ТАРАЗА БЕЛГИСИНДЕГИЛЕР ПОПУЛЯРДУУЛУКТУ СҮЙҮШӨТ

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж

Табияты (стихиясы) Аба
Колдогон планетасы – Чолпон (Венера)
Ташы – Опал, лазурит
Түсү – Сыя көк

Тараза жылдызынын алдында төрөлгөндөр ажарлуу келип, мүнөзү оор басырыктуу, токтоо, достукту баалашат. Болбогон нерселерге таарына беришпейт жана жакындарына жаман айтып, көңүлүн кирдетүүдөн алыс болушат. Билимди баалап, адамдарды түшүнө билишет. Чөйрөсүндөгүлөргө кылыктанып, эркелеп, керек учурда кошомат кыла коюп, ошондой эле колу ачыктыгы, жардамга кол сунгандыгы менен жага алышат. Ошол эле учурда башкалардан мактоону, туруктуу мамилени, сыйды күтүшөт.
Популярдуу болуу жашыруун тилеги болгондуктан, өзүн көптөгөн адамдар курчап жана баалап турушун каалайт. Сыртынан ийгиликтүү, шайыр жана ачык көрүнгөнү менен, чындыгында, андай эмес. Кээ бир учурларда катаал, кара мүртөз адамга айланып чыга келишет. Чырлап, жөнү жок ачууланып, жинденген учурлары да кездешет. Мына ошондой сапаттарынан улам досторунан кол жууп калуу коркунучуна кептелишет.
Таразанын жашоо образы да карама-каршылыктуу: Активдүүлүгү жана чарчабастыгы убак-убагы менен кайдигерлик, өзүн бош коё берүү менен алмашып турат. Максаты жок күн кечирип, эч нерсе жасагысы келбей калат. Болгону жатып алып, кечке китеп окуудан күчүн чыгарышат.
Мүнөзүнүн алмашып турганын билген таразалар жашоого реалдуу карап, туура чечим чыгарууга тырышышат. Бирок кээде өздөрү да байкабай башкалардын таасирине кирип, туура эмес кадамдарды жасап жиберишет. Таразаларга бекем эрк менен ички туюмга ишеним артуу жетишпейт. Бирөөлөргө «жок» дегендин ордуна «макул» деп алып кейип калган учурлары көп болот. Эгер ички үнүн уга билүүгө жетишишсе, анда чоң каталарды алдын ала алышат.

Мыкты сапаттары – тактык, чыдамкайлык, ар бир ишке туура баа берүүчүлүк.
Начар сапаты – чечкинсиздик.

ТАРАЗА – ЭРКЕК
Тараза – эркектер аялдардын жүрөгүн багынтуучулар эмес жана алгачкы көз караштан сүйүп калуучуларга кирбейт. Сезимдерге да өтө берилип кетпейт. Алгачкы кадамды айымдан күтүшөт. Эгер тилеги ишке ашпай калса, анда өзүн четке түртүлгөн катары эсептеп, бакыт кушун башкалардан издөөгө өтөт. Кокус өзүн жактырган айымга туш келсе анда андан ашкан айкөл, камкор, мыкты кеңешчи адам жок. Кыскасы, максатка жана ийгиликке жетүүдө аялдын демилгеси менен колдоосуна муктаж. Кийимдин түрдүүсүн жана жакшысын кийүүгө аракет кылышат.

 

ТАРАЗА – АЯЛ
Тараза – аял кандай эркектин болсо да көңүлүн таап кете алат. Жолдошунун ийгилигинен бакыт таап, ага мыкты жардамчы болуп берет. Бирок өзүн сүйүктүү жар катары сезе албаса, тетири карап басып кетүүсү да мүмкүн. Андыктан тараза жылдызындагы айымдар алгач сүйө билүүнү жана сезимдерге таянып чечим чыгарууну үйрөнүүсү кажет. Тараза – аялдар кийимдин эң мыкты үлгүлөрүн түзө алышат.

 

 

ТАРАЗА – НАРИСТЕ
Сырткы келбети жакшынакай келип, айрымдарынын ууртунда уячасы болот. Табиятынан кызыл-тазылдарга жакын болбогондуктан, өтө ачык эмес түстөгү кийим менен оюнчуктарды алып берүү кажет. Катуу музыканы жана уруш-талашты сүйүшпөйт. Ата-энесинин чатагы абдан оор тийип, ал тургай ооруп калат. Туура эмес иши үчүн урушуп, уруп коюудан да психикасы катуу жапа чегет. Бул бара-бара мүнөзүнүн бат-баттан алмашып турушуна алып келет. Андыктан акырын түшүндүрүп айтып тарбиялоо оң.
Бир нерселерди бат үйрөнгөнү менен, бат чарчап, кылган ишин аягына чыгарышпайт. Ошондуктан көзөмөлдөп, ишти толук бүткөрүүгө үйрөтүү кажет. Спортту сүйө беришпейт. Бийге, сүрөткө жана музыкага ыкташат. Кызыгы математикага да жакын болушат.

КИМДЕР МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШАТ?
Мыкты шайкеш келе турган жылдыз белгилер
– эгиздер, арстан, суу куяр, жаачы, балык
Тил табышып кетүүгө мүмкүн – текечер, букачар, бийкеч, тараза, кой
Такыр тил табыша албагандар – бөйөн, чаян


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(20)
22.09.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вай туура чыкты го...Мен да тараза да
22.09.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыны мобул макаланы даярдаган кабарчы да тараза белгисиндеби?.) Копчулук айтылган нерселер туура.) Бирок Чечкиндуу! Эки анжы ойдо калышы мумкун !Ошол эле учурда бир туз чечкиндуу чечим кабыл ала алат.Ишенимдуу!.
22.09.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тошниййййй го мен кобунчо макул деп алам да
22.09.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
популярдуу дегенин кошпогондо, калган бардыгы туптуура 100% кошулам.
22.09.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы дал келди.Мен да таразамын.
22.09.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы дал келди.Мен да таразамын.
22.09.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuptuura men boionmun I tarazalar menen vapshe til tabysha albaim Eki juzduulugunun ayinan.
23.09.2014. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koobu tuura keldi menda yarazamynda
23.09.2014. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taraza oktiabr bokuwu kk 24 sen 24 oktiabrga 4eiinkiler
23.09.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут менин мунозум го,тооба,ушундай толголорго тан калбадым еле,туптуура,мен да таразамын да оиии,ушундай да болобу
24.09.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да тараза. 100% дал келди. Ишенбейт элем такыр.
24.09.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура жазылыптыр мен да тараза
26.09.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенбейт болчумун, айла жок айлавю деп койчу беле, окуп алып кулуп жибердимго, точно менин мунозумду жазып койгонуна,
27.09.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура мен да ишенбейт элем точно чыгып калды ушинтип да билип койсо болобу? Тан калдым
01.10.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тараза эркектердин кобу эле "бабник"эле го)))) туура эле жазылыптыр негизгиси Таразалар жыргап эле калдык го)))
30.10.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точна менин мунозум..! Тан калдым..
04.12.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элден калбай менда жазып калайын)) туптууракен ай менда таразамын популярдуулукту суйом бирок эчкимге билдирбейм
27.12.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таразалар коп экенбиз,туура жазыптыр 100% кошулам.
25.04.2015. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда маакул деп коюп анан ойлонуп журо берем
08.06.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой Мен бойонмун ал эми жигитим таразаго..
Бирок туура экен Тараза жонундо айтылгандар...Бойон мн тил табыша албайт дегенден башкасы..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо