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,8 МИЛЛИАРД МЕТР КУБГА аз болууда. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Наргиза Бекжанова
Ширин Турдакунова
politika@super.kg