АНАР – КАН ТАМЫРЛАРДЫН РАК ООРУСУ

№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

Элибизде баланын денесинде анары болуп төрөлсө «ии, бул жышаналуу бала болду, атын ырымдап Анарбек, Анара деп коюп койсок, кетип калат» дешет. Бирок ырым менен медицина эки башка нерсе. Анар медицинада гемангиома деп аталат жана ал кан тамырлардын рак оорусу. Эмесе ушул жаатта сөз козгойлу.

«КӨБҮНЧӨ БЕТИНДЕ АНАРЫ БАРЛАР ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТЫШАТ»
«Гемангиома эмнеден жаралат, зыяны барбы?» деген суроолорго жооп издеп, Бишкектеги Улуттук онкологиялык борбордун рак илдетин алдын алуу бөлүмүнө баш бактык. Бөлүмдүн онколог врачы САЛАМАТ ТААЛАЙБЕКОВ мындай маалыматтарды берди.
– Гемангиома – кан тамырлардын тубаса залалсыз рак оорусу. Эмнеден улам пайда болот деген суроого так жооп жок, бирок гипотезалар бар. Биринчиден, баланын тубаса гормоналдык өзгөчөлүгү. Экинчиден, аял кош бойлуулугунун алгачкы апталарында, ичтеги баланын кан тамыр системдери жаралып жаткан учурда жугуштуу ооруга кабылышы. Мындан тышкары экологиясы начар аймактарда аталган дарт көп кездешери да маалым.
Гемангиома дененин каалаган бөлүгүндө – колдо, бутта, чекеде, эринде, көздүн айланасында, ал тургай ички органдарда, көбүнчөсү бөйрөктө, боордо болору белгилүү.
Зыянына келсек, рак бала менен кошо чоңоёт. Мисалы, көздүн тегерегинде өскөндөрү кан тамырларды, нервди кысып, иштөөсүн бузат. Андыктан көрүү начарлай баштайт. Тилдегиси тамак ичкенге, сүйлөгөнгө жолтоо болот, даам сезүүсүн төмөндөтөт. Кол, буттагысын бат-баттан бир нерсеге сүрүп, кесип же тытып алуу коркунучу бар. Андыктан ушундай жерлерде жайгашса, анда онколог врачтарга, кан тамыр хирургдарына же пластикалык хирургдарга кайрылса, ылайыктуу ыкманы колдонуп алып салышат. Көбүнчө бетинде анары барлар өңүнүн жаман көрүнүшүн каалабай алдырышат.
Гемангиома кайда жайгашпасын катуу жаракатка кабылганда кан токтобой, өмүргө коркунуч келет. Ошондуктан кээ бирлериникин дал ошол канды токтотуу максатында алып салышат.
Ички органдардагы гемангиоманын өлчөмү кичине болсо, ээсинин өзүнө да билинбейт. УЗИге текшерилгенде гана кокустан табылат. Эгер көлөмү чоң болсо, анда жанындагы органдарды кысып, оорутуу сезилип, ошондон улам аныкталат. Гемангиомасы барлар жашаган аймагындагы бейтапканаларга көрүнүп, текшерилип турушат. Биз көбүнчө оорлоруна гана операция жасайбыз. Тактап айтсам, бөлүмгө 1 жылда бөйрөктүн гемангиомасы менен 10дой, боордуку менен 10-12дей, уйку безиники менен 5-6дай, сөөктүкү менен 6-7дей адам түшөт. Бирок бетинде анары барлар суранышып, операция жасатып кетишкен учурлар болот.
Гемангиома жөнөкөй (капиллярдык), көңдөйлүү, тутумдашкан жана аралаш болуп 4 түргө бөлүнөт.
Дарт тубаса болгондуктан, баланын атын Анарбек, Анара деп койсо кете койбойт.
Бизге ушул дарт менен көрүнгөнү келгендерди каттоого коюп, айлап-жылдап байкоого алабыз, өзгөрүү болуп жатабы же жокпу деп. Өзгөрүү болбосо анда тийишпейбиз.

«ДАРЫ МЕНЕН ДА АЙЫКТЫРУУГА БОЛОТ»
Эми аталган дартты кандай ыкмалар менен жок кылууга болорун билүү үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургия бөлүмүнүн жетекчиси БАКТЫБЕК ОМУРЗАКОВ менен баарлаштык.
– Рак дартына чалдыккан бардык балдардын 50 пайызын гемангиома рагына чалдыккандар түзөт. Гемангиома тегерегиндеги ткандарды жана алардын иштөөсүн бузуп өсөт. Көздүн сурмасында, көздүн чанагында, тилде, эринде, кулак тегерегинде, баштын чачтуу бөлүгүндөгүлөрүн дарылап айыктыруу кыйын. Биздин борбордо 2006-жылдан 2012-жылга чейин балдар гемангиомасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Ошол аралыкта татаал операциялардан 250дөн ашыгын жасадык (жаңы туулгандардан 17 жашка чейинкилерди). 250 операциянын ичинен 115и аралаш гемангиома болуп чыкты. Жыйынтыгында бизде ушул түрү көп, ал эми тутумдашкан түрү аз кездешери белгилүү болду.

 

Айыктыруу ыкмалары
Консервативдүү дарылоо:
1. Буга криотерапия (Суюк азот менен дарылап, өңүн бозортуу. Көбүнчө көлөмү кичинелерде колдонулат).
2. Склеротерапия (Кан тамырга ичке ийне менен атайын зат куюлат. Ал зат кандын жолун бууп, өткөзбөй коёт. Ушундан улам кан тамырдын капталдары жабышат да, кан тамырдын ролун аткарбай калат. Бир канча убакыттан соң кан тамыр ичкерип, дээрлик көрүнбөй, билинбей калат).
3. Гормоналдык дары-дармектер менен дарылоо.
4. Нур терапиясы (рентген нурлары менен нурдантуу).
5. Пропранолол (анаприлин)дарысы менен дарылоо кирет.

Хирургиялык ыкма
Операция жолу менен кан тамырды кесип, алып салуу.

Жүрөк дарысы болгон пропранолол менен дарылоо кантип ачылып калганын айтып берейин. 2008-жылы Франциянын Бордо шаарындагы балдар госпиталынын кардиологдору
балдарды пропранолол менен дарылап жүрүп, денесинде гемангиомасы барлардын дарты кичирейип баратканын байкашкан. Бул жаңылык дүйнөгө тарап, акырындап Европа жана Америкада пропранолол гемангиоманы дарылоодо колдонула баштаган. Бул дарыны учурда биз да колдонуп жатабыз. Дарылоодо кызарган кан тамырлардын көлөмү кичирейет, өңү бозорот. Бара-бара акырындап жоголо баштайт.
Биз учурда аталган дарыны колдонуп 50дөн ашык баланы дарылоодобуз. Жыйынтыктар жакшы.
Бизге балдарына криотерапия жасаткан ата-энелер көп келет. Криотерапияда кан тамырдын өңү эле бозорот дебедикпи, демек дарт калып калат. Биз дарттын жайгашкан ордуна, чоң кичинесине жараша дарылоо ыкмасын тандап алабыз да, гемангиомадан биротоло кутултабыз.

Канымжан Усупбекова
(Сүрөттөр хирург Бактыбек Омурзаковдун жеке архивинен алынды)
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
29.09.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы? Сурайын дегеним баланын желкесинде анар болсо аны кандай кылып жок кылса болот? Жооп жазып койосузщдарбы.
30.09.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бирок операциядан кийин деле чыга берет экен го менин кошунамын кызынын козундо бар эле.операциядан кийин 3 жылдан кийин кайра чыкты чонойуп калганда дагы алдырышты.бул тубу менен жоголбойт окшойт
01.10.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым сактасын коркуп кеттим балдарыбыз оору кырсыктан сактасынчы жаратканым!!!
01.10.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
анардын мынчалык коркунучтуу болгондо да ракка тиешеси бар экени жети уктап тушумо кирген эмес. тообо
01.10.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин баламдын желкесинде бар болчу'азыр озунон озу эле кетип калды.
02.10.2014. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
саламатсыздарбы денесинде анары бар болсо ал кишиде рак оорусу болобу же ракка кийинчереек чалдыгабы сураныч жооп жазып койунуздарчы
02.10.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jazgul.kg.ru, саламатсызбы!
Денесинде анары бар болсо, ал адам тубаса залалсыз рак оорусуна чалдыккан.
02.10.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
саламатсыздарбы супер инфо жамааты менин улуу баламдын кичинекейинде желкесинде бар болчу анар азыр жоголуп кетти эми кичинекей баламдын да желкесинде бар бул коркунучтуу эмеспи айтып коунуздарчы сураныч
02.10.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
look, саламатсызбы!
Дарыгерге кайрылууну сунуштайбыз.
04.10.2014. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсынарбы каерден кайрылып жазышты билбедим рубцыны кантип дарылайт
06.10.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mena, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтемелер менен өтүп көрүңүз:
http://www.super.kg/article/?article=5063
http://www.super.kg/article/?article=22371
27.10.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ушул жөнүндөда маалымат бер коюңуздарчы.Жаңы төрөлгөн балдарда көөбүндө эле желкесинде болот кийин жоголуп кететгоо.бул анар эмес болсо керек деп ойлойм.эгер анар болсо ушунча көп балдарда болобу?менин билип сураштырып көргөнүмдө көөбүндө эле болуп жоголуп кетет экен.ал эмне болушу мүмкүн супер?
28.10.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kubanych0404, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо