ДИНАРА САГИНБАЕВА ЖООПКО ТАРТЫЛБАЙБЫ?

№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

Абдулда Суранчиев менен Камила Талиеванын артынан саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева отставкага кетти. 2011-жылдан бери саламаттыкты сактоо министри болуп келген Д.Сагинбаеванын арызы тапшырылган күнү, 24-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кабыл алынып, кызматынан бошотулду.
«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөбөй, «2-3 күндүк өмүрү калыптыр» деген шылтоо менен Кыргызстандан шашылыш чыгып кеткени билингенде эле Динара Сагинбаеванын отставкасын талап кылып чыгышкан. Анткени кылмышкерге «ден соолугу начар, аз күндүк өмүрү калды» деген аныктаманы медкомиссия берип, судья ошол жыйынтыктын негизинде оор кылмышка айыпталып, камалган Батукаевди бошоткон. Андан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү, Азиз Батукаев тарыхый мекени Чеченстанда аман-эсен жашап жаткан кези. Бул фактынын өзү «эгер акчаң жана байланыштарың болсо, медкомиссиянын алакандай кагазы аркылуу кандай кылмыш жоопкерчилигинен болбосун кутулуп кете аласың» деп ишенүүгө жетелейт.
Жогорку Кеңеш «саламаттыкты сактоо министри бул иш үчүн кызматынан бошотулсун, жоопкерчиликке тартылсын» деп Башкы прокуратурага, өкмөткө кат жолдогонуна карабай, атүгүл өкмөт кайрадан куралганда да Динара Сагинбаева ордун сактап калган эле.
2014-жылдын башында Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасынан ээн-эркин чыгып, Боом капчыгайында МАИ кызматкерлерин атып салган Заур
Магомедовдун
окуясында кайрадан Д.Сагинбаеваны кызматтан кетирүү керектиги парламентте чоң талкууну жараткан. Мындай шалаакылыкты көзөмөлдөбөгөндүгүнө карабай ал кайрадан суудан кургак чыккан.
Төрөт үйлөрүндө орун алган оор кылмыштарга келсек, аларды санап бүтүү кыйын. Ымыркайлар уурдалды, сатылды, тирүү наристелер өлүктөргө алмаштырылды, аман туулган балдар белгисиз жагдайда төрөтканадан чыга электе чарчап калып жатты... Жай мезгилинде «Тез жардам» менен барган 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун 5 оорукана кабыл албай, убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу каза болуп калганы да эстен чыга элек.
25-сентябрда Чүй облустук ооруканасындагы 34 бейтаптын репретин препаратын кабыл алгандан кийин кайтыш болгондугу боюнча кылмыш иши козголду. «Жасалма бөйрөк» бөлүмүнүн дарылануучулары кайрылган арыз боюнча, жарактуу мөөнөтүнөн өтүп кеткен аталган препаратты медиктер дарылоо үчүн пайдаланышкан. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде учурда иликтенүүдө.
Коомчулукта резонанс жараткан кылмыштар, окуялар жогорудагыдай болду, көмүскөдө калып кеткендери канча экени белгисиз. Суроо жаралат: Динара Сагинбаева өз арызы менен кызматтан кетип эле кутулуп кетеби? Жогорудагы окуялар үчүн жоопко тартылбайбы?

Наргиза Бекжанова,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
29.09.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куносуу болуп куноолонбосо. Анда бир кудайдан корот.
01.10.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара Сагынбаеваны сот жообуна тартыш үчүн, Батукаевдин анализин түздөн-түз өзү алып, анан туура эмес жыйынтык чыгарып, справканы бериши керек эле. Респуликада бир күндө канча миңдеген справкалар берилет, баарына министр жооп бербейт да. Ал жетекчи катары моралдык жактан гана милдеткер десек болот. Справка берген врачтарды соттош керек.
01.10.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданият жана билим беруу министрлигин мыкчыган "ХХХ айым" Талиева кеткени туура болуптур.
Модератор admin_superstan түзөттү 02.10.2014 10:05
02.10.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guragan, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо