Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгында "Ала-Тоо" аянтына Манас бабабыздын эстелиги коюлуп, Алмазбек Атамбаев бул ишке башкы демилгечи жана демөөрчү болгон. Кырк уруунун башын бириктирип, курама жыйып журт кылган айкөл Манас атанын жолун жолдоо ниетин билдирип, өлкө бүтүндүгү, эл биримдиги үчүн иштеп келе жаткан Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата анын таржымалына токтолгону турабыз.
Атамбаев Алмазбек Шаршенович Чүйдүн Арашан айылында 1956-жылдын 17-сентябрында үй-бүлөдөгү эки уул, бир кыздан кийин туулган. Атасы Шаршен сот системинде, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. Мектептен соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан. Сейитбек, Сейтек, Кадыр аттуу 3 уулдун жана Диана, Динара, Алия аттуу 3 кыздын атасы.
Чоң саясатта 1995-жылдан бери келе жатат. Ошол жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келип, 2000-жылы президенттик шайлоодо 3-орунду ээлеген. 2005-жылдын Март окуясына чейин оппозициялык жээкте акаевдик кландык-авторитардык режимди кулатуу үчүн күрөшкөн саясатчылардын сап башында турган. 2006-жылы Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев баш болгон жоон топ саясатчылар «Курманбек Бакиев саясий реформаларды жүргүзүүнү токтотту, криминалды колдоп-жактап жатат» деген нааразычылыктар менен ири масштабдуу митингдерди өткөрүп башташкан.
2007-жылдын март айында оппозициянын атынан бийлик менен иштешүү макулдашуусуна келип, өкмөт башчылыкка бекитилген. Эки айдан соң ууландырылып, Түркияда дарыланууга аргасыз болгон.
2009-жылы президенттик шайлоого оппозициядан бирдиктүү талапкер катары чыгып, бийликтеги талапкер Бакиевге олуттуу «баш оору» жараткан. Шайлоо жүрүп жаткан 23-июль күнү «добуш берүү учурунда массалык мыйзам бузуулар болгонун» айтып, шайлоо мыйзамсыз деп жарыялануусун талап кылып чыккан.
Медет Садыркулов сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер өлтүрүлгөнүнө, өмүрлөрүнө чоң коркунуч жаралып турганына карабай оппозициядагы саясатчылар Курманбек Бакиевдин кандуу режимине каршы чечкиндүү күрөшкө чыгышты. 2010-жылдын 7-апрелине караган түнү бийлик тарабынан бир тобу камакка алынып, эртеси "Ала-Тоо" аянтына агылып келген эл бийликти кулатуу менен оппозиция лидерлерин бошотуп алды. Эгерде ошол күнү митингчилер жеңилүүгө дуушар болушса, Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыздын бир нече азаматтарынын тагдыры бүдөмүк бойдон калмак.
2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо өтүп, 16 талапкердин ичинен Алмазбек Атамбаев жеңишке жетти. Үй-бүлөсүн коомчулуктан, бийлик иштеринен алыс кармагандыгы менен айырмаланган Алмазбек мырзанын мамлекет башчылык милдетине киришүү боюнча ант берүү аземине жубайы Раиса Атамбаева, уулу жана кызы катышкан.
Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып жаткан жылдары Кыргызстан Орусия, Түркия жана Кытай менен тыгыз кызматташууга багыт алды. Ошондой эле «жарандык аэропортто аскердик база болбошу керек» деген убаданын өтөсүнө чыкты. Ушул жылдын июль айында террорчулукка каршы коалициянын авиабазасы, АКШнын куралдуу күчтөрүнө караштуу Транзиттик жүк ташуу борбору «Манас» аэропортунан чыгарылды.
Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтү жарымына жакындап калды. Ант берүү учурунда «Кайсы бир күчтөрдүн, өлкөлөрдүн акчасына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы. Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт. Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык. Биз эч качан кул болбойбуз» деп айткан. Алдыда дагы үч жыл турат, жол башчыга үмүт арткан, убадасын аткарат деп күткөндөр азыр да арбын.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"коп тукурсо,кол болот" - дейт. Алмазбек Шаршеновичтин кылып жаткан иштерин силерге окшогондор жокко чыгарып жатат.
АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ туулган кунунз менен.Элдин ишеничин актайс деген уммуттомун.
Ошондой эле провокация жарата турчу комментарий жазуудан алыс болуңуз!
-Саясатчылар тойгондо дейсинби я?
-Иии это значит никогда:-(
-Эми оздору олсо туугандары, балдары, ойношторунун туугандары, балдары,дагы ким ой толтурада эми.
Эми кантебиз?:-(
messi.kg, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынган!
Эскертүү сызыктарыңар толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!