БИР БҮРКҮМ

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

  • «Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бала бакчаларга балдарды кабыл алуу ЭЛЕКТРОНДУК жол менен жүргүзүлө баштайт»,- деди аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов.
  • Ички иштер министри МЕЛИС ТУРГАНБАЕВДИН сокур ичегисине операция жасалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирип, министрдин эч кандай ууланбаганын кошумчалады.
  • Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыповдун айтымында, «КАРА-КЕЧЕ» көмүр кенинде жакынкы убакта оор жүк ташуучу унаалардын жүгүн таразалай турган жабдуу коюлат. Бул айдоочуларга уруксат берилген салмактан ашып, айып пул төлөп калбашына жардам берет.
  • Ош шаарынын №5-тергөө абагынын башчысы Абдыкадыр Асанов 20-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Ал ИИМ башчысынын түштүк аймагы боюнча орун басары КУРСАН АСАНОВДУН бир тууганы.
  • Жыл башында ДОЛЛАРДЫН КУРСУ сомго карата 49 сом 18 тыйынды түзүп, 23-октябрга карата долларды сатуу 56 сомго өсүп жетти.
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош шаарынын кире беришиндеги айланма жолду кеңейтүү үчүн экс-мэр МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ орноткон Барсбек кагандын эстелигин башка жакка жылдырууну сунуштоодо.
     
  • Өкмөттүн аппаратына ай сайын Жогорку Кеңештин депутаттарынан 100дөн ашуун, жылына 1 миңдей СУРОО-ТАЛАП түшөт.
  • Бишкектин мэри КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ: «Таштандыны тазалоо үчүн шаардыктардын үчтөн бири гана төлөм акыны беришет»,- деди.
  • Оштун вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, ОШ ШААРЫНДА 23-октябрдан тартып жер тамда жашагандарга түнкү убакытта электр энергиясын мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр киргизилет.
  • Бишкектин мэриясы каттамдагы кичи автобустарда жүрүү акысын жогорулатуу сунушу боюнча Экономика министрлигинин бүтүмүн күтүп жатат. ЖОЛ КИРЕ акысы инфляцияны эске алуу менен 2 сомго кымбаттамай болууда.
  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН депутаттары 27-31-октябрь күндөрү аймактарда иш алып барышат.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мектептерде КЫШКЫ КАНИКУЛ жазгы каникулдун эсебинен 3 күнгө узартылат. Окуучулар 2014-жылдын 29-декабрынан 2015-жылдын 18-январына чейин эс алууда болушат. Ал эми окуу жылы 29-майда аягына чыгат.

Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
27.10.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba.kq8705, саламатсызбы!
Катачылык түзөтүлдү. Рахмат!
27.10.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барсбектин эстелигин жылдырып не пайда тобоо бекер эле личный расход... турган нерсе тура берсе болбойбу. Биздикилер озу бузуку да созсуз бир деме кылып туруш керек.
27.10.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эстеликти жылдыргандан башка ишинер жокпу? биздин чондор оздору эстелик тургузбайт, тургузуп койгонду бузганга маш...
27.10.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолду кеңейтпей көпүрөнү бүтүрүп алышпайбы!?,.........
27.10.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эстелике тийишпей копурону бутурчу урматуу министир!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо