ГАЗДЫН БААСЫ АРЗАНДАШЫ МҮМКҮН

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

«Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт жана «Майлуу-Суу IV» кениндеги жаратылыш газынын запасы менен Кыргызстандын түштүк аймагын толук камсыздаса болот. Азырынча түштүк аймагына баллон менен газды жеткирүү, келечекте 600 чакырымды түзө турган «Түндүк-Түштүк» газ куурун куруу менен камсыздоо пландары каралууда»,- деди журналисттерге 8-сентябрда Бишкекке келген «Газпром» ААКсынын башкаруусунун төрагасы
Алексей Миллер. Анын айтымында, буга чейин кен иштетилбей келген, учурда анда газ издөө иштери жүрүп жатат.
Ошол эле күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Алексей Миллер менен жолугушуп, анын жүрүшүндө өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча «Газпромдун» Кыргызстандагы ишмердигине байланыштуу маселелер талкууланды.
Эске салсак, 1-октябрдан тартып орусиялык энергетикалык компания Кыргызстандын түндүгүнө көгүлтүр оттун 1 миң метр кубун 165 доллардан сата баштаары маалымдалган. «Ошондо газдын баасы 1,4 эсеге арзандаган болот, бирок калк үчүн тариф канчалык ылдыйлай турганын айтуу оор»,- деди А.Миллер. Себеби керектөөчүлөр үчүн тарифти өкмөт бекитет.
«Кыргызгаз» ААКсы «Газпром Кыргызстан» деген жаңы ишканага айланып, мекеменин башчылыгына Болот Абилдаев бекитилди. Буга чейин ал «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген. Б.Абилдаев Аскар Акаевдин кезинде каржы министри болуп турган. Ал 2003-жылы «Кумтөр» кенине байланыштуу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген документтерге кол койгон деп айыпталган аткаминерлердин катарында эле. Бирок 2014-жылы январь айында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага байланыштуу кылмыш ишин токтотуп койгон. Мындай чечим жазага тартуу мөөнөтү эскиргенине байланыштуу кабыл алынган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
15.09.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошко газ бергилечи айланайындар
15.09.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zaika.tvo9.1990, бул жанылык Оштуктарды кубантпай калды го. Газ плиталарды чан басып кеткен качан эле
15.09.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзандаар мезгилинде сомнения менен "арзандашы мумкун"деп,а кымбаттаткан да болсо кесе суйлоп *кымбаттайт*деп чокуга Бир койгонсуп суйлойсунор го я!!!
15.09.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи газ бергилечи,кана ошол газ?
16.09.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 7 сомго которуп 50 тыйын арзандатып ошону 5 жыл мактангыла
16.09.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gaz jok ele arzandait deitko je eldi suiundurup aldap turaily dewtaby. emi svet dagy ochso emne bolor ekenbiz
16.09.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечоо эле газ кымбаттайт деп айтып жатып эми башкача сайрап калыптыр Окмот... Газпром Майлуу-Суу менен Кокарттан газ ондуробуз дегенден бери 5-7 жыл отту, Бакиев убагында упчу эмизип кетишкен... Биринчи ошол газ ондурулсун, анан королу канчага жетет, баасы канча... Жомок айтышып журо бербей...
17.09.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооой эн соонун жанылыкго андан коро ошко газды бергенди пландап койсонор болмок колдо барын барктабай жатабыз озубуздо баары бар болчу сатып сатып жок калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо