ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН КАЙТАЛАНЫШЫН КААЛАП ЖАТЫШАБЫ?

№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

23-сентябрь күнү Ош облусунда Жогорку Кеңештин депутаттары менен бейөкмөт уюмдарынын ортосунда провокация жыттанган окуя орун алды. Алдын ала план боюнча коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын жетекчилигинен өкүлдөр, депутаттар, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү коопсуздук маселе боюнча тегерек столго чогулушкан. Бирок иш-чара чү дегенде эле башка өңүткө кетип, уюштуруучулар чогулгандарга өзбек улутундагы эркек киши аялынын 2010-жылы кандайча зордукталганын айтып бергени тууралуу видеобаянды көрсөтүп башташкан. Тегерек столдун катышуучулары видеобаянды аягына чейин көрсөтпөй токтотушуп, бул иш-чараны уюштуруучулардын провокациясы катары баалап, «дагы бир согушту баштагыңар келип жатабы?» деп иш-чарага катышуудан баш тартып, залдан чыгып кетишкен.
Тегерек столго конок катары чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов: «Биз 2010-жылдагы окуяны эмес, гендердик саясатты талкуулашыбыз керек болчу. Күтүүсүздөн эле видео көрсөтүлө баштады. Нааразычылыктар орун алып, тасманы токтоттурдук»,- деди. Депутат өткөн жараны ырбатып, чагымчылдыкка баруунун кереги жок экенин айтып, тасманы көрсөтүү бейөкмөт уюмдары тарабынан уюштурулганын билдирди. Ал эми уюштуруучулар тасма аялдардын укугун коргоо максатында гана көрсөтүлгөнүн айтышууда. Аталган тегерек столду БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү уюштурушкан.

Наргиза Бекжанова,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
29.09.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
citizen, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
29.09.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынчтык жок экен да ушул жамандардын айынан.
29.09.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи текшерип туруп анан коюшпайбы, бизге тынчтык керек кайра согуш болушун каалабайбыз
29.09.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bei okmot uiumdary bizdi ondurbait ko
29.09.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуларчы жаман тажатышты кыларга иштери жок каяктагы пайдасыз нерселерди уюштуруп кимге кереги бар анын аялын зордуктаса чала болуптур эмне учун оз жерибизде озубузго куйгон жан жок алар биздин законго баш ийбесе биздин калк жакпаса бугундон калбай чыгып кетишсин!!!
29.09.2014. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
депутаттардын кереги деле жок озу всё равно мыйзамдары иштевейт жакшысы аларды жоюп 1баш шайлаш керек и всё
30.09.2014. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аталган тегерек столду БУУнун
өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү
уюштурушкан." Мына сагаа
30.09.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа эмнеге озбек улутундагы аял.эмне кыргыз кыз-келиндер зордукталбаптырбы,керек болсо Алай госницасынын жанында,ОшГУ жатаканасында жашаган канчалаган кыздар бейкуноо олуп,зордукталды.Ошолордун бири алайлык кыз псих.болуп даже психолоктор жардам бералган жок.бирок азыр тируубу билбейм.оз элин угалбаган макулуктар.
01.10.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеобаянды көрсөттүргөн адам өзү өзбек болсо керек да,депутат дагы аягына чейин көрүп туруп,суроону кабыргасынан коюш керек эле.Кандай мааниде койдуңар деп.
02.10.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынч жашайлычы.Бул жерде кыргыз озбек деп болунуп эч ким урушкан эмес.Болгону акчасы кобойуп кылаарга иши жок атка минерлердин былык ишинин айынан бей куноо бечара элдер жабыр тартып олуп кетип атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо