Мавлян Аскарбеков: «ТАЛАСТА ӨТЧҮ КУРУЛТАЙ БОЛБОЙ КАЛДЫ»

№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

Талас облусунда курултай өткөрүүнү пландап жаткан жаш активист Мавлян Аскарбеков 24-сентябрга караган түнү укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, Чүй облусуна караштуу «Сосновка» өткөрүү бекетинде жүрүп жаткан рейдде укук коргоочулар Инфинити үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүдө «провокациялык мүнөздөгү текст камтылган» деген шек менен 1000ге жакын баракчаны алышкан. «Токтотулган унаадагы жарандар «Эркин эл» саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жана «Кырк чоро» коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев ошол жерден эле бошотулган. Алынган баракчалар экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы чыга элек»,- деп билдирди ИИМ.
Бул тууралуу М.Аскарбеков: «Кармагандар түшүндүрмөсүз эле баракчаларыбызды алып коюшту. Алынган баракчалар Талас облусунда өтүүчү курултайда элге таркатуу үчүн басылмадан чыгарылган болчу. Анда аргумент жана фактылар келтирилип жазылган социалдык маселелер камтылган»,- деди. Жарандык активисттер 27-сентябрда Талас облусунда электр энергия, күйүүчү май, коррупция, криминалга байланышкан социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн курултай өткөрүүнү пландап жатышканы айтылган эле. «Айрым адамдардын кысымдарынан улам курултай өтпөй турган болду»,- деп кошумчалады М.Аскарбеков.

Наргиза Бекжанова,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
29.09.2014. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуптур!
29.09.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче кайра болот окшойт. Себеби окмот жадатып бутту. Электр энергия, күйүүчү майлар калыбына келмейинче элдин кыжыры келгени келген.
30.09.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сага ушундай жарашат да Шераалынын чокойу дегенди откоргон ушул беле
01.10.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооп болот,бузукулугунду токтотпосон сени камоо да аздык кылат-(((((!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо