№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин экс-директору Учкунбек Ташбаевдин ажылык зыяратка барып келгени белгилүү болду. Маалыматты Учкунбек Ташбаев өзү да тастыктады.
У.Ташбаев 2012-жылдын 30-ноябрында кен иштетүүчү лицензияны чет элдик компанияларга берүүдө «кызматтык абалынан пайдаланган» деп шектелип, УКМК тарабынан камакка алынган эле. 2014-жылдын июнь айында У.Ташбаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «шалаакылык» беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Жаза мөөнөтү 2012-жылдын 30-ноябрынан тартып бир күнү үч күн деп эсептелинип, 12-август күнү УКМКнын СИЗОсунан жатак-абакка которулган.
Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |