НАСЫБАЙ ЖЫНЫСТЫК ШАЛДЫККА ЖЕТКИРЕТ

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

Кээ бир эркектер тамекиге караганда насыбайдын анчалык зыяны жок деп эсептеп, аны чегишет. Чынында ошондойбу? Дарыгерлер насыбайдын зыяны тууралуу кандай маалыматтарды айтышат? Буларды билүү үчүн изилдеп көрдүк.

«КУРАМЫНА АКИТАШ МЕНЕН КЛЕЙ ДА КОШОБУЗ»
Алгач Бишкектин «Ош базарынын» насыбай сатуучу катарына баш бактык. Дароо мурдубузду насыбайдын жагымсыз, көңүл айныткан жыты өрдөп, жыттан улам көзүбүз да ачышып чыкты. Сатуучулардын ичинен ЫСМАЙЫЛ аттуу жигит насыбай тууралуу маалымат берүүгө макул болду.
– Мен 5 жылдан бери насыбай сатам жана өзүм да 15 жылдан бери тартып келем. Бул катардагылардын баары Баткендин насыбайларын сатабыз.
Курамы мындай: 1 килограмм насыбай үчүн 1 килограмм тамеки, 1 килограмм жыгач отундун күлү, 200 грамм акиташ, 200 грамм желим (клей), 1 литр суу кошобуз. Кадимки туш кагаз (обои) чапталуучу желимди колдонобуз.
Эми Бишкектеги дарыгерлерге жолугуп, насыбайдын организмге тийгизген зыяндары тууралуу маектештик.

"ООЗ КӨҢДӨЙҮНДӨ РАК ООРУСУН ЖАРАТЫШЫ МҮМКҮН"
МУРАТ КОЙЧУБАЕВ, «Биринчи стоматология» ААКсынын стоматологу:
– Насыбайдын курамындагы акиташ ооздун былжыр чел кабыгын күйгүзүп, оюп, жара кылат. Узак жылдар бою насыбай тарткан адамдын кекиртегинде же ооз көңдөйүндө рак оорусунун жаралышы толук мүмкүн. Насыбай ооздогу даам сездирүүчү рецепторлордун сезгичтигин мокотот. Ошон үчүн адам бара-бара даамды жакшы сезбей калат. Ооздогу шилекей бези сезгенип чоңоёт да, шилекей көп бөлүнүп чыга баштайт. Ошондуктан насыбай чеккендер төөчө түкүрүнүп басып жүрүшөт. Ооз сасык жыттанат, тиштердин өңү өзгөрөт.

"ЭСКЕ ТУТУУ ТӨМӨНДӨЙТ"
ШАЙЛООБЕК ӨМҮРАЛИЕВ, Бишкектеги «Дем Нур» жеке наркологиялык борборунун директору:
– Айрымдар тамекиге караганда насыбайдын зыяны анчалык эмес деп жаңылыш ойлошот. Биринчиден, тамеки фабрикаларда санитардык жактан таза жерде жасалса, бул колдо жасалат. Антисанитардык жерде жасалгандарына ооруну жаратуучу түрдүү микробдор кошулуп кетет. Анан да жасаган киши сарык же кургак учук сыяктуу оорулар менен ооруса, насыбай аркылуу ал оорулардын жугуу коркунучу чоң.
Насыбай жеңил баңгизат түрүнө киргендиктен, аны чеккенде адам эс-мас тартып, нерви эс алып, күнүмдүк маселе унутула түшөт. Андыктан көбүнчө өспүрүмдөр бир маселеге кабылганда аны унутайын деп насыбай чегип, бара-бара көнүп кетишет. Тамекидеги никотин адамда көз карандылыкты пайда кыларын эч качан унутпашыбыз керек.
Насыбай тартканда кан басым жогорулап, жүрөк бат-баттан согот. Бул билинбей жүрүп отуруп жүрөк-кан тамыр ооруларын (анын ичинде миокарддын инфаркты, инсульт) жаратат. Насыбай чеккенде кан тамырлар ичкерет да, мээге кычкылтек жетишпей, мээнин иштөөсү бузулат. Акырындап унутчаактык келип чыгат. Ойлонуу, кабыл алуу, эске тутуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.
Ошол себептүү насыбай чекпөө, чеккендер аны таштоолору кажет. Өз алдынча таштай албагандарга нарколог врачтар жардам беришет.
Дүйнөдө оорулардын ичинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар жана көз жумгандар саны боюнча 1-орунда турат. Жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратуучуларга тамеки жана тамекиден жасалчу насыбай да кирет. Кыргызстанга бир канча жыл мурун Финляндиядан атайын изилдөөчүлөр тобу келип, биздин Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте изилдөө өткөрүшкөн. Ошонун жыйынтыганда өлкөбүздө 1 жылда 10-15 миң адам тамекиден, насыбайдан өлөрүн маалымдашкан.

"МАЙЫП БАЛДАР ТӨРӨЛҮШҮ ЫКТЫМАЛ"
ЖУМАН МЫРЗАЛИЕВ, Улуттук госпиталдын алдындагы Урология борборунун №3-заара жолдорунун таш оорулары бөлүмүнүн жетекчиси:
– Насыбайдын курамы зыяндуу заттардан тургандыктан, эркектерде бара-бара уруктун иштелип чыгуусу бузулат. Башкача айтканда, уруктук клеткалардын жаралуусу, өсүп жетилүүсү начарлайт. Бул майып баланын төрөлүшүнө алып келүүсү толук ыктымал. Эркектер насыбай чеккенде жыныстык даремети убактылуу канча бир мүнөткө күчөгөн менен акырындап жүрүп отуруп жыныстык жактан шалдыкка (импотенция) жеткирет. Андыктан убактылуу кумарга азгырылбай, эртеңки күндү, дени карды сак балалуу болууну ойлоо зарыл.

"ГАСТРИТТИН ЖАРАЛУУ КОРКУНУЧУ БАР"
ЛЮДМИЛА БАЙМАТОВА, Бишкектеги Кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун врач-терапевти:
– Насыбайдын өзүн же аны чеккенде шилекейди жутуп алуудан ашказан, ичегилер сезгенет. Бара-бара гастрит, ашказан-ичеги жаралары пайда болушу мүмкүн. Насыбайды көбүрөөк өлчөмдө жутуп алган адам ууланат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Насыбай тукумсуздукка алып келеби?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
13.09.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир таксыр молдекеден сурайт мен тарат алып жатып унитазга насбай слып жургон асбапты тушуруп жибердим анан аны алып жубуп тазалап иштетип журом эчнерсе болбойбу дейт молдеке унитазга тушкон кезде капкагы ачылып насбай чачылып кетбедиби деп сурайт жок деп айтса молдоке ЖАРАТКАНГА шугур туалетти булгап койбобсун деген экен.
SUPER.KG видео
13.09.2014. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Насвай чекен кайф гоо эээ насвайчиктер
SUPER.KG видео
13.09.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nasvai tartkandar aman ele bolsun..... fuuuuu...... ozunar sasyp ele jurosunor...... prosto ozunor konup zavisimyi bolup kalgansynar da......
SUPER.KG видео
15.09.2014. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки чымын бок жеп отурса жолдо отуп бараткан бир адам оозундагы насвайын тукуруп отуп кетиптир, анан чымындар блин чочко аппетитти бузду дешип коондору айланып бокту жешалбай кайра башка жака учуп кетишиптир. Ха Ха Ха Ха Ха насвайкештер эээээйййй сассыктар )))))))))))))))))))
15.09.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ана ана! Насвай чексенер аспабынарга зыян экен. Мектепте туалетке кирип чыгып эле галдирап недоступен болуп туруп калышканын коруп калчу элем.
15.09.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Patrik, Боорду эздинго НЕДОСТУПЕН деп
15.09.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
otoo zyian nerselerden jasalat eken den soolukka da zyiany kop eken omurun kyskartyp chegip emne kylywat bilbeim
15.09.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр жаш кезде анча билбей чегип журо бересинер тамекисин да насвайын да. Кийинчерээк "братишканар" чарчаганда бачагынар чыгат.
SUPER.KG видео
15.09.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи байлык ден-соолук, Кудага шугур мен миллиардермин. мен озумду кармай билем.шугур ушшуну татып корбогонумо.рахмат авторлорго.озуго корунушунон еле билчи елем.
SUPER.KG видео
16.09.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхэ жакшы комментарийлер жазылыптыр!мен дагы кошулам!Бирок азыркы жашоодо пайдасынан зыяны коп нерселер абдан коп кезигип жатат ко!аны айтпаса деле озунор билесинер!даны жакшы насвайды кытайдан ташышпаганы!;)
SUPER.KG видео
16.09.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени аябай ойлондуруп койду
16.09.2014. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдо жасашат экендаа, сасытып эле ар бурчка тукурунуп коюп чегесинер, мына пайдасы. Эми дагы чеккиле
16.09.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо молодцы.ушундайды окуп чекчилер тартчылар таштаар деп ойлойм.
17.09.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык зыян экенин билбегем экен
17.09.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги бул зыян экенин билип турупда чеккендер аз эмес
18.09.2014. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
насыбай аткан жигиттер, ойлонгула! Бул аябай жаман нерсе.
19.09.2014. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен чекениме 8 жыл болду, таштай албай жатам ташташыда кыйын экен. Жаман арыктадым.
19.09.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тамекини таштайын деп насвай уйронуп аттым эле. Тамеки чегип журо берсем окшойт.
19.09.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооктун кыгын дагы кошот дешет,бирок аны айтышпайт да жасагандар
19.09.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
patrik вообще олтурдун ай недоступен ой боорум...
19.09.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Moke тамекини таштайм деп насвайга,анан насвайды таштайм деп пивого, пивону таштаганга арака отосунбу. Аракты эмнеге алмаштырасын анан.?
20.09.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен билгенден насыбайды кыздарда чегет, алардыкы не болот анда?
20.09.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вооо мыннаааа.ушундайларды кобуроок жазыныздар.балдарга окуп бердим эле ойлонуп калышты,дагы коркунучтуу нерселерди жазганда апыртып
SUPER.KG видео
20.09.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талашсанар деле талашпасанар деле пайда жок аркимдин озуно нысап берсин ар нерсенин озунун кумары бар эмеспи насвайдын кумары да укмуш насвай чекендер билет насвайсыз туалетке баргын келбей калат менин башымдан откон насвай чекен адамга уйдун эмес адамдын нерсесин кошсонда коруп туруп чегеберет 12 жылдан ашык чектим тамекини таштайымын деп уйронгомун азыр кудайга шугур тамеки менен насвайдан таза кутулдум аракет кылсанар берекет биз кыргызбыз баарын женебиз аракет кылгылга насга жолобогула
20.09.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наска эчкандай тооктун кыгын и уйдун заарасын кошпойт ал жон эле соз негизинен жакшы настын составы нас тамеки кок терек же бака теректин кабыгы аны кулу суу болду болгону ушул
17.11.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbai, Туура айтасың.Бищкектеги нас саткандар настын чыныгы составын бузуп салган(комерция),каяктагы клей,каяктагы аки таш.Дыйкан насвай составында:кара тамеки,көк теректин күлү жана ширеч(тоодо өсүүчү гүлдүн тамыры),суу.
21.09.2014. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахмад жана башкалар риваят кылышкан: Мухаммад САВ: "Мусулман адамдын ыйманынын туу чокусу - өзүнө пайда бербеген нерседен баш тартуусу", демек, зыяндуу нерселерден алыс бололучу достор...
21.09.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Насыбай туалетке тушуб кетсе аны да арам кылат экен,так что ойлонгула.
21.09.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушу насыбайды чекпей койгулачы сасыбай.
SUPER.KG видео
02.10.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсимде складка кирсем бурчта тоолтура чычкандын богу бар экен классташыма карта мелдештен насвай карыз элем кошуп берсем начар назвай экен эсилген экинчи ал жактан алба деди эле 9-класста эстеп кеттим)))
10.10.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жытыны оло жаман кором
23.10.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сасыбай турган адам
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо