ТҮГӨЛБАЙ КАЗАКОВ ЭМНЕГЕ ТОКТОГУЛ СЫЙЛЫГЫН АЛБАЙ КАЛДЫ?

№623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж

Чыгармачыл чөйрөдө өкмөткө таарынычы барлардын «сыйлыкка байланган эмесмин, үйүмө алып келишсе да албайм, эл бааласа болгону» деген кептери бар. Ошол эле учурда сыйлык алууга талапкерлигин көрсөтүп, «бул татыктуу, ал татыктуу эмес, сатып алды» деген сөзгө калгандар көп. Бул саам Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алууга талапкерлигин койгондордун айланасында уу-дуу кептер орун алды. «Эмнеге кыргыздын классикага айланган ырларын жараткан обончу Түгөлбай Казаков эмес, композитор Турдубек Чокиев Токтогул сыйлыгын алышы керек?» деп басылмалар да жазып чыкты. Бул суроого аталган сыйлыкты ыйгаруу комитетинин төрагасы Акылбек Абдыкалыков мындайча жооп берди:
«Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык акыркы үч жыл аралыгында жарык көрүп, элге кеңири жайылган чыгарманын авторуна гана берилет. Мурда жаралган мыкты эмгектер эске алынбайт. Мисалы, Түгөлбай Казаковдун мыкты эмгектери бар, бирок ал эмгектерин убагында көрсөтүшү керек эле. Ал эми Турдубек Чокиев «Алтын уя» опереттасы үчүн комитеттин 25 мүчөсүнүн колдоосуна алынды. Бул колдоо өкмөткө жиберилген, президент качан кол койсо ошондо тапшырылат».

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
13.10.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Силер каалаган адамыңарга берип коё бересинер да. Абдылдага бере элек сыйлыгынарды Жанета Бобковага бергенсиңер. Абдылда ким Жанета ким? Силерге кызыктырбайт, ким талаттуу ким таланттуу эмес.
13.10.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ж Бобковага кайсыл эмгеги учун беришкен?Жанетта акынбы же ырчыбы,эч бир нерсеси жок да.Бир уйго бир наам жетет го Бобковдорго.
14.10.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туголбай Казаков андай сыйлыктын онуна татыктуу.
15.10.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турдубек Чокуев дегенди эми угуп жатам.
А Туголбай Казаков дегенделе казак, кыргыздар арасында жамгыр токту деген ыры биринчи эске келет.
16.10.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чокиев деле Токтогул атындагы сыйлыкка эчак эле татыган адам коп эмгектери менен танышып журобуз акыркы жылдарда бир канча эмгектери жарык корду. Билими дагы жетиштуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо