№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
Кыргызстанда бензин баасынын кымбаттоосу уланууда. Жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы 15 пайызга өстү. Муну 3-сентябрда нефтетрейдерлер менен жолугушууда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков билдирди.
Күйүүчү майдын АИ-92 маркасынын баасы 45 сом 30 тыйынга жетти. Айдоочулардын айтымында, күн сайын бул баа көтөрүлүүдө. Эксперттердин маалыматтарына ылайык, бензин сентябрь айында дагы 5 пайызга кымбаттайт.
Өлкөдө мындай кырдаал бир нече себептерден улам болуп жатканын нефтетрейдерлер айтып жатышат. «Биринчиден, орус-казак жана кыргыз-казак чек арасында күйүүчү май толтурулган миңдеген вагондор бир нече айдан бери Кыргызстанга өтө албай турушат. Экинчиден, Орусиянын өзүндө бензин дефицит болууда. Заводдор күзгү оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин баалар түшө баштайт. Октябрь айына чейин бул маселе чечилип калышы керек»,- дешет нефтетрейдерлер ассоциациясынан.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |