ӨКМӨТ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА ДАГЫ ЖАҢЫ БААЛАРДЫ СУНУШТАП ЖАТАТ

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев энергетикалык тармакты катуу сынга алгандан кийин энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев отставкага кеткен. Анын ордуна буга чейин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп келген Кубанычбек Турдубаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ошондой эле министрлик электр энергиясы боюнча дагы жаңы бааларды коомчулуктун талкуусуна чыгарды.

ЖАҢЫ ТАРИФТИН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?
Өкмөт 2015-жылдын 1-январынан тартып электр энергиянын жаңы тарифтерин киргизмей болууда. Абонент бир айдын ичинде 700 киловатт-сааттан ашыкча электр энергиясын колдонсо, анда 1 киловатт-саат үчүн тариф 1 сом 20 тыйын болот. 700 киловатт-сааттан аз электр энергия колдонсо, анда тариф 70 тыйын бойдон калат. Абоненттердин башка категориялары боюнча да айрым өзгөртүүлөр киргизилет. Абоненттер бир фазалуу жана үч фазалуу деп бөлүнбөй турган болду. «Жаңы тарифтик саясаттын долбооруна импорттоло турган электр энергиясынын чыгымы да кошулат. Бир аптанын ичинде тагыраак жооптор болуп калат»,- деди энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу К.Турдубаев.
Электр энергиясынын тарифтик саясатынын жаңы долбоору 14-ноябрга чейин коомдук талкууда каралып, алымча-кошумчалар Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө боюнча департаментинде 2 апта ичинде киргизилмекчи.

КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАНДАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯ САТЫП АЛАТ
13-октябрь күнү премьер-министр Жоомарт Оторбаев Казакстанга иш сапары менен барып, коңшу өлкөдөн рыноктук баа менен электр энергия сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Буга чейин «Электр станциялары» ААКсы Казакстан сугат учурунда кыргыз тараптан берилген суунун ордуна Кыргызстанга 2015-жылдын жаз мезгилинде 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын берерин маалымдаган болчу. Жоомарт Оторбаев жана казак премьери Карим Масимовдун жолугушуусунан кийин Кыргызстан Казакстандан баш-аягы
1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоп ала турганы белгилүү болду. Азырынча импорттун баасы канча болору макулдашыла элек.
Эске салсак, 10-октябрда президент Алмазбек Атамбаев менен казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Минсктеги жолугушуусунда Казакстандан Кыргызстанга электр энергия ташуу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылган болчу.

«ТҮНҮ ЖАРЫКТЫ ӨЧҮРҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛУШУБУЗ МҮМКҮН»
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы БАТЫРКУЛ БАЕТОВ электр энергиясына байланыштуу окурмандарыбыздын тынчын алып жаткан суроолорубузга жооп берди:

– 1-октябрдан тартып Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан окурмандарыбыз «жарык күнүнө эскертүүсүз эле 12 саатка чейин өчүрүлүп жатат» деп чалып жатышат. Электр энергиясын өчүрүү аркылуу үнөмдөө, чектөө режими кайсы күндөн тарта киргизилди? Аймактарда электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр боюнча график качан жарыяланат?
– Азыркы убакта республика боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык лимит коюлган, бирок өчүрүүлөрдүн графиги түзүлө элек. Эскертүүсүз өчүрүүлөр учурдагы электр жабдууларынын эскиргендигине байланыштуу же кышка карата оңдоп-түзөө иштеринин жүрүп жаткандыгынан улам болууда.

– Кыштан кыйналбай чыгуу үчүн 2 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясы жетпей жаткандыгы айтылды. Бул тартыштык суткасына канча сааттык өчүрүү болот дегенди билдирет?
– Өкмөт республикадагы дефицитти эске алып, келе жаткан күз-кыш мезгилинен кыйналбай өтүш үчүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын сатып алуу иштерин жүргүзүп жатат. Ошону менен катар ар бир облуска лимит коюлган, ал лимиттер ар бир райондун деңгээлине чейин такталган. Бул иш-чаралар жетиштүү болсо өчүрүүлөрсүз кыштан чыкса болот, жетиштүү болбой калса, түнкү чектөөлөргө барууга аргасыз болобуз.

– Электр энергиясына жана жылытууга тарифтерди жогорулатууда мыйзам бузулганын Бишкек шаарындагы райондор аралык сот аныктады. Энергетика жана өнөр жай министрлиги кийинки инстанцияга кайрыларын маалымдаган болчу. Октябрь айында үч фазалуу абоненттер кайсы тариф менен төлөшөт?
– Азыркы убакта электр жана жылуулук энергиясына 2014-жылдын 17-июнунда бекитилген №336-тарифтик саясат иштеп жатат жана соттун чечими күчүнө киргенге чейин колдонулат. Сот чечими 1 айдын ичинде күчүнө кирмекчи. Ал эми соттун чечимине макул болуу же жогорку инстанцияда талашып-тартышуу маселеси өкмөт тарабынан каралууда.

– Министрлик жогорку инстанцияга кайрылбай турган болуп, Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун чечими күчүндө калды дейли. Үч фазалуу абоненттердин азыркы төлөмдөрү кайрадан эсептелип чыгып, ортодогу айырмачылыкты түзгөн 50 тыйын кайтарылып берилеби?
– Ооба, сөзсүз кайрадан эсептелинип чыгат.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
20.10.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терме тезек келет окшойт
20.10.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле суу жокпу? Мага электр энергиясына болгон бааны которуу учун: "Суу жок, светти очуруп экономдош керек"- деп тээ алыстан башташкандай сезилип жатат. Ушу биздин чон сыяктууларыбыз оз комочторуно кул тартаарда мынча акылдуу да, башкасына келгенде акылдары "отказ" берип калабы деген ойго калдым.
20.10.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдааа "жок-жок", кымбаттайт", "жетпейт" башка соз билбейбиз, деги качан жарыйбыз ыя? Казактарда свет уч эсе кымбат, кантип арзанга кыргыздарга сатат? тушунсом бирдеке болойун
21.10.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир олуп бири калсын!
21.10.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жабдыктар эскиргенин Бакиев 6 5 жыл мурда айтбады беле булар эми акырын башты айландырып эптеп кайра эле ошол нерсеге барат.
23.10.2014. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак уйдун светин 1,ай очургондо бут кыргызстанга жетмек свет
24.10.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сууну бийлик озу сатып жиберип кургакчылыкка шылтап "лапша" илди ишенчээктерге, эми ара кундо, болбосо Кудайдын куттуу куну жарык очурулуп, элге кыйын жашоо келди, ал аздай эми баалар которулот имиш... Кимдин эсинде 2010жылдын башы, ошондо бензиндин баасы 33-34 сомдон 40 сомго которулуп, эл кышы менен жарыксыз тезек жагып кыйналып чыгышкан, отопления, газ жок кабаттуу уйдогулор айрыкча кыйналган жарык да жок суукта калчылдап... Бугунку кун менен Бакиевдин акыркы башкаруу убагы коендой окшош го
25.10.2014. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз кыйратабыз деп келген Ак уй, Кок уйдогу отурган чиновниктер, элди ушундай кризистен сактап калсын, ошондо эл ишенет, жон эле креслодо олтуруп алып кокурок каккылай бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо