«ЭКИ МҮЙҮЗДҮҮ ЖАТЫН ДЕГЕН ЭМНЕ?»

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

– Турмушка чыкканыма 6 айдай болду. Өткөндө талгактын белгилери сезилгендей болгонунан УЗИге түшүп текшерилдим. Жыйынтыгында боюмда жок экени аныкталды. Бирок мага «тубаса жатын патологиясы менен төрөлүпсүң, башкача айтканда, сеники эки мүйүздүү жатын экен» дешти. Андыктан, эки мүйүздүү жатын деген эмне, төрөсө болобу деген суроолорго жооп алгым келет. Жатындын дагы биз билбеген кандай түрлөрү болушу мүмкүн?

Айзуура, 27 жашта, Ош шаары

– Жатын кемтиктеринин бири – эки мүйүздүү жатын. Аты айтып тургандай, жатын экиге бөлүнүп турат жана көрүнүшү мүйүз сымал. Кө­бүнчө булардын бири толук жетилип, экинчиси өспөй калган болот. Мындай диагноз менен кайрылганда айрым гинеколог-хирургдар жатындын бирин алып салууну сунушташат. Бирок бул туура эмес. Анткени кесип алып салганда ордунда тырык калат. Бойго бүтүп, бала чоңоюп жетилсе, баягы тырыкка күч келип, ичкерип, созулуп айрылат да, эне менен баланын өмүрү коркунучта калат.
Эки мүйүздүү жатындын өсүп жетилген жагында бойго бүтө берет, бала деле өсүп чоңоёт. Бирок төрөткө келгенде маселелер жаралат, андыктан бала жетилгенде операция жолу менен төрөтүү керектелет. Менин тажрыйбам­да 3 аял ушул диагноз менен төрөдү. Болгону бойго бү­түрүүдөн мурун жана кийин врачтын көзөмөлүндө болуп, текшерилип туруу кажет.
Айрым учурда эки мүйүз­дүү жатындын экөө тең өсүп жетилбей калган учурлары кездешет. Андайда этек кир да келбейт, бойго да бүтпөйт.
Жатын кемтиктеринин дагы бири – ээр сымал кө­рүнүштөгү жатын. Мунун жеңил жана оор өзгөргөн түрү бар. Жеңил түрүндө айымдын ден соолугу чың болсо, анда турмушка чыккандан кийин боюнда көтөрүп, өздөрү төрөп алышат. Кокус аларда анемия, бөйрөк оорулары болсо, анда кош бойлуу кезинде баланын ичтен козголуусу же эрте төрөп коюу мүмкүн. Андыктан баары ден соолукка байланыштуу.
Эми өспөй, жетилбей калган жатынга келсек. Кыз чо­ңойгон сайын анын бардык органдары, анын ичинде жыныстык органдары да өсүп жетиле баштайт. Бирок көбүнчө вирустук жугуштуу оорулардын айынан, жыныс органдарын сууктан улам сезгендирип алуудан, анемиянын оор түрүнөн жатын толук өспөй калуусу мүмкүн. Демейде мындайда этек кирдин келүүсү бузулган болот. Жетилбей калган жатындын 3 түрү бар: жеңил, орточо жана оор түрү. Жеңил түрүндө гормондор, витаминдер жана башкаларды жазып берип, жакшылап көзөмөлдөп, жатындын өсүүсүн камсыз­даса болот. Берки эки түрүн­дө жыйынтыктын чыгышы кү­мөн.

Сиздердин сурооңуздарга Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор МАКЕН МУСУРАЛИЕВ жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
27.10.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургур десе.
27.10.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катын албай жатын ал деген экен
27.10.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Erkin.kg, жатын ал эмес. "Катын албай кайын ал" деген соз бар.
27.10.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belka, катын алсан отун ал, деген да бар
27.10.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катын алабы же Отун алабы айтор Жатын бузук болбоосу керек го...
28.10.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайда болушу мумкунбу аа?
28.10.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын,балалуу болбой калыштан.
28.10.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да балалу боло албай журом. Келинчегимдин маткасы детский дейт ал канча айда жетилет болду экен?
29.10.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubzero, менин бир досумда болтуралбай журот ушу жонундо маалымат жазып койушса жакшы болмок
28.10.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Menin da bir jenem turmuw kurup,jyldar otso da baikem ekoo balaluu boluwa albai juruwtu,,biwkekte,moskvada darylandy jenem da detski matka eken,owentip 5jyl otup e4 mainap 4ykpaganda ekoo ajyrawuunu 4e4iwip moskvadan kgge kelse uje jenem bouna butup kalyptyr,azr jakynda balaluu boluwtu.owo kudaidan tilep,sabyr kylnz Kubzero..
28.10.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulniza1988, Рахмат!
29.10.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dokturdan ele surabaiby surooloru bolso.Kyzyk.
29.10.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары Аллахтан! Сабыр кылгыла туугандар!
29.10.2014. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз да 1 жарым жыл балалуу боло албай кыйналдык анан москвага аба алмаштырганы атайын бардык баргандан кийин 2 айдан кийин боюма бутту кыргызтанга кайтып келип Аман эсен коз жарып алдым кудайга шугур сабырдын тубу Сары алтын
30.10.2014. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охоо ооруунун да туру коп экен. бир синдим да боюна болбой журот текшериниш керек экен. дал келуулор бар экен.
01.11.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men medik katary aitarym balaluu bolo albai jurgon musulman bir tuugandarda bul jerde aialdan ele emes erkekten da ar kandai bolot.Owondukton ekobu ten vrachka tekweriluusu kerek!
02.11.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына сага кызыктар! баласыз кантип кун отсун, баарынар балдан ширин балалуу болушунарды каалаймын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо