«ИЧ КАТУУДАН ОПЕРАЦИЯ БОЛУУГА ТАТТУУЛАР ЖАНА СУУККА УРУНУУ ЖЕТКИЗҮҮДӨ»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

Азыркы учурда ич катууга чалдыгып, азап тарткандар көп. Ич катуунун себептери жана анын алдын алуу тууралуу Бишкектеги №1-клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Мусаев айтып берет.

«1 ЖЫЛДА 200ДӨЙ АЙЫМГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙБЫЗ»
– Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, дүйнө (анын ичинде Кыргызстандын) элинин 80 пайызы ич катуу деген эмне экенин баштарынан өткөрүшөт. Ушул себептүү ич катууда колдонулуучу каражаттар сатылышы боюнча жүрөк ооруларынын дарыларынан кийинки орунда турат. Мисалы, Германияда эле 1 жылда 39 миллион куту сатылат.
Ич катуу медицинада констипация (латын сөзү, бизче «топтолуу») деп аталат. Мындай диагноз адам бир аптада ичин бошотконго 3 жолкудан аз барса коюлат.
Учурда Кыргызстанда ич катуудан жапа чеккендердин жана операция болуп жаткандардын жарымынан көбү аялдар. Мисалы, биздин ооруканада эле 1 жылда 160-200 айымга операция жасалат.

АЛАР КИМДЕР ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН ОПЕРАЦИЯ БОЛУШУУДА?
1. Ичегилерин сууктун жана инфекциянын айынан улам сезгентип алгандар.
Учурда ысык-суукта базарда туруп соода кылган, чет жактан товар ташыган, идиш жуугуч, пол жуугуч болуп иштеген аялдар көп. Мына ошолордун көбү сууктун жана инфекциянын айынан ичегилерин (башка органдарын да болушу мүмкүн) сезгентип алышууда. Дарыланайын десе акчасы тартыш, акчасы болсо убактысы жок.
Сезгенген ичегилердин иштөөсү бара-бара начарлай берет. Анын үстүнө арзанына качырып кургак тамактанып жүрүшүп, сезгенүүнү күчөтүшөт. Акыры өнөкөт ич катууга кезигип, чыдабай калганда ооруканага келип, операция жасатып жатышат.
Сулуу жана келбеттүү көрүнүү үчүн жука кийингендер арбын. Суук болсо аларды аяп койбойт. Жыйынтык жогоруда айткандай.
2. Акыркы кезде таттууну (өзгөчө шоколад, пирожное) жеген аялзатынын саны абдан өстү. Кеңседе көп кыймылдабаганы аз келгенсип, күндө таттуу жеп отургандарчы?!
3. Бат даярдалуучу азыктарга басым жасоо. Күндүзү фастфуд, кечкисин болсо оңоюна качырып вермишель бышырып жеп алгандар толтура.
4. Геморройдон, стресстен, өт ооруларынан, кыймылдын аздыгынан, сүт ботко, быштакты көп жегенден, узакка диета кармоодон жана башкалардан да ич катуу жаралат.
5. Учурда операция жолу менен төрөп жаткандардын жана ички органдарынан (боор, бөйрөк, жатын жана башка) операция болгон айымдардын саны артууда.
Операциядан кийин ичегилердин сезгенип, жабышып калган учурлары кездешет. Андай ичегилер, албетте, начар иштеп калат.

«2-3 АПТАЛАП ИЧИН БОШОТО АЛБАЙ КАЛГАНДАР БАР»
– Ич катуу өнөкөткө айланса, ич бошотуу мурункудан сейректей баштайт. Доктурга баргандан көбү тартынышат да, ичти айдоочу каражаттарды өз алдынча иче башташат. Аларды узакка ичкенден ичегилер ага көнүп, иштөөсү дээрлик нөлгө түшөт. Заңдар жоон ичегиде жыйнала берет да, катуу тарта баштайт. Андагы уулар организмди уулантат. Адамдын башы ооруп кускусу келет, ич көбөт, дене табы көтөрүлөт, чыйрыгат, ичи бурап ооруйт. Ойлоо, ишке жөндөмдүүлүк төмөндөйт. Акырында чыдабай калганда врачтарга кайрылышат.
Бизге келип операция болуп жаткандардын ичинен 10 күндөп, ал тургай 2-3 апталап ичин бошотпой калгандар бар. Айрымдарынын ошол сезгенип, чоюлуп иштебей калган ичегисин 20-80 сантиметрге чейин кесип салууга туура келет. Оорусу ракка айланып кеткендер да кездешүүдө. Андыктан айымдар, жалпы эле мекендештер, туура тамактанууга көңүл бөлүп, жылуу жүрсөңүздөр. Тамак-ашка кара нан, жашылча-жемиш, кактарды (кара жана сары өрүктүн), гречка, сулу жана минералдык сууларды, айранды көбүрөөк колдонуңуздар. Көп кыймылдап, спорт менен алектениңиздер. Өз алдынча дарыланбай, врачтарга кайрылыңыздар.

Жаңыл, 27 жашта, Нарындан: «ИЧЕГИМДИН КАНЧА БИР БӨЛҮГҮН КЕСИШЕТ»
– Тигүү цехинде иштейм. Ич катуудан акыркы 5 айда катуу азап тарттым. Нарындык врачтарга кайрылсам, укроп суусу менен 3 маал 1 кашыктан өсүмдүк майын ичип тур деп коюшту. Бул жердеги врачтарга аны айтсам күлүшүп, «ич катууну антип дарылабайт» дешти. Азыр операцияга кирүү алдында турам, хирургдун айтканына караганда, жоон ичегимдин 20-30 сантиметрин кесишет.

 

 

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
06.10.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janil shipa bersin saga
06.10.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин да ичим катыйт ,бирок эки кундо бир барам да.
06.10.2014. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da kattu asap chegip atam
06.10.2014. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичтин сырт тарабы да катып калабы?мен кунуно учтон барам.
06.10.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менинда ичим катыйт,2,3 жыл болуп калды,бир жумада бир барам,меники отушуп кеткенго анда э,коркуп кеттим.
07.10.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meili, сен врачка корунушун керек окшойт. бир жума отоо эле узакко. гопко журсо ракка айланып кетиши мумкун дебедиби. бирок кудай сактасын.
12.10.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошону окуп коркуп кеттим,бул жонундо маалыматым жок эле,эми коруном буйруса крга барсам.
07.10.2014. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:-)
07.10.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо менин кичинекей кызымдын да ичи катып эле тункусун ыйлап чыгып атат, толук маалыматтарынар болсо жазып койгулачы эмне кылыш керек, эгер мумкун болсо рахмат. Суюктук аз ичет да, нан печенье коп жейт. сут ичпейт,айран ичпейт, айлам кетти
07.10.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин дагы ичим катыйт 4-5 кундо бир барам , торогондон кийин ушундай болуп калдым ( окуп алып коркуп кеттим врачка коруном эми
08.10.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эрте менен дайыма бир аш кашык оливка майын ичсе ич катпайт
09.10.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da bul dart menen ooruganyma 5 10 jyl bolup kaldy okshoyt Appenditsit bolgonumda aytshkan ele ichegilerin spayka bolup kalyptyr dep, andan beri da kancha jyl ottu ozum medik bolgonuma baylanyshtuu ech ele kayrylbaptyrmyn adisterge. Emi barat okshoym tek ele ayikpadym emne kylsam da
10.10.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
меники да кее кееде катып койтат, алдын алышым керек окшойт
10.10.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык мен деле бир жумада бир жолу барган кундорум болот.бирок эч жерим оорубай ашказаным жакшынакай иштеп жатса да аз барам деп врачка бара беремби? ушинтип барсам коп деле маани беришпей бирдеме деп коюшса керек.
12.10.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорунун туру кобойдуго ичинерди ачып киндигинерди корсотуп кийингиле модадан калбай кыздар
13.10.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erlandyky,
Хе хе, озу сулуусунан жылуусу деп эле кийиниш керек.
14.10.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперге рахмат.көптү билип алдык.кенебей жүрө бермекбиз.жаман турбайбы коркуп калдым.
29.10.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менинда ичим катат турмушка чыкканыма 3.5 жыл болду ошондон бери 10 15 кун дегенде барам даары ичсем кичине жардам берет анан алда жардам бере албайт(дюфалак. пикалакс, чай) доктурларга кайрылсам аларда билбей жатат жардам берип койунуздарчы сураныч
14.03.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники да катыйт коркуп кеттим...Озу эрте менен гипиток ичип туруш керек кечинде тамакты мумкун болушунча суйук тамактаныш керек анан кефир же айран ичип жатып керек. Таблеткалар убактылуу Жардам берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо