СИЗДИ ДАЙЫМА ЧАРЧАТКАН АДАТТАР

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

Жумушта болобу, үйдөбү же эс алуудабы, өзүбүздү чарчаңкы сезген учурлар баарыбызда эле кездешсе керек. Бул бизге билгизбей энергиябызды жутуп алган жаман адаттардын келтирген залалы экенин билесизби?

СПОРТ МЕНЕН МАШЫГЫҢЫЗ!
Көпчүлүк алсырап турган маалда спорт менен машыкпай койсом, ашыкча энергиянын коромжу болушунан сактанам деп ката ойлошот. Окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, анда кеңседе отурган кызматкерлер жумасына үч жолу 20 мүнөттөн спорт менен машыгышкан. Натыйжада мурункуга салыштырмалуу алар өздөрүн сергек сезип, көңүлдөрү ачык жүргөнү байкалган.

СУУ ИЧҮҮДӨН КОРКПОҢУЗ!
Организм белгилүү өлчөмдөн 2 пайыз гана ашыкча суу коротсо, адам өзүн сыгылган лимондой сезип калат. Организмде суунун жетишсиздиги кандын өлчөмүн азайтып, аны коюулантып жиберет. Суунун эч кандай зыяны жок, андыктан суу ичүүдөн коркпоңуз.

ОРГАНИЗМДЕ ТЕМИР ЖЕТИШСИЗ!
Организмде темирдин жетишсиздиги адамдын кыймыл-аракетин жайлатып, көңүл кош болуусуна алып келет. Бат чарчоонун жана аз кандуулуктун алдын алып, курамында темир бар азыктарды колдонуу сунушталат. Темирге бай азыктардын катарына төө буурчак, сабиз, капуста, гречка, жаңгак жана башкалар кирет.

ЖУМУШ КАЧЫП КЕТПЕЙТ!
Бардыгы өз убагында, так, кынтыксыз аткарылышы керек. Бул ураанды кармангандар бир ишти бүтүрөм деп ашыкча энергия коротуп, өзүн өзү чарчатканын байкабай калат дешет окумуштуулар. Кандай жумуш болсо да бүтө турчу мезгили болот. Калган убакытты мээни эс алдырууга арнап, жеке жашоого, жакындарга көбүрөөк көңүл буруу зарыл.

ЧЫМЫНДЫ ТӨӨ КЫЛБАҢЫЗ!
Эгер бардык нерсенин жаман жагын ойлогон адам болсоңуз, сизде өзүңүзгө ишенбөөчүлүк сапат жакшы өөрчүгөн. Коркуу, өзүнө ишенбөө сезими адамды психологиялык жактан алсыратып коёт. Кезектеги жаман ой келе калганда терең дем алып, коркууга, чочулоого негиз бар-жогун тактап алыңыз. Бардык нерсени кара түстө көрүү жарабайт.

ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮ УЧУРУНДА ИШТЕБЕҢИЗ!
Бир жыл бою күткөн эмгек өргүүсү келгенде жумуш эмне экенин унутуңуз. Саякатка чыгыңыз, жаратылыш коюнуна барып эс алыңыз, дос-курбулар менен жолугушуңуз, туугандардыкына конокко барыңыз. Эң негизгиси, үйдө камалып отурбаш керек. Бул учурда сиздин мээңиз, организмиңиз эс алып, энергия топтоп, жумушка жаңы дем менен киришесиз.

ЭРТЕҢ МЕНЕН ТАМАКТАНУУНУ УНУТПАҢЫЗ!
Тамак – организм үчүн күйүүчү майдай. Май түгөнүп калса машина токтоп калган сыяктуу, эртең менен турганда энергия топтош үчүн сөзсүз жеңил тамактанып алуу зарыл.

ИШ ОРДУҢУЗДУ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИҢИЗ!
«Иш столум чачык болуп турса эргүү келет, жакшы идеялар жаралат» деген калпычы ойдон алыс болуңуз. Иш столуңуздун үстүндө өзүңүздөн башканын баары чаржайыт жатса, ал сизди психологиялык жактан чарчатып, мээңиздин маалыматты иштеп чыгуусун жайлатып, оюңузду бир жерге топтоого тоскоол болот. Иш күнү бүткөндө столуңузду иретке келтирип, бардыгын жай-жайына коюп кетсеңиз, таза үйгө барып жагымдуу эс алгандай эле эртеси эртең менен иш күнүңүз жагымдуу башталат.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
27.10.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдо отуруп алып эле алсырап чарчагандарчы?
27.10.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат пайдалуу кенеш берипсиз
29.10.2014. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зор экен, эми ошондой кылам.
29.10.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam Super info men oto unut4ak bolup baratam jawym 26da buga emne sebep jana kak vostanavit pomyat kenew berinzder4ii kutom?
29.10.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulniza1988, саламатсызбы!
Төмөнкү макаланын акыркы бөлүгүндө бул тууралуу жазылган:
http://www.super.kg/article/?article=3389
02.11.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кичине конулумо бир нерсе жакпаса жиндене берем. Ушуну озумда тыя албай койдум
02.11.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир жыл эки айдан бери ,москвада магазинде сатуучу болуп иштеп жатам дем алышы жок.акыркы кундору башым коп оруучу болду.
10.11.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо