2014-жылдын аягына чейин ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУГА керектүү жабдуу чыгарган заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу 24-сентябрда биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев орусиялык «Росагромаш» айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкы директору Евгений Корчевой менен жолугушууда айтты.

- Бишкекте МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ үчүн маршруттук таксиде жүрүү кайрадан 5 сом болду. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов билдирди.
- САУД АРАБИЯНЫН Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманын айтымында, аталган өлкө кыргызстандык абитуриенттер үчүн жыл сайын 80 орун бөлүп берет.
- Өлкөдө КУРУЛУШ тармагынын жылдык жүгүртүү каражаты 500 миллион долларды түзөт. Азыркы тапта 170тей көп кабаттуу турак жайлар курулууда. Бул тууралуу Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин жетекчиси Темирбек Ажыкулов билдирди.
- Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, ТИГҮҮ тармагында 160 миңден ашуун адам иштейт. 2009-жылы Кыргызстанда тигүү цехтеринин саны 132 болсо, 2013-жылы бул көрсөткүч 125ти түзгөн.
- «ЧЕК АРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН айлыгы жогорулайт, орточо маяна 14-16 миң сомду түзүп калат»,- деди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев.

- «ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ» ААКсынын башкы директору Абдылда Исраилов ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетти.
- «Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 1 миллион жараны үчүн Орусияга КИРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ»,- деди федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский.
- Конституциялык палата «ДЕПУТАТТЫК топтор бир гана фракция ичинде болушу мүмкүн» деген чечим чыгарды.
- Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевдин айтымында, жакынкы 2-3 жылда өлкөдө 2-3 жаңы ЛЫЖА БАЗАЛАРЫ ачылышы ыктымал. Баары биригип Кыргызстанда 23 база каттоодон өткөн, анын ичинен 17си былтыркы жылы иштеген.
- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, ПАХТАНЫН баасы арзандап жатканына байланыштуу жыл сайын анын айдоо аянттары да кыскарууда. Учурда пахтанын 1 килограммы 34-36 сомдон сатылып жатат.
Наргиза Бекжанова,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg