Жалал-Абад шаарынын мэри болуп САЛАЙДИН АВАЗОВ, Нарын шаарынын мэри болуп РАХАТ АДИЕВ шайланды.
- Мурдагы маданият министри ИБРАГИМ ЖУНУСОВДУ Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кылып дайындоого парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети макулдук берди.

- Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараевдин айтымында, сезон ичинде 1 чарчы метрдеги ПЕТУНИЯ гүлдөрүн кароого 1186 сом, ал эми розага 325 сом сарпталат.
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР ачылды.
- Улуттук банк: «Жыл башынан бери ДОЛЛАРДЫН КУРСУ 8,4 пайызга өстү».
- 2010-жылы ИЮНЬ ОКУЯСЫНДА жабыркагандарга берилген үйлөрдөн калганы жеңилдетилген насыя менен үйгө муктаж болгон жарандарга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
- ИИМ өкүлү Азамат Абдрахмановдун айтымында, республикада ӨСПҮРҮМДӨР ИШТЕРИ боюнча инспекциянын каттоосунда 3 миңден ашуун бала бар.
- «Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн 396 айылы ТАЗА СУУ менен камсыздалган эмес»,- деп Таза суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинин директору А.Токтошев айтты.
- 7-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан «Фонта» АЛТЫН КЕН ишканасынан курамында алтын бар 5 килограммдан ашуун кум жана 300 миң сом уурдалды.
- Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө эң көп маянаны «КУМТӨР» КЕНИНИН кызматкерлери жана энергетиктер алышат.
- БИР ТҮК ЧӨПТҮН минималдык баасы 155 сом, максималдык баасы 250 сомго чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
- Орусияга кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын 1036 жараны «КАРА ТИЗМЕДЕН» чыгарылды. Мындай макулдашууга 8-сентябрда кол коюлду.
- Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы жана Нарын райондорунун токойлорунда ӨРТ ЧЫГЫП кетүү коркунучу жогору болуп турат.
- Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы АСАНБЕК АЛЫМКОЖОЕВДИН айтымында, куралдуу күчтөрдүн 10 тик учагы бар, анын ичинен үчөө гана иштеп жатса, калганы оңдоого муктаж.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg