БАБАНОВ-ТАШИЕВ: ЖЫЛДЫН «БАШ КОШУУСУ»

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

Тойлорго бай күз мезгили быйылкы жылы өзгөчө окуя менен эсте калмай болду. Апта башында «Республика» жана «Ата Журт» партияларынын биригүүсү расмий түрдө жарыяланып, кечээ эле кыл чайнаша кырчылдашып жүргөн Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев кол алыша, далы тапташа «мындан ары экөөбүз бирбиз» деп, келерки парламенттик шайлоого аттанышты.

ТАНДЕМГЕ ЧЕЙИН...
2010-жылы парламенттик шайлоонун алдында «Республика» жана «Ата Журт» партияларынын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теледебатка чогуу катышып, «сен Максим Бакиевге кызмат кылгансың, жок, сен аны менен кызматташып бизнес кылгансың» деп бирин-бири айыптап, кызуу талаш-тартышка түшүшкөн эле, эми минтип биригип отурушат.
2009-жылдары «Ата Мекен» партиясы менен КСДП биригет» деген пикирлер айтылып, сүйлөшүүлөр болуп, бирок биригүү ишке ашпай калган.
2010-жылдан берки тарыхты алсак, «Ата Журт» буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен биригүү аракетин көргөн. 2012-жылы «Супер-Инфонун» окурмандары менен түз байланышка келгенде «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан
Мадумаров
«Буюрса, биз азыр Ташиев, дагы бир топ азаматтар менен чогуу бирдиктүү бир күчкө бириккени жатабыз. «Адашкандын айыбы жок» дейт. «Ата Журттун» ичинде анча-мынча чырдашкан болсо, жаштык, курч сезимдер менен айтышкан сыяктуу болгондур, балким. Бирок биз келишим түзөрдө партиянын катарын тазалоо маселесин кабыргасынан койдук» деген. Мезгил далилдегендей, ал экөө биригип, күчтүү оппозициялык блокко айлана алышпады. Адахан Мадумаров акыры бийлик менен тил табышып, Түркиядагы тынч, жылуу креслого ээ болуп, учурда ошол иш менен алек.
«Биз бириктик, чогуу иш жүргүзөбүз» дегендердин катарында Мелис Мырзакматов башында турган «Улуттар биримдиги» партиясы менен депутат Бакыт Төрөбаев жетектеген «Өнүгүү» партиясы болду. Мелис Мырзакматов Ош шаарынын башчылыгынан алынганда экөө бириккендигин расмий түрдө жарыялашкан. Экөө ушул жарыя менен гана чектелишти. Кыргыз коомчулугу алардын биргеликте жасаган көрүнүктүү иштерин көргөн жок.
Ал эми «Республика» менен «Ата Журтту» алсак, парламенттеги партиялардын биригүүсү биринчи жолу болуп жатат.

ТАНДЕМДЕН КИЙИН...
Жогорку Кеңешке Бабановдун да, Ташиевдин да партиялары башкаларга салыштырмалуу жеңиштүү келди, атүгүл «Республиканын» лидери премьер болууга, «Ата Журттун» лидерлеринин бири спикер болууга да жетишти. Бирок Бабанов да, Ташиев да ар кандай саясий кырдаалдардын эсебинен борттун сыртында калып кетип, ал эле эмес, партбосстуктан да ажырап кала жаздашты. Учурда Жогорку Кеңештеги «Республика» жана «Ата Журт» эң көп ажырап-чачыраган фракциялар.
Эки саясатчы тең жаш, курч жана амбициялуу. Эмдиги жылкы парламенттик шайлоого карата даярдык көрүүгө киришкен Бабанов менен Ташиевдин тандемине бири-биринин электораты керек. Курултайда айтылган «балдарыбыздын келечеги үчүн бириктик» деген сыяктуу жалындуу сөздөр канча убакытка чейин күчүндө болот, аны келечек көрсөтөт.

Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
27.10.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баш Кошуу- кимиси мальчик кимиси девочка ошондо?
29.10.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Lenin, Экоо тен бакиевские , тут нет разницы кто мальчик кто девочка
27.10.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо тен жаш акылдуу, кучтуу, абройлуу, саясатчылар куч бирдикте демекчи биригип баарын женсин эми окмотту да тазалашсын, балким чокуга да жетишеттир! Ийгилик силерге жакшы иштешинерди каалайм!!!
27.10.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар...
27.10.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга,эл уулдары. Ийгилик жана жениш коштосун. Эл унун угуп,кызмат кылгыла. Элдин калканы жана кылычы болгула. Азаматсынар!
27.10.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайдаан. ашып кетсе бир жыл. андан кийин ал миткен бул тигинткен деп чыга келишет. Ээх кыргыз элитасы ушунча булганды...
29.10.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыйратат. Бабанов, бая АКБ банкынын канча пайызын Максимге берип аны багып атасын? Эсиндеби Максим тартып алып сага каттатып койгонун? Эгер билесинер АКБ Кыргызстан баркы азыр Максимгди багып атат. Ташиевге соз жок , жон ХХХ бир ХХХ ХХХ ХХХ деген экен. Экоо тен бакиевтин кишилери
Модератор admin_superstan түзөттү 29.10.2014 10:37
29.10.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Murok, этика нормаларын сактаңыз!
29.10.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
admin_superstan, ну да конечно,сорри , банга айдайт го деп ойлоп аткам )))
31.10.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча электр энергиясын ушул экоо кымбаттатып жатышат,,,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо