Чек арада чыр: 2 АДАМ КАЗА БОЛДУ

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

Чек арачылардын маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстандын чек араларында 35 жаңжал катталган. Алардын отуз бири кыргыз-тажик чек арасында, бирөө кыргыз-казак жана үчөө Өзбекстан менен чектеш жерде чыккан. Эсептей келгенде мындай чыр-чатактар айына орто эсеп менен 4-5 жолу болуп турчу көрүнүшкө айланыптыр.

ВОРУХТАН БАШТАЛГАН ЖАҢЖАЛ КУЛАЧ ЖАЮУДА
11-январда Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш — Ак-Сай жолунун курулушун токтотууну талап кылып, Баткен облусундагы суу бөлүштүрүүчү жайды тажик чек арачылары аткылап, 6 кыргыз чек арачысы жана 2 тажик чек арачы жарадар болгон.
10-июлда 30га жакын тажик жараны Баткенде Геревшин дарыясынан Бедек айылына түтүк менен суу алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан. Буга кошуна жарандар таш менен уруп жооп кылышып, ал эми жакын жерде жүргөн тажик чек арачылары да ок чыгарышкан. Тажикстан басылмалары бул окуядан бир чек арачы каза болуп, бешөө жаракат алганын билдиришкен.

СОҢКУ ЧЫР 2 ТАЖИКТИН ӨЛҮМҮНӨ АЛЫП КЕЛДИ
25-август күнү кечке жуук Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, тактала элек аймакка тажик тарап 800-900 метр ичкери кирип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылган. Мындан тышкары Тажикстандын Овча-Калача аймагынын тургундары Гүлакандоз суусу аркылуу өтчү кыргызстандыктардын Сай аймагындагы көпүрөсүн экскаватор менен талкалаганга аракет жасашкан. Кыргыз чек арачылары мыйзамсыз ишти токтотууну талап кылышканда, коңшу мамлекеттин жарандары аларга таш ыргыта башташкан. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, курал колдонууну биринчи тажик чек арачылары баштап, атүгүл 4 ирет миномёттон атышкан. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу болгон. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан 5 адам жабыркады деп чыкты. Эртеси Тажикстандын бир офицери жана жергиликтүү тургуну алган жаракаттардан каза табышкан.
26-августта президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевге кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү, ошондой эле мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

МИНОМЁТТУН ОГУ КАРАПАЙЫМ АДАМДАРДЫН КОРООСУНА ТҮШТҮ
Ок атышуу күнү тажик тараптан атылган 4 миномёттун миналарынын бири Лейлек районунун Максат айылынын жашоочусунун короосуна келип түшкөн.
Атышуу болгондун эртеси тажик жарандары Максат айылындагы мектеп директорун сабап салышкандыгы да айтылууда. «Кулунду айылынын тургуну тажик жарандары тарабынан сабалды» деп Бакир Арзыбаев super.kg порталына билдирди. «26-август күнү эртең менен иним
Салибай Арзыбаевди тажик жарандары тосуп алып сабап салышкан. Ал Максат айылындагы орто мектептин директору болуп иштейт. Кулунду айылынан унаасы менен жумушка бара жаткан экен. Учурда ал аймактык ооруканада жатат»
,- деди Б.Арзыбаев. Лейлектеги Кулунду айылынын тургуну Шайырбек
Орозалиевдин
айтымында, 25-августта кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан кооптонуп, 5-6 үй-бүлө жакынкы айылдарга түн жамынып чыгып кетишкен.

ЭКИ ТАРАП ЭМНЕНИ СҮЙЛӨШҮШТҮ?
26-августта Баткен облусунун Интернационал айылында Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, болуп өткөн окуялардын себептерин жана келтирилген материалдык чыгымдарды талкуулашты.
27-августта Бишкекте Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен кеңешмеси болуп өттү. Анда кыргыз тарапты КРнын вице-премьер-министри Абдырахман
Маматалиев
, ал эми тажик тарапты Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон жетектеди. Кеңешме жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган. Тактап айтканда, тараптар Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш (Тажикстан Республикасынын Точикон айылын айланып өтөт), Исфара – Ворух унаа жолунун (Кыргыз Республикасынын Ак-Сай айылын айланып өтөт) айрылыштары боюнча төртүнчү ирет иштелип чыккан вариантын бир мезгилде куруп баштоону макулдашты. Тараптар 2014-жылдын 31-мартындагы өкмөт аралык келишимдин негизинде эки көпүрө жана ага жакын жол тилкелерин 5-сентябрга чейин куруп баштоону макулдашышты.

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
01.09.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
макулдашканы менен резултат жок.
01.09.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терреториялык бутундук бул деген мамлекеттин эн башкы атрибутуго! Кайсы олкодо башка диаспаралар оз улутунун тилинде мектептер, универлери бар? озбекстан, тажикстанда Кыргыздар ошолордвн мектеп, универ тугул ошолордун тилинде суйлошот.Куйбой кул болдум
01.09.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге улутчул эр азамат каны 1000% Кыргыз аялыда,токолуда Кыргыз президент керек!Тотталитардык режим керек! Жон эле очуруп койгула э, бан кылбай
01.09.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken, провокация жаратканыңыз үчүн эскертүү!
02.09.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nou komment
05.09.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dosbol, провокацияга жол жок!
5 күн БАН!
06.09.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чек араны козомолго алган ооо биздин чек ара кызматынын башчыларынын озунун ишин толук кандуу билбегендиктен.кандай бул чек араны 23 жылдан бери аныктай албаса.биздин бийлик.ел башчылар емне иш кылып жатат м.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо