Тургуналы Нурматов: «УБАГЫНДА УДААСЫНАН 17 КҮН КОНЦЕРТ БЕРГЕМ»

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж

«Кыргызымдын жигиттери», «Жымыңдайт жылдыз», «Той ыры» аттуу обондору менен элдин жүрөгүнөн орун алган Тургуналы Нурматов эсиңизде чыгар. Ырчынын таскагы 90-жылдарда чыгып, ал жараткан ыргактарды азыркы муун да сүйүп угат. Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган ырчыга жолугуп, жай турмушта
кеп курдук.

– Жайытын сагынбас ат, жаштыгын сагынбас эр болбойт. Жашыңыз өрдү таяган мезгилде артта калган күндөр эске түшпөй койбосо керек?
– Жаштык десе Талас облусунун Боо-Терек айылы, анда калган балалык, жаштык күндөр көз алдыма тартылат. Атам бизди чынчылдыкка тарбиялады. Аябай катуу кармачу, бирөө менен мушташып, токмок жеп келген күндөрү болушкандын ордуна сабачу эле. Кичине кезимден эле орой адамдарды жаман көрчүмүн. Классыбызда толук бир бала бар болчу, бардыгыбызга кыйынсына берчү. Көргөн сайын аны кинодогу терс каармандардай элестетчүмүн.
4-класстан баштап ырдап, чыгармачылыкка кызыгуум арта баштады. Мандолина ойноп, анча-мынча ырдай да коюп жүрдүм. 6-класста окуп жатканда атам аккордеон сатып берген. Бала кезде керемет нерселерди көрсөң, укмуштуудай жерлерге барсаң баары түшүң болуп чыгат эмеспи. Аккордеон алып бергени кыялым же түшүм болуп калбаса экен деп корко берчүмүн. Мектепти аяктагандан кийин Ош педагогикалык окуу жайына тапшырдым. Ал жерде залкар талант Рыспай Абдыкадыров иштечү. Ал мага атадай камкорлук көрсөтүп, талантымдын өркүндөшүнө салым кошту.

– Андан кийин обологон обондорду жаза баштадыңыз...
– Студенттик кезде пахта тергенге барчубуз. Окууга тапшырганга чейин апамдын жанынан чыкчу эмесмин. Бир туугандардын ичинен апама өтө жакыны мен болчумун. Анткени менден мурун төрөлгөн эки эжем чарчап калып, мени ушунубуз туруп калсын деп атымды Тургуналы койгон экен. Кичинемде көп ооруп, аябай эрке болуп өстүм. Пахтада жүргөн учурларда апама болгон кусалыгым күчөп, алгачкы «Эстейм, апа» деген ырды жазгам.

– Кээ бир ырларыңыздын сөзү дагы, обону дагы өзүңүзгө таандык. Көбүнчө кайсы акындар менен иштешчү элеңиз?
– «Бир баш жакшы, экөө болсо андан да жакшы» дейт эмеспи. Мен сөзгө аябай баа берчү элем. Акылдашып, кеңешип анан жаратчумун. Эргүү келип калса, өзүм дагы калем шилтеп коём. Бир жолу Ошто концерт коюп жүрсөк, бирөө «тойго келип ырдап бербейсиңерби, саат 6да башталат» деп калды. Той деген сөздү уккандан кийин жүрөк туйлап, ушул темада ыр жазгым келип, эртеден кечке отуруп «Той ыры» деген ырымды жазып, тушоосун ошол тойдо кескем. Ушул ырымдын өмүрү узун болду. Той гимнине айланып, тойлордо жаңырып калганда кубанып калам. Жалпысынан 60тан ашык обондорум бар.

– Чыгармачылыгыңыздын добулбасы жаңырып турган учурлар кайсы жылдарга туш келди?
– Чыгармачылыктын гүлдөгөн мезгили 90-жылдарга туура келди. Ал учурда биз концерт коюп жергебиздин жети дубанына бардык. 1990-жылы филармонияда 17 күн концерт койгонбуз. Эл агылып келип, жакшы кабыл алган. Концертте бир тууган иним, гипнозчу Бейшеналы Нурматов өзүнүн өнөрлөрүн элге тартуулаган. Ошол учурда чыгармачылыгымдын жемишин таттым десем болот. Түшкөн каражатка Бишкектен, Таластан үй сатып алгам.

– Эл оозунда элек жок. Сиз тууралуу «Чубак Сатаев өткөндөн кийин анын ырларын автордук ыр катары ырдап чыгып атактуу болуп кетти» деген сөз айтылып жүрөт?..
– Бул жөн эле айтылган кеп. Чубак экөөбүз 10 жылдай бирге жүрдүк. Бири-бирибизге чыгармачылык шык, түрткү берчүбүз. Ал мага жолуккан сайын «Туке, сенин ырларың жакшы» дей берчү. Экөөбүз айылда бирге иштеп жүрдүк. Мен Маданият үйүнүн орун басары, ал Көркөм кеңештин жетекчиси болчу. Тамашалуу ырларды ырдап баарыбызды күлдүрүп калчу.
Бир жолу айылда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп калды. Мен Чубакка «кете берейин, менин кызмат ордум сенден жогору, сен кал» дедим. Ал «ээ, Туке, клубду кулпу кайтарат, экөөбүз тең кетебиз» деп тамашалаганын ар дайым эстей берем. Экөөбүз бирге жүрүп эки күн айрылышкан учурубуз болгон жок. Көзү өткөндөн кийин элесине арнап «Жан Чубак» деген ырымды жазгам.

– Тагдырга баш ийбешке арга жок. Башыңыздан көп турмушту өткөрдүңүз. Чыныгы сүйүүгө кезиге албай жатасызбы?
– Биринчи жубайымды ата-энемдин кеби менен алгам. Андан 5 балалуу болдум. Балдарым менен катташып турам. Турмуш экен, эки айрылыш жолго түштүк. Кийинки турмушумдан бир уулум бар, 4 жашка чыгып калды. Чыныгы сүйүүгө кезиктим деп айта албайм. Эки-үч жыл өтсүн, анан айтып берем (күлүп).

– Тургуналы Нурматов дегенде «Кыргызымдын жигиттери» деген ыр эске түшөт. Ушул ырыңызды «намысымдын аркасынан жараттым» деп калчу элеңиз?..
– Бир жолу «Өзбегимдин жигиттери» деген ырды угуп калдым. Аябай таасирдүү жазылыптыр, таасирленет экенсиң. Ошол ырдан кийин эмне үчүн кыргызымдын жигиттери деген ыр болбош керек деген ой пайда болду. Ойлонуп-толгонуп обонун жаздым. Анан мыкты текст издей баштадым. Көп акындарга кайрылып купулума толгон сөздү кезиктире албай жүрдүм. Байдылда Сарногоевге кезигейин деп «Ош базардан» бозо ичет» дегенди угуп, күтүп жүрүп жолуктум. Ал «балам, жаш кезде жолукканда мыкты сөз жазып берет элем» деди. Бир күнү Кыялбек Урманбетовго барып обонду угузуп, «сөзүн жазып көрбөйсүңбү» дедим. Макул болуп, 5-6 жолу кезигип, кеңешип сөзүн жазып бүтүрдүк. Аталган ырдын үстүндө жалпысынан бир жылга чукул иштедим.

– Азыр Тургуналы Нурматов кайда жүрөт деген суроо көп туулат. Эмне менен алек болуп жүрөсүз?
– Бардыгын ден соолук чечет экен. Дениң сак болсо ырдайсың, обон чыгарасың. Азыр тойлорго чакырышат. Ырдап, тамадалык кылып коём. Кээде обон жазгым келет. Жубайыма «сага арнап ыр жазайын» десем «макул» деп күлүп коёт. Учуру келсе, жубайыма арнап жакшы ыр жаратсам деген оюм бар.

– Байкашымча, сабырыңыз суз, көкүрөктө көп өкүттөр бар сыяктуусуз...
– «Ден соолугуң болбосо колуңдан эч нерсе келбейт» деген кеп туура экен. Бардык нерсе адам баласынын саламаттыгына байланыштуу. Эч жериң оорубаса, куландан соо болуп жакшы маанайда жүрөт экенсиң. Бир жериң ооруй калса, эч нерсеге көңүлүң жок боло түшөт.

«Ата-энем бизди чынчыл болууга тарбиялаган».

«Чыгармачылыгым гүлдөп турган учурларды ушул сүрөтүм эске салат».

Султан Төрөбеков
star@super.kg


Тургуналы Нурматов: "Жашоодон кыргыз элинин пейилин таптым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(61)
08.09.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздору Айгеримге окшош ко
SUPER.KG видео
08.09.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АПам айтса ишенчу эмесмин.Элдин баары эле билет тура,корсо....
08.09.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздору Айгеримдин козуно окшош экен дегеним
08.09.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим Тургуналы Нурматвдын кызы экени чын бирок тапкандыкы эмес баккандыкы да бир жолу мен ойлойм Расулдун эле кызы деп угунча чонойтуп куйого берди Нурматв оозуна да албаптыр го
SUPER.KG видео
08.09.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле айгеримдин атасы агайдын апакем деген ырындабы айгеримдин кичинесида бар эле бир коргомун эсимде.Баккан жакшы корунот расул агай оз атасындай болуп калды
SUPER.KG видео
08.09.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айгерим тоюна чакырбаганы деле жакшы болуптур. өзүнүн канынан жаралган кыз болгондон кийин жок дегенде байланышып кабар алып турганга жараган эмес окшойт. А Расул байке чындыгында эле азамат экен. Ар бир эле эркек бирөөнүн баласын өзүнүн баласындай багып чоңойтуп эл көзүнө алып чыгып жылдыз кыла албайт. Расул байке Айгеримди ушунча багып өстүрүп, ал гана эмес эл алдында чоң той берип узатты б.а.
SUPER.KG видео
08.09.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы аталык милдетин аткарды. Бар болсун!
08.09.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантсе да, жаманда болсо атан деп айтышат го.
SUPER.KG видео
08.09.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай эле окшош экен...
Менин кайын энем да айткан эле, Айгерим ырдап калса эле ии Тургунаалы Нурматов агайдын кызы деп.
08.09.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn ele Aigerim Turgunaaly Nurmatov agaiga ayabai okshosh eken, kopiya.
SUPER.KG видео
09.09.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бирок Расул Маматкулов дагы азамат...Оз кызындай кылып,багып чонойтуп,узатып.
SUPER.KG видео
09.09.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бироонун кызын баккан менен озунун Айгеримден улуурак кызы ЖОЖдон окуубай айылда эле журот андан коро ошого поддержка кылса болмок
SUPER.KG видео
09.09.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдап жургон баласынын эжеси
SUPER.KG видео
09.09.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээххх.. аябай журогум ооруп кетти негедир(
кудай буйруса мен куйоого тийсем атамды чакырам,буга чейин эч ойлогон да эмес элем, Тургуналы агайдын интервьюсу аябай таасир жаратты мага( коздорунон корунуп турат аябай кыйналып турагансып же болбосо таарынгансып....
09.09.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайы бир нерсе угайлы.Сенсация кылалы деп интервью алган гоо чамасы.Бала тапкандыкы эмес,баккандыкы,бирок адам баласы генине тартат.
09.09.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Айгерим чынында кызы Ош шаарынан болушат,менин жердешим,,,
10.09.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mir94, Таластан болот окшойт башын окусаныз
SUPER.KG видео
10.09.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшош экен чынында. Кудайым адам баласын ар кандай сыноо менен сынайт экен даа.
10.09.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле бет тузулушу, коздору Айгеримге окшош экен. :)
SUPER.KG видео
10.09.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оз кызындай коруп кенедейинен чонойнткон Расул Маматкуловго баа бердим эркек деп ушуну айтыш керек кее бир эркек соройлор даже оз канынан жаралган баласын таштап кетип атпайбы
SUPER.KG видео
11.09.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzdar ,baldar,- ''Asyrandy balany aiyl4y katyn 4ygarat'' - bolbogula ! Siler soz kylyp jatkan insandar - kyrgyz eli syilagan belgiluu insandar ! Men silerdin talashynarga oto naarazy bolup turam. Adamdyn jeke turmushun soz kyluu- oto madaniatsyzdykka jatat... Turgunaly agai- suzdi -kyrgyz eliniz syilait. Kyrgyz elinizdin aldynda, kyrgyz sahnasynda- ar daiym bar bolunuz!!!
SUPER.KG видео
11.09.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jashtar biroogo syntagyp jatkanda, ozumdun turmushum kandai bolot boldu eken ,-dep oilono jurgulo.Ar bir suilop sozundun joobun aldyda jashoo synagy joop beret.
SUPER.KG видео
11.09.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar bir suilop jatkan sozundun joobun aldyda jashoo synagy joop beret.Ozunordun bagynardy tilegile !!!
11.09.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушак чыгарган эле машпыз. Айгеримдин апасы Тургуналы агайга турмушка да чыкпаса, каяктан аны кызы болот.
SUPER.KG видео
11.09.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooo
SUPER.KG видео
12.09.2014. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
денсоолунуз чын болсун бар болун....
12.09.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой,чын эле копия экен. Бирок,экоо уйлонбосо кайдан дейм да
SUPER.KG видео
12.09.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
el oozunda elek jok dep koiot go ushunu kantip ushul jaka jazip jatasinar? Aigerim uksa emne bolot? Rasul baikenin ui buloosu uksa juroktoru ooruit da bashka biroonun jeke jashoosun emne kilabiz? Erten ele ozunorgo kaitip kelet da. Erten emne boloorun bilbeisinerda je bilesinerbi???
13.09.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгеримдин Чыныгы атасы Туке болсо чыныгы апасы ким экен а?
SUPER.KG видео
14.09.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон бери кутуп журчу элем Тургуналы Нурматовдон интервю алышса экен деп.Таланттуу, мен сыйлаган ырчылардын бири эле.Агайды коруп алып бир чети кубансам, бир чети аябай ыйлагым келди.Эмнеге сахнага чыкпайт десе ооруп жургон турбайбы.Аллах чын ден соолук берсин сизге, оорубаныз.Сиздин ырларыныз кыргыз элинин журогундо, талантынызды эл билет, эл сыйлайт!
07.11.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага,баарынын биографияларын айтып берип оозум Ош базары жакты карайн деп калды эле ,эми американы карап бурулуп калды. Коп нерседен атта калыпмын го я.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо