КЫМБАТЧЫЛЫК. БЕНЗИН ДОЛЛАРДЫН БААСЫНАН АШТЫ

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж

Өлкөдө бензиндин кымбатташы качан токтойт? Мындай суроо азыркы тапта ар бир кыргызстандык айдоочунун оюнда турат. Өткөн аптанын аягында күйүүчү майдын баасы дагы 1 сомго көтөрүлүп, анын эң арзаны Аи-80 42 сомго, эң кымбаты Аи-98 56 сомго чамалап калды. Ошентип, акыркы бир ай ичинде эле бензиндин баасы 5 сомго чейин көтөрүлдү.
«Октябрь айынын ичинде Аи-80 маркасы дагы 1 сомго кымбаттайт»,- деди кыргыз күйүүчү май рыногунда монополист болуп саналган «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын өкүлү Арзымат Алдаяров. Анын айтымында, учурда компания Аи-80 жана Аи-92 маркасындагы бензинди сатууда ансыз деле 4 сомго чейин зыян тартып иштеп жатат. «Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы орточо
49 сом 90 тыйындын деңгээлинде кармалууда. Орусияда да ушундай эле баа. Биздин өлкө нефть продуктусун сырттан ташып келет, андыктан азыркы кырдаал эң жаманы эмес»
,- дейт А.Алдаяров. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги «бензиндин баасынын кымбаттоосу тышкы факторго байланыштуу» деген билдирүү таратты. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Куловдун айтымында, учурда доллардын курсу жогорулап жаткандыгына байланыштуу бензиндин арзандашын күтпөй эле койсо болот.
14-октябрда Бишкек шаарында күйүүчү май баасынын кымбаттоосуна каршы нааразычылык акциясы болуп өттү. Жаш активисттердин акциясы шаар ичинде унаа жүрүшү менен уланып, айдоочуларга «Мен бензиндин кымбатташына каршымын!» деген баракчалар таратылды. Жүрүш Өкмөт үйүнүн жанынан аяктады. Ал эми өкмөт өкүлдөрүнүн билдиргенине таянсак, Кыргызстанда күйүүчү май ноябрдан тарта арзандай баштайт.

Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
20.10.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жашоо керемет бензин 56 доллар 55
20.10.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуйнодо нефть арзандап атса да бизде наоборот((((
24.10.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто 80 44,60т 92 54,20тыйынго. Кыргызстанды жеп бутойун деп калыштыго.Даяр Казахстанда турган нефти 3айдан бери чекарадан откозо албаган бийликтин не кереги бар.
24.10.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне бийлик жанын жеп жатат, АИ-92 Россияда биздин сом менен 45 сом, а бизде 50-55 сом. Экинчиден Россия менен Кыргызстандын ортосундагы ГСМ тууралуу келишимге ылайык баалар туруктуу бойдон калышы керек.. Бензиндин баасы качан осуусу мумкун, дуйнолук рынокто мунай баалары которулуп келишимде корсотулгон чектен ашканда Россия бизге ГСМдин баасын жогорулатылган баада жонотот, ал эми азыр дуйнодо мунай баасы арзан болуп Россиянын озундо баалар озгорбой жатканда Россия ГСМдин баасын жогорулатпайт
24.10.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия ГСМдин баасын жогорулатты деп бийлик элди алдап, баарынардын кулагынарга "лапша" илуудо, чын-чынында бугун бийликте тургана "иштеп" алалы, байлыгыбызды кобойтолу деп элдин эсебинен байып жатат ар бир литр бензинге 10-15 сомдон кошуп, бул ортодогу акчаларды чонтогуно уруп... Нааразы болгондорду унунду очур деп кармап кетип айтор кысымга алууда... Ушулбу силер энсеген эркиндик, демократия, улгулуу таза бийлик, жаркын келечегинер?!!! Кыйынчылыктан эл кыйналып бутту го, жарымы тышта тентип!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо