АПРЕЛЬ СОТУ ЖАНДАНДЫ: АКТАЛГАНДАР КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАБЫЛАБЫ?

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж

Быйылкы жылдын 25-июлунда Апрель окуясы боюнча сот иши жыйынтыкталып, өкүм уктурулган болчу. Кыргыз Республикасынын Аскердик сотуна жазылган апелляциялык арыздын негизинде 15-сентябрда Апрель окуясы боюнча сот кайрадан каралып башталды. Бирок айыпталуучулардын жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу 22-сентябрга жылдырылды. Апрель окуясында жабыркагандардын ичинен «Эл теги» коомдук бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариев: «Апрель окуясы боюнча 28 адамга күнөө коюлуп жаткан. Биринчи инстанциядагы сот алардын 12син актаган болчу. Өкүм күчүнө кире электе жабырлануучу тарап экинчи инстанцияга апелляциялык арызын берди. Күнөөлөнүп жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Нурлан Темирбаев, Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Каныбек
Жороев
, экс-президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, «Альфа» жана «Арстан» атайын кызматтарынын ошол учурдагы командирлери Алмаз Жолдошалиев менен Байыш Эсенбай уулу УКМКнын СИЗОсунда Аскер сотунун өкүмүн күтүшүүдө. Ал эми Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Данияр Дунганов менен УКМКнын ошол кездеги башчысы Мурат Суталинов ден соолуктарынын начардыгына байланыштуу үй камагында»
,- деди.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
22.09.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аталган адамдар апрель окуясын баштаган куноолулорбу,апрель окуясыны баштаган башкы каармандар менимче бийликти эле эмес бутун Кыргызстанды башкарып жатышкан жокпу же мен адаштымбы
23.09.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аталган адамдар буйрукту аткарган болсо керек
23.09.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош окуясын эстеген бироо жарым барбы? Торт жылдан бери бутпос сот болду го,эмне деген сот озу, кезекти Ошто улуттар арасына ким от жаккан,ким согуш уюштурган, ошол чагымчыларды деле соттоо кезеги келчидой болду окшойт.Чагымчылар тайрактап журушот го, бийликке манчыркашып,дунуйого карк болушуп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо