ЧЕК АРА КАЗЫКТАРЫН ОРНОТУУНУ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАТКАНДАР ЖООПКО ТАРТЫЛАТ

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж

Талас облусунун Кара-Буура районунун тургундары Казакстан менен чектеш аймагына чек ара казыктарынын кайрадан орнотулушуна каршы чыгып тоскоолдук көрсөтүштү. Алардын айтуусу боюнча, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын макулдашуусу менен кыргыз-казак чек арасынын демаркация иштеринин натыйжасында Ак-Сай жана Көк-Сай жайлоолору Казакстанга берилип жатат.
Өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында, кыргыз жерлерин Казакстанга жашыруун өткөрүү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. «Эки мамлекет аралык чек араны делимитациялоо процесси 2001-жылы жыйынтыкталып, ал 2008-жылы ратификацияланган. 2013-жылы кыргыз-казак чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынында 2744 гектар аянттан турган жер тилкелерин алмашууга байланыштуу келишим жокко чыгарылган. Ал 2012-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Талас, Чүй облустарынын жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун акими менен болгон жолугушуусунда орун алган. Бул чечим Талас облусундагы жана Казакстандын Жамбыл облусундагы «Канал быстроток», «Чоң тилке», «Кичи тилке» аймагындагы чырлуу абалды жоюу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо максатында кабыл алынган»,- дейт Искандаров.
Ал ортодо вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 31-август күнү Таласка иш сапары менен барып, аймактык күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту. Кеңешмеде аймактагы коомдук-саясий кырдаал, кыргыз-казак чек арасындагы демаркация иштеринин үзгүлтүккө учурашы талкууланды. ОИИБи жана УКМКнын облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин маалыматын уккан вице-премьер чек ара түшүнбөстүгү боюнча ишти териштирип, 10 күндүн ичинде күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмасын берди.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
08.09.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олот го.Жакында кыргызстанды толук берип кул болобуз го.
08.09.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн эле манкурт атка минерлер бир гана Кыргызстанда калгандай сезилет кээде...
08.09.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жерибиздин четинен берип отуруп туготмой болду ушу бийликтегилер.
11.09.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек ара казыктарын орнотууну үзгүлтүккө учураткандарга "Эл Баатыры" наамын беришсин!!! Жер силердин жеке менчик мурасыңар эмес хей бийликтегилер!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо